Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 15.01.2020

HRW кыргыз бийлигин Азимжан Аскаров боюнча сындады

Azattyk.org 

«Human Rights Watch» эл аралык уюму дүйнөнүн 100дөй өлкөсүндөгү адам укуктары жаатындагы абал боюнча кезектеги баяндамасын жарыялады. Документтин Кыргызстанга арналган бөлүгүндө жарандардын тынч жыйындарга чогулуу укугу жалпысынан сакталып жатканы көрсөтүлгөн. Бирок «2017-жылдан бери бийликте турган Сооронбай Жээнбековдун тушунда соттор Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча комитетинин укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотуу тууралуу сунушун да эске алган жок» деп жазылган. Баяндамада... Читать дальше...

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме болот

Azattyk.org 

16-январда Бактен шаарында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков чек ара маселелери боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин, Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин катышуусундагы координациялык кеңешме өткөрөт. Кеңешмеде коңшу өлкөгө чектеш жайгашкан аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу, облустун социалдык-экономикалык өнүгүшү боюнча маселелер талкууланат. Ошондой эле тажик... Читать дальше...

Мигрант айылына мектеп салып берди

Azattyk.org 

Базар-Коргон районунун Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участкасында башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп ачылды. 180 окуучуга ылайыкташкан бул мектепте эми кызылалмалык 1-класстан 4-класска чейинки курактагы балдар окуй башташат. Мектеп ашар жолу менен курулуп, чыгымдарын ишкердик менен алектенген жергиликтүү эмгек мигранты каржылады.

Баткенде митингге чыккандарды милиция таркатып жатат

Azattyk.org 

Баткен шаарында Баткен районунун Көк-Таш айылында 11-январда кармалган төрт кишини бошотууну талап кылган митинг өтүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкттын» аймактагы кабарчысы билдирди. Анын маалыматына караганда, нааразылык акциясына чыккандар менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов чыгып жолукту, бирок эл дагы эле тарабай турат. Милиция митинг үчүн берилген убакыт бүткөнүн айтып элди таратып жатат. Баткен облустук милициясы төрт киши былтыр 18-декабрда... Читать дальше...

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 16-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5; Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6; Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1; Ошто жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз -4…+1; Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5; Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9; Бийик тоолуу райондордо -24…-29... Читать дальше...

Кыргызстан Тажикстан менен жер алмашууну изилдеп баштады

Azattyk.org 

14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү болуп, алты маселе камтылган протоколго кол коюлган.



Ала-Бука: акчалуу айылдагы курулуш чыры

Azattyk.org 

Ала-Бука районунда бир эле жылда 73 млн. сомдон ашык 6 объектини куруш үчүн тендерден утуп алган «Некст-Строй» компаниясы мөөнөтү аяктаганына карабай курулуштарын бүтүрө элек.

ИИМ: Үй-бүлөдөгү зомбулуктун 70% ичимдиктен болот

Azattyk.org 

Ички иштер министринин орун басары Памир Асановдун маалыматына караганда, үй-бүлөдө чыр-чатак ичимдик ичип алгандан улам чыгат жана аялдарга карата зомбулуктун көбү да ушуга байланыштуу. Бул тууралуу ал 15-январда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты. - 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 8159 арыз катталган. Анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган. Азыр 560 иш тергелип жатат. Ичимдиктен улам 4272 үй-бүлөлүк зомбулук болгон. Читать дальше...

Сириялык 1312 качкын өз үйүнө кайтты

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын Сириядагы касташкан тараптарды элдештирүү борбору кошуна өлкөлөрдөн 1312 сириялык качкын өз үйүнө кайтып келгенин маалымдады.

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК айыл жергесиндеги өндүрүшчүлөрдүн долбоорлорун колдоону улантат

Ca-irnews.com (kg) 

«Айыл банк» ААК жана «РСК Банк» ААК жетекчилери бүгүн, 14-январда, айыл чарба, кайра иштетүү жана өнөр жай тармактарындагы долбоорлорду колдоо жана каржылоо улантылары жөнүндө айтып беришти.

Чек ара боюнча акцияга чыккандар бийликке алты талап коюшту

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин алдында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган Көк-Таш айылынын төрт тургунун бошотуу тууралуу талап менен нааразылык акциясы өтүп жатат. «Чек ара» коомдук бирикмесинин мүчөсү Бекназар Айталиев акцияга чыккандар бийликке алты талап коюп жатышканын жарыялады.  - Президент чек ара маселесин көтөрүп жер-жерден келген жарандарды кабыл алсын. Баткенде жалган жалаа менен кармалган төрт киши тез арада бошотулсун. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында алмашылчу жерлер аныкталат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 14-январда кыргыз-тажик чек арасында «Кызыл-Бел» жана «Гүлистон» көзөмөл-өткөрмө жайларынын аймагында эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында кол коюлган протокол боюнча кененирээк маалымат таратты. Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринде аймактарды аныктоо иштерин улантууну жандантуу боюнча пикир алмашылды. Анын жыйынтыгында алты маселени камтыган протоколго кол коюлду. Анын алкагында:  1. Укуктук жумушчу... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча сүйлөшүү аяктады

Ca-irnews.com (kg) 

Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү 14-январда түнкү саат 11:30да аяктады.

Коррупция боюнча шектүү жетекчи ооруп калды

Azattyk.org 

Мамлекеттик миграция кызматындагы борбордун жетекчиси Бахтияр Төлөновду эки айга камакка алуу жөнүндө чечим чыкты. Бирок ал тергөө абагына камалбастан, саламаттыгына байланыштуу ооруканага жаткырылганы кабарланды.

Төрөбаев: чек ара боюнча өкмөт парламентке даярданып келсин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча өкмөт чабал иштеп жатканын айтып, аны сынга алды. Бул тууралуу ал парламенттин 15-январдагы жыйынында билдирди. Депутат 2019-жылы Жогорку Кеңеш чек ара маселесин бир нече жолу талкуулаганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады. - Кийинки жумада чек ара маселесин дагы талкуулайбыз. Баягы эле сөз, эч нерсе чечилбейт. Өкмөт так план, стратегия менен келип Баткенге канча акча бөлүнгөнүн айтышы керек. Коалицияны уят кылып, президентти артка тартып жатасыңар. Читать дальше...

Жаңыдан депутат болуп келген Сыдыгалиев ант берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеӊеште «Ата Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Нурбек Сыдыгалиев ант берип, өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Алмамбет Шыкмаматовдун ордуна келди. Шыкмаматов 27-декабрда «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигинен кетип, мандатын тапшырган жана партиянын да курамынан чыкканын жарыялаган. Ал муну «Ата Мекен» партиянсынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мамилеси бузулганы менен байланыштырган. Читать дальше...

Жаз ырчысы Нургиз Чекилова каза болду

Azattyk.org 

Туугандарынын маалыматына караганда, ырчы оорудан улам көз жумган. Былтыр анын жакындары жана кесиптештери ырчынын дарылануусуна акча чогултуу максатында кайрымдуулук концертин өткөрүшкөн.  Нургиз Чекилова - «Элес» тобунун солисти, белгилүү музыкант Адил Чекиловдун карындашы.  Өсмө (рак) оорусунан 2018-жылы белгилүү алып баруучу Салтанат Саматова да дүйнөдөн кайткан эле.

Алмазбек Атамбаев 15-мартка чейин камакта калды

Azattyk.org 

Биринчи май райондук сотунун көчмө соту УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн эки айга узартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Адвокат сот чечимин жокко чыгаруу боюнча жогорку инстанцияга кайрыларын айтты.  Атамбаевдин адвокаттары анын саламаттыгына байланыштуу тергөө абагына кармоого мүмкүн эмес экенин да айтып жатышат.  Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *