Жогорку Кеңеш инклюзивдүү билим берүү боюнча мыйзам долбоорун карайт
Парламент бүгүнкү отурумунда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды жалпы билим берүүчү мектептерде окутуу маселесине багытталган мыйзам долбоорун карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мыйзамдын демилгечиси, депутат Дастан Бекешев билдирди: - Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды башка теңтуштары менен кошуп окутуу боюнча демилгени мен көтөрүп чыккам. Анткени бул андай балдардын коомдо өзүн кадимкидей сезип чоңоюшуна өбөлгө түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул алда качан эле ишке ашкан. Өкмөт азырынча буга даяр эмес экенин билдирүүдө. Читать дальше...