Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 23.01.2020

Элибиз эс алганды үйрөнө баштады

Azattyk.org 

Акыркы эки жылдан бери Каракол тоо лыжа базасына келген эс алуучулардын 90 пайызын кыргызстандыктар түзүп жатат. Тоо лыжа базасынын башчысы Валерий Буйковдун ырасташынча, мындай көрсөткүчтөр менен үч жылдан кийин Каракол тыштан келген эс алуучуларга көз каранды болбой калат.

АКШ Касем Сулейманинин ордуна дайындалган жаңы генералды өлтүрөбүз деп коркутту

Ca-irnews.com (kg) 

АКШнын Иран боюнча атайын өкүлү Брайан Хук Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун “Кудс” атайын аскер бөлүгүнүн жаңы кол башчысы Исмаил Каани генерал Касем Сулейманинин жолун жолдой турган болсо, анда аны дагы ошол эле тагдыр күтүп турат деп билдирди.

Көркөм өнөр музейиндеги чыгармаларды эми Интернеттен көрсө болот

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейиндеги миңдеген чыгармаларды эми Интернеттен көрүүгө болот. Бүгүн музей жаңы көркөм онлайн-галереясынын бет ачарын өткөрүп жатат. Долбоорду ишке ашырууга «Сорос-Кыргызстан» фонду жардам кылды. 4000ден ашуун живопись жана 1000ге чукул скульптура эмгектерин Маданият жана искусство боюнча Борбор Азия түйүнү санарипке өткөрүп берди. Адистер соңку жылдары музейге көрүүчү келбей калганын, элдин баары заманбап гаджет көтөрүп жүргөнүн, андыктан... Читать дальше...

Бектин “бакыт кушу”

Azattyk.org 

13 жаштагы өзгөчө бала Бектин көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде бир ай болду. Көргөзмөгө Бек 4 жаштан баштап тарткан эмгектери коюлду. Өспүрүмдүн энесинин айтымында, уулунун өнүгүүсү башка балдарга окшошпогондуктан азыр да мугалимдер кодулаган учурлар бар. Бек – Кыргыз эл акыны Рамис Рыскуловдун небереси.

Кыргыз келиндеринин ыйы

Azattyk.org 

Айрым кыргыз кыз-келиндеринин турмуштан тарткан азабы жөнүндө акын Шайлообек Дүйшеевдин ой толгоосу.

Текебаев менен Чотоновдун сотунда «Нур-Телекомдун» өкүлү көрсөтмө берди

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-январда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум болду. Жараянда «Нур-Телеком» компаниясынын коммерциялык директору Максим Сидеронко көрсөтмө берди. Ал Алексей Модин ага «Мегаком» ишканасына келип иштөөнү сунуш кылганын, өзү «Мегакомго» директор болорун айтканын билдирди:  - Ал директор болгону жатканын, негизги кызматта отурган адамдар анын бизнесине жардам бериши керек экенин айтты. Читать дальше...



Трамп менен Салих АКШ аскерлери Иракта кала бериши керек деп макулдашты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Ирактын мамлекет башчысы Бархам Салих менен жолугушууда америкалык аскерлер Жакынкы Чыгыштагы ал өлкөдө кала берүүгө тийиш деген орток пикирге келишти. Швейцариянын Давос шаарында өткөн кездешүү тууралуу Ак үй билдирди. «Лидерлер АКШ-Ирак экономикалык жана коопсуздук кызматташтыгынын, «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы күрөштүн маанилүүлүгүнө токтолушту», - деп айтылат билдирүүдө. Президенттер ирандык жогорку генерал Касем Сулеймани Багдаддын четинде өлтүрүлгөндөн бери биринчи жолу жолугушту. Читать дальше...

Орусияда үч кыргызстандык жол кырсыгынан каза тапты

Azattyk.org 

Орусияда жол кырсыгынан каза болгон үч кыргызстандыктын аты-жөнү аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, каргашалуу окуя 22-январдын кечинде Челябинск-Троицк федералдык автожолунун 117-чакырымында болгон. Маркумдардын сөөгү Челябинск шаарындагы өлүкканада. Биринин туугандары ошол жерде, калгандарынын жакындарын издөө иши жүрүп жатат. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген. Читать дальше...

24-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

24-январда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9; Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз 3…8; Баткенде... Читать дальше...

Иерусалимде Освенцимдин курмандыктары эскерилүүдө

Azattyk.org 

Освенцим концлагери бошотулганынын 75 жылдыгын эскериш үчүн Иерусалимге ондогон өлкөлөрдүн жетекчилери чогулушту. Иерусалимдеги мемориалдык комплекстеги иш-чарага Орусиянын, Франциянын, Германиянын, Италиянын жана Австриянын президенттери, Британ ханзадасы, АКШнын вице-президенти жана башка жогорку жетекчилер катышууда. Холокосттун курмандыктарын эскерүү менен катар лидерлер бүгүнкү күндөгү антисемитизмге каршы туруу маселесине да кайрылышмакчы. Польшанын президенти Анджей Дуда ага иш-чарада сөз берилбей турганына нааразы болуп... Читать дальше...

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык топторунун жыйыны өтүп жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын топографиялык жумуш топтору биргелешкен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул максатта Тажикстандын делегациясы иш сапары менен Бишкекке келгенин кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Топографиялык топторго Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды 1-мартка чейин иштеп чыгуу тапшырылган. Эки өлкө чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди... Читать дальше...

ТИМ: АКШга визалык чектөө маселеси элчи менен талкууланды

Azattyk.org 

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу Кошмо Штаттар кыргыз жарандарына визалык чектөө киргизгени жатканы жөнүндөгү маалыматты тастыктаган жок. Бул тууралуу 23-январда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдиргенин улуттук «Кабар» агенттиги маалымдады. Элчи 22-январда министрликке чакыртылганы белгилүү болду. - Америка тарап, элчи мырза бул маалыматты азырынча тастыктаган жок. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Эгер чектөө тууралуу чечим кабыл алынса терс кесепет болоруна, залакасы Кыргызстандын катардагы жарандарына тиерине көңүл бурдук... Читать дальше...

ЕАЭБдин кызыгынан кыйынчылыгы көп

Azattyk.org 

Акыркы күндөрү Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында Орусия менен Беларустун мунайга байланышкан мамилелери, казак-кыргыз чек арасындагы кырдаал бул уюмдун тегерегиндеги талкууга кайрадан жем таштады.

Түркиянын айрым аймактарында жер силкинди

Azattyk.org 

22-январда түн ичинде Түркиянын Маниса аймагында күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Маниса аймагы менен чектеш Измир шаарында да сезилди. Маниса губернаторлугунун билдирүүсүнө ылайык, аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандар катталган жок. Түркиянын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-январда саат 06.54тө Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында күчү 4,5 балга жеткен дагы бир жер титирөө катталган. Анкара губернаторлугунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, андан эч ким жабыркаган жок. Читать дальше...

Чүй милициясы: Окуучу кыздар уурдалганы жөнүндө кабар тастыктала элек

Azattyk.org 

Чүйдүн Эркин-Сай айылында эки окуучу кызды уурдоо аракети болгону жөнүндө маалымат текшерилип жатат, бирок тастыктала элек. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.  Мекеменин маалыматына караганда, 22-январда Панфилов районунун ички иштер башкармалыгына белгисиз бирөөлөр эки кичине кызды машинеге салып кетүүгө аракет кылганы тууралуу кабар түшкөн. Бирок кыздардын өздөрүн суракка алганда алардын айткандары эки башка чыгып жатат. «Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Читать дальше...

Трамптын «виза опузасы» жана кыргыздар

Azattyk.org 

АКШдагы бир нече маалымат каражаттары президент Трамптын администрациясы жети мамлекеттин, анын ичинде Кыргызстан менен Беларустун да жарандарынын Кошмо Штаттарга киришин чектеши мүмкүн экенин жазып чыгышты. Бул маалымат эки өлкөнүн саясат таануучуларын таң калтырбай койгон жок.

Өзбекстандын каарына калган Камаловдор

Azattyk.org 

25-январда Өзбекстандын министрлер кабинетине караштуу Дин иштери боюнча комитет тыюу салынган адабияттардын жана сайттардын 40 барактан турган жаңы тизмесин бекитти. Ал тизмеге Ош облусунун Кара-Суу районунан чыккан имамдар, ата-бала Камаловдор да кошулган.

Депутат Бакиров: жашоосуна нааразы кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жашоосуна нааразы болгон кыргызстандыктарды Памирге жөнөтүш керек деп эсептейт. Мындай оюн ал 23-январда парламенттин жалпы жыйынында Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга колдоо көрсөтүү маселесин көтөрүп жатып айтты: - Кыргызстандагы бүгүнкү реалдуу турмушка нааразы болгон тараптарды ошол жерге бир жумага жөнөтүш керек. Кандай оор турмушту башынан кечирип жатышканын көзү менен көрүп, жон териси менен сезип келсе, мүмкүн турмушка көз карашы өзгөрөт.... Читать дальше...

Кумтөр кенинде ишти улантууга уруксат берилди

Azattyk.org 

«Кумтөр Голд» компаниясы тоо-өндүрүш иштерин улантууга уруксат алды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна ишкананын кесиптик кошуунунун төрагасы Калысбек Рыспаев билдирди. Анын айтымында, ишкана 2020-жылга Кумтөр кенинде тоо иштерин жүргүзүү планын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет менен макулдашты: - Келе турган жуманын башында жумуш толугу менен жүрөт буюрса. Азыр 600гө жакын киши жумушка убактылуу чыкпай турат. Карьер такыр токтоп калбашы үчүн минимум иштер жүрүүдө. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *