Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 29.01.2020

Матраимовдордун үй-бүлөсү 24.kg сайтына койгон акчалай доосунан баш тартты

Azattyk.org 

Бул тууралуу журналисттерге Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз билдирди. Анын маалыматына караганда, сайтка коюлган 15 млн. сом материалдык доо артка алынды, бирок арыздын өзү калды.  - Биз 24.kgнин юристтери, редакторлору менен сүйлөшүп макулдашууга келгенбиз. Алар «бизде далил жок. Биз иликтөөнүн автору эмеспиз» деп өз эрки менен маалымат жарыялашты. Биз «фактыларды көрсөткүлө же фактыңар жок болсо ачык айткыла» деп айтканбыз. Ошондуктан биз доону чакыртып алуу боюнча сотко өтүнүч келтирип, судья аны карап жатат, - деди Канатбек Азиз.

Кыргызстандагы 300 сомдук жөлөкпулду 123 жумушсуз киши алат

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартов парламент жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өлкө боюнча жумушсуз катары расмий каттоодо тургандардын ичинен 123 жаран 300 сомдон жөлөк пул аларын билдирди. Депутат Руслан Казакбаев өлкө ичинде жумушсуздар жылына 30% көбөйүп жатканын белгилеп, замапбап кесипке адистерди даярдаш керек экенин айтты:  - 300 сомдон алган туура эмес. Жылына бөлүнгөн 5 млн. сомду андан көрө майыптарга, пенсияга бөлгүлө. Дени сак уул-кыздарга 300 сомдон берген туура эмес. Читать дальше...

Сиз музейге барбасаңыз музей сизге барат

Azattyk.org 

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги экспонаттар санарипке өткөрүлүүдө. Учурда искусство ышкыбоздору музейдин Интернеттеги баракчасынан миңдеген живопись жана скульптура боюнча шедеврлерди үйдө жатып алып, онлайн режиминде көрсө болот.



Ош шаарына Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинен делегация келди

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 29-январь, 2020-жыл. /ca-irnews.com/. Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров «Primary Health Care» улуттук ассоциациясынын президенти Толебай Рахыпбеков баштаган Казакстандын саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен жолукту.

Кыргызстанда IT тармагы жанданды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын мүчөлөрү 2019-жылы дээрлик бир миллиард сомго жакын киреше менен чыкты. Бул мурдагы жылга караганда эки эсе көп.

Арапбаев: ЕАЭБде 4-5 мафиоздук орган иштеп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев кыргыз ишкерлери жүк ташууда Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматы тарабынан тоскоолдуктарга учурап жатканын айтып чыкты. Эл өкүлүнүн айтымында, коңшу өлкөнүн текшерүү органдары жүк өткөрүш үчүн акча доолап жатат.  - Бүт күч-аракетибизди Казакстандын Салык инспециясы менен Чек ара кызматын байытууга жумшап жатабыз, - деди ал. - Кыргыз ишкерлери өз товарларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жөнөтүш үчүн ошол жерде товарына карап 500дөн 5000 долларга чейин берип атышат. Читать дальше...

Жаңы котормо: Жон Кеннеди баалаган каарман сенаторлор

Azattyk.org 

Америкада жана дүйнөдө каармандар барбы, деги? АКШнын 35-президенти Жон Фицжералд Кеннеди 1956-ж. сенатор кезинде жарыялаган «Каармандык өрнөктөрү» китеби коомдогу каармандык тууралуу жаңы өңүттө ойлонууга түртөт. Тарыхчы жана котормочунун блогу.

Парламентте Ухандагы кыргыздарды алып келүү маселеси көтөрүлдү (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-январдагы жыйынында депутат Бакыт Төрөбаев Кытайдын Ухань шаарындагы кыргызстандык студенттер менен сүйлөшкөнүн, өкмөт аларды алып чыгып кетүүгө аракет кылыш керек экенин билдирди:  -  Алар Ухань шаарындагы изолятордо калды, чыга албай жатышат. Азыр башка мамлекеттер да алып чыгып кетүүгө аракет кылып жатышат. Айрыкча жакшы аракет кылып жаткандар коңшу мамлекеттер болуп жатат. Алар менен сүйлөшүп эгерде уруксат берилсе чогуу алып чыгып кетсек жакшы болмок. Депутаттын айтымында... Читать дальше...

Чуу жараткан судьялар

Azattyk.org 

Жыл башында эле ишиндеги кемчиликтери үчүн жана коомдогу сын пикирлерден улам бир судья кызматтан кетип, дагы бирин жумуштан алуу боюнча сунуш президенттин кароосунда турат.

Кытайда коркунучтуу вирустан 132 адам өлдү

Azattyk.org 

Кытайдын Саламаттык сактоо комиссиясы 28-январда коронавирусту 5 974 адам жугузуп алганы аныкталганын билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жалпысынан 29 233 адам ушул вирусту жугузуп алган деп шек саналууда.  Кытай бийлиги оорунун очогу Хубей провинциясына карантин жарыялаган. Өпкөнү сезгенткен оору бул аймактагы 11 млн. эли бар Ухань шаарында былтыр декабрда катталган.  Айрым мамлекеттер аймактагы жарандарын алып кетишүүдө. 28-январда америкалык жарандар отурган учак Аляскага конду, ал жерде вируска кошумча текшерүү болот. Читать дальше...

Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелүүдө

Azattyk.org 

Казакстанда Кытайдан келген дагы беш киши вирустук инфекцияга шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин билдирди. - Буга чейин ооруканага жаткырылган төрт кишинин экөөсү үйлөрүнө кое берилди. Жаңы эле курч респиратордук вирустук инфекция жуктуруп алган деген шек менен Алматыда бир адам, Акмоло облусунда төрт кишиден турган бир үй-бүлө ооруканага жеткирилгендиги тууралуу кабар келди. Алар да буга чейин Кытайда болуп келишкен, - деди Бекшин. Читать дальше...

ИМ тобунун согушкери Саидрахмонов Сириядан Тажикстанга экстрадицияланат

Azattyk.org 

«Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун идеяларын жайылтуучу жана тажик согушкери Парвиз Саидрахмонов («Абу Довуд») жакынкы күндөрү Сириядан мекенине алып келинет. Бул тууралуу 28-январда Тажикстан Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Музаффар Юсуфи билдирди. Анын айтымында, буга керектүү бардык документтер даярдалып бүттү. - Бул маселе оң жагына чечилип, жакынкы күндөрү ал Тажикстанга жеткирилет деп үмүттөнүп жатабыз. Саидрахмоновдон тышкары тажик жарандарын террордук уюмдардын катарына азгырган... Читать дальше...

Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы ачык реакция жаратты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планы Европа мамлекеттери менен Бириккен Улуттар Уюмунун ачык реакциясын жана негизги мусулман өлкөлөрдүн каршы пикирин жаратты Трамп менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул планды бир нече саат мурда жарыялашты. Кошмо Штаттардын президенти билдиргендей, Израилдин борбору “бөлүнгүс” Иерусалимде болушу шарт: -Бул тынчтык планы буга чейинки сунуштардан түп-тамыры менен айырмаланып турат. Мурдагылар анча олутту эмес... Читать дальше...

Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңеш жыйынын чечимине кол койду

Azattyk.org 

24-январда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимде "Айрым мамлекеттик органдарга терең кирген коррупция, мамлекеттик органдардын натыйжасыз өз ара кызматташуу, арасындагы так координациялоонун жоктугу, мамлекеттик, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине кийлигишүүсү жана башка түрдүү терс факторлор өлкөнүн өнүгүшүнө бир нече жылдар бою терс таасирин тийгизип келди. Бул бир эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына гана эмес, экономикалык тармактарга да таасир тийгизди" деп жазылган. Читать дальше...

Матраимовдордун доосу боюнча соттук териштирүү уланат

Azattyk.org 

29-январда Бишкектин Свердлов райондук соту Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «Азаттык» радиосуна, кабарчы Али Токтакуновго, «Kloop.kg» жана «24.kg» сайттарына каршы жазган доо арызы боюнча ишти кароону улантат. Анда Матраимовдордун «24.kg» сайтына койгон доосунан баш тартуу жөнүндө арызы каралат. Бул тууралуу Матраимовдордун адвокаты Канатбек Азиз билдирди. 27-январда аталган агенттик сайтына «Бизде Матраимовдордун аткезчиликке тиешеси тууралуу далилдер жок» деген кабар чыгарган. 20-январдагы соттук... Читать дальше...

Ооганстандагы учактын кыйрашынын себептери иликтенүүдө

Azattyk.org 

Пентагон 28-январда тараткан билдирүүсүндө учактын кара кутусу табылганы, мындан тышкары учак аткыланбаганы аныкталганы айтылган. Талибдер мурдараак Газниде америкалык аскер учагын атып түшүрүшкөнүн маалымдашкан эле.  Билдирүүдө экипаждын эки мүчөсүнүн сөөгү табылганы да кабарланган.  Мурдараак кыйроо болгон Газни провинциясынын полиция башчысы Халед Вардак Кошмо Штаттардын аскерлери сөөктөрдү тик учакка жүктөп жатканда айлана-тегеректи ооган коопсуздук күчтөрү кайтарып турушканын айткан эле. Читать дальше...

Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип жаткан келиндин соту башталат

Azattyk.org 

Ишти Ош шаардык соту карайт. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, келинге Кылмыш кодексинин 134; 3.1 (адамдын саламаттыгына өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган: -Бул окуя боюнча жазган маалымат каражаттары да бир жактуу аны айыптап жатышат. Аны күйөөсү дайыма уруп-сабаганы, келин өзүн коргоо үчүн аргасыздан күйөөсүн темир союл менен башка чабууга мажбур болгону тууралуу эч жерде айтылбайт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *