Энелердин эстен кеткис түйшүгү
“Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында төрөттөн кийин аялдар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык.
“Эже-сиңдилер” көрсөтүүсүнүн бул жолку чыгарылышында төрөттөн кийин аялдар туш болгон кыйынчылыктар тууралуу баарлаштык.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Жалал-Абаддын «Маданият» автоунаа өткөрмө пунктунан Өзбекстанга 300дөн ашык медициналык беткап алып бараткан өзбек жараны кармалганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, медициналык каражаттардын тийиштүү документтери болгон эмес. Кармалган киши милицияга өткөрүлүп берилди. Кыргыз өкмөтү 3-февралдан тартып айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган. Токтомдун мөөнөтү алты айга созулат. (TSh)
Мушкерлердин абсолюттук чемпионаты (UFC) АКШнын Хьюстон шаарында өткөн турнирдин эң мыкты учурларынын видеосун жарыялады.
Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстандын аймагында коронавирус менен ооругандар катталган жок, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу» деп билдирди. 10-февралга карата таратылган маалыматта стационардык кароодо 96 киши, жашаган жери боюнча медициналык кароодо 490 адам бар экени айтылат. Баарынын ден соолугу канааттандырарлык. Билим берүүчү жана социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Кытайдын Улуттук саламаттык... Читать дальше...
Жапониянын Иокагама портунда турган «Diamond Princess» аттуу саякат кемесиндеги жүргүнчүлөрдүн арасынан дагы 60 кишиден коронавирус аныкталды. Жалпысынан бул кемеде 130 киши ооруну жугузуп алганы билинди. Кемеде ар кайсы өлкөлөрдүн 3700 жараны бар. Алар карантинге байланыштуу 14 күн бою cыртка чыга алышпайт. Кытайдын Ухань шаарында чыккан жугуштуу оорудан соңку маалыматка ылайык 900дөн ашуун киши көз жумду. Дүйшөмбүгө карата коронавирус 40 миңден көп кишиге жукканы маалым болду. Алардын арасынан 3500дөй адам оорудан айыкты. Читать дальше...
2019-жылы Башкы прокуратура экстремисттик, террористтик жана баңгизаттарды жарнама кылган материалдар деп тааныш үчүн сотко кайрылган 27 арыздын баары канааттандырылган. Соттун чечими менен Кыргызстандын аймагында экстремисттик деп табылган 97 сайт, 300 баракча жана баңгизаттарды жарнамалаган 21 портал бөгөттөлдү. (TSh)
12-февралда Бишкекте Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт. Бул сыйлык быйыл журналисттик иликтөөлөр тармагындагы мыктыларга экинчи ирет берилип жатат. Ошондой эле «Журналисттик иликтөөнүн тажрыйбасы жана келечеги» аттуу медиа форум өтөт. Иш-чарада чет өлкөдөн келген адистер өз тажрыйбасынан бөлүшөт. Сыйлык тапшыруу аземи жөнүндө толук маалымат бул жерде. 2019-жылы фонддун байкоочу кеңешинин тандоосуна ылайык... Читать дальше...
Жакында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп дайындалган саясатчы Азимбек Бекназаров «Мен - кыргызмын» деген китебинин бет ачарын Бишкекте өткөрдү. Иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева баш болгон саясатчылар, коомдук ишмерлер катышты. Бекназаровдун бул китебинде Кыргызстандагы саясий окуялар камтылган. (TSh)
Мамлекеттик каттоо кызматы жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында Токмок шаарында каттоого тургусу келген жарандардын көп болуп жатканы боюнча жооп берди. Мамкаттоо мыйзам боюнча ар бир жаран Кыргызстандын каалаган аймагында катталууга укуктуу экенин жана эч кандай чектөө жок экенин белгилеген. Бирок мекеме Токмок шаарындагы кырдаал Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талданарын билдирди. 2020-жылдын 1-январынан тартып ушул күнгө чейин Токмок шаарында 3000 киши каттоого турду. Акыркы убакта... Читать дальше...
Бегимай Сатаева Нидерланддарда жашайт. «Азаттык» менен болгон маегинде ал өзүнүн оорусу - өпкө гипертензиясы тууралуу айтып берди. Бегимай ошондой эле бул оору менен Кыргызстанда жабыркагандарга жардам берүүнү көздөйт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) өлкөдө тыюу салынган террордук уюмга кирүүгө адамдарды үгүттөп жүргөн киши кармалганын маалымдады. Атайын кызматтын билдирүүсүнө караганда, 5-февралда кармалган 35 жаштагы шектүү Кыргызстандан жана Борбор Азиядан Сириянын согуш жүрүп жаткан аймактарына жарандарды жиберүүгө катышкан. Бул факт боюнча тергөө органдары Жазык кодексинин 395-беренесинин («Жалданмачылык») негизинде сотко чейинки өндүрүш жүргүзө баштады. Кармалган киши УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Читать дальше...
Алай районунун Согонду айылынын тургундары айылдан 2500 метр аралыктагы Тайгак-Таш аймагынан көмүр казууга каршылык билдирип чыгышты. Жергиликтүү тургундар муну арчалар кыйылып, Гүлчө дарыясы булганып, жаратылышка кесепети тиет деп негиздеп жатышат. «Бул аймак биздин жайлоо болуп эсептелет. Март айынан тартып мал багып жайлоого чыгабыз. Көмүр казабыз деген компаниянын ишине биз башынан бери нааразы болуп келатабыз. Иштей баштаса ичер суубузду да булгайт», - деди Согонду айылынын тургуну Миртемир Рахманбердиев. Читать дальше...
«Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга коюлду. Анда төмөнкү беренеге өзгөртүү киргизүү сунуш кылынган. 64-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында жана 3-бөлүгүнүн биринчи абзацында тогуз пайыз деген санды жети деген санга алмаштыруу, башкача айтканда парламентке шайлоо үчүн тогуз пайыздык чекти жети пайызга түшүрүү жөнүндө сунуш киргизилип жатат. Бул демилгени парламенттин 19 депутаты көтөргөн. Читать дальше...
Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өттү. Экзит-поллдор бийликтеги партия мурункудан көп мандат алганын көргөзүүдө. Оппозициялык айрым партиялар кезексиз өткөрүлгөн шайлоого бойкот жарыялашкан.
Ушу тапта Кыргызстандын аймагында 600 мамлекеттик жана жеке менчик айыл чарба ишканалары бар, 3 миңден ашуун фермерлер бар.
102 ата мекендик ишкана продукцияларын ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн аймагына (Россия Федерациясы жана Казакстан Республикасына) сатуусуна мүмкүнчүлүк түзгөн Ишканалардын реестрине кирди.
10-февралда Токтогул районунун аймагында 25-30 сантиметр кар түштү. Учурда Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Жолдогу тыгындардын алдын алыш үчүн 10-февраль саат 07:00ден баштап Жалал-Абад жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы Бишкек-Ош автоунаа жолунун 272-чакырымындагы «Чычкан» стационардык постунан оор жүк ташуучу автоунаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди. (RsK)
Белгилей кетсек, Турсынбаеванын апасы Кыргызстандын Аксы районунда туулуп-өскөн кыргыз кызы Падишахан Султаналиева. Анын жолдошу казакстандык.
«Азаттык» радиосунун «Биз жана дин» түрмөгүнүн кезектеги чыгарылышында дүйнөлүк диндердин эң алгачкысы болгон буддизм жөнүндө сөз кылабыз.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кой-Таш окуяларына байланыштуу айыпталып жаткандардын бири Фархат Баабиевдин «мен жөнүндө таратылган видео-аудио жазуулар монтаждалган» деген билдирүүсүнө жооп берди. «Баабиев "видеолорду УКМК кызматкерлери монтаждап Интернет тармактарына жайылтышты" дегени - кылмыш жоопкерчилигинен качуунун аракети» деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө. Атайын кызмат буга чейин Интернетте тараган видео-аудио жазууларында Баабиевдин өзү экенин жана анын сөздөрүндө аймак аралык кастыкты козутууга... Читать дальше...
Жамбыл облусуна караштуу Кордай районунда өзгөчө кырдаал киргизилди. Полиция ары-бери каттагандардын документтерин текшерип жатат. Тополоңдон кийин Кыргызстанга качкандардын айрымдары өз үй-жайына кайта баштады.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине жашы жете элек балдарга каршы жасалган 2462 кылмыш фактысы катталган. Анын ичинен 184и оор, 36сы өзгөчө оор кылмыштар. Кылмыштын көпчүлүгү Бишкекте. Баш калаада 1330 жаш балдарга карата зомбулук фактысы катталса, Чүйдө 382, Ош облусунда 232, Ош шаарында 197 учур катталган. Бирок башкы көзөмөл органы былтыр зомбулуктан улам көз жумган балдардын саны мурунку жылга салыштырмалуу эки эсе азайганын белгилейт. Читать дальше...
Өзбекстан 4-февралдан 6-февралга чейин Кытайдын Бээжин жана Ухань шаарларынан 584 жаранын эвакуациялады. Бул тууралуу өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл агенттиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кытайдан алынып келген өзбек жарандарынын баары тең Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу боюнча даярдалган атайын жайларга жайгаштырылды. Алар инкубациялык мезгил аяктаганга чейин (14 күн) дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат. Өзбек бийлиги атайын жайларда эвакуацияланган адамдар үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн билдирүүдө. Читать дальше...
Таиланддын түндүгүндөгү Накхонратчасима шаарында аскер кызматкеринин огунан мерт болгондордун саны 29 адамга жетти. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги өлкөнүн коопсуздук күчтөрүндөгү булактарына шилтеме кылып билдирди. Аскер кызматкери өзү адамдарды барымтада кармап турган соода борборунда атып өлтүрүлдү. «The Bangkok Post» гезити атышуу учурунда укук коргоо органдарынын үч кызматкери жабыркаганын кабарлады. «Thai PBS» телеканалынын маалыматына караганда, ок атуудан 63 адам жаракат алып, 13ү жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Читать дальше...