Кара-Кулжада мектеп өрттөнүп кетти
«Азаттыктын» угармандары тартып жиберген видео тасмада бир кабат мектептин күйүп жатканын, айыл эли колуна чака-челек алып, өрттү өчүрүүгө аракет кылып жатышканын көрүүгө болот. Тасманы тарткан адам белгилегендей, райондун Коо-Чаты айылындагы Сагындык орто мектеби күйүп кеткен. Тасмада айрым адамдар чатыры өрттөнүп жаткан имараттан компьютерлерди алып чыгууга аракет кылып жатышканы да тартылган. Тасмада айтылгандай, өрт 17-февраль күнү кечинде, балдар мектепте жок кезде чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...