Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Новости за 19.02.2020

20-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

20-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз 3…8; Таласта түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…7; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз 4…9; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6; Нарында түнкүсүн -13…-18, күндүз 0…-5; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -5…-10 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8... Читать дальше...

Өзбекстан чек арада кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди

Azattyk.org 

Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасында кармалган 13 кыргызстандыкты кое берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан кабарда эки өлкөнүн чек арачыларынын сүйлөшүүсү өткөнү, ошонун натыйжасында алар кыргыз тарапка өткөрүлүп берилгени айтылат. Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришкен. Читать дальше...

Ооганстанда Абдулла өз өкмөтүн түзөрүн жарыялады

Azattyk.org 

Ооганстандын аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын тааныган жок. Жетекчи 18-февралда басма сөз жыйынын өткөрүп, «биз жеңүүчүбүз жана өз өкмөтүбүздү жарыялайбыз» деп билдирди. Андан бир аз мурда Көз каранды эмес шайлоо комиссиясы 28-сентябрда өткөн шайлоодо 50,64% добуш менен президент Ашраф Гани экинчи мөөнөткө шайланганын жарыялаган. Абдулла Абдулла 39,5% көрсөткүч менен экинчи орун алганы белгилүү болгон. Шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялоо бир нече жолу жылдырылган. Читать дальше...

Сурков орус президентинин жардамчысынын кызматынан кетти

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин Владислав Сурковду президенттин жардамчысынын кызматынан бошотту. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчынын тиешелүү буйругу расмий сайтка чыкты жана дароо күчүнө кирди. Буга чейин Саясий конъюнктура борборунун директору Алексей Чеснаков Украина саясатынын багыты өзгөрүп жаткандыктан, Сурков мамлекеттик кызматтан кеткенин айткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Украина маселелери менен эми президенттик администрацияда... Читать дальше...

«Акнет» иши: Ажимудиновдун тарапташтары пикетке чыгышты

Azattyk.org 

«Акнет» ишканасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Кубан Ажимудиновдун тарапташтары бүгүн 19-февралда Бишкекте пикет өткөрүштү. Алар күч органдарын мыйзамсыз куугунтук үчүн айыптап, компания рейдердик басып алууга кабылганын билдиришти. 20 чакты адам парламент имаратынын жанына чогулуп, колуна Ажимудиновду бошотууну талап кылган жазууларды кармап турушту. «Ал күнөөсүз. Аны ишканадагы үлүшүн толук бойдон сатууга мажбурлаш үчүн тергөө абагында мыйзамсыз кармап жатышат. Компанияга алардын адамдары келип алганы... Читать дальше...

ЕККУ Донбасстагы кармашка тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) чыгыш Украинадагы кармаштардын күчөшүнө камтамасын билдирди. Уюмдун учурдагы төрагасы Эди Рама жана баш катчысы Томас Гремингер тараптар өткөн ноябрда өз күчтөрүн чыгарып кеткен тилкеде адам өмүрлөрү кыйылганын белгилеп, атышууну токтотуу жөнүндө декабрда сүйлөшүлгөн макулдашууну урматтоого, жаңжалды басаңдатууга багытталган жакшы кадамдарды улантууга чакырышты. Алардын билдирүүсү 18-февралда жарыяланды. Украина жана Орусия колдогон жикчилдер соңку кагылышуу үчүн бири-бирин айыпташууда. Читать дальше...

«Жаш өткөн сайын өжөрлөнө иштей баштайсың»

Azattyk.org 

18-февралда Анкарада кыргыз эл акыны Кожогелди Култегиндин Түркиядан жети тилде чыккан сегиз китебинин бет ачары жана 60 жаш мааракелик адабий-музыкалык кечеси өттү.

Азимжан Аскаров сотторго жана прокурорлорго ачык кайрылуу жиберди

Azattyk.org 

2010-жылдагы июнь коогасынан кийин өмүрүнүн акырына чейин түрмөгө кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаров адам укуктары боюнча эл аралык уюмдарга жана Кыргызстандын күч органдарына ачык кайрылуу таратты.  Ал кармалгандан баштап тергөөнүн, сот жараяндарынын жүрүшүн кенен баяндады. Эч кандай күнөөсү жок экенин, кыргыз бийлиги эл аралык укук коргоо уюмдарынын милдеттенмелерин аткарбай жатканын белгиледи. Аскаров оор беренелер менен соттолгонун ошол кездеги бийлик башындагылардын буйругу деп эсептейт. Читать дальше...



ИИМ Матраимовдорго каршы арыз боюнча: Эч кимдин макамына, байланышына карабайбыз

Azattyk.org 

Ош шаарындагы жана облустагы кылмыштуу окуяларга кимдин катышы болбосун, баарынын жоопкерчилиги мыйзам чегинде каралат. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Алайдын Арпа-Тектир айылына барып, президентке кайрылган жашоочулары менен жолукканда айтты.  Ош облустук милициясынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаевдин айтымында, министр кылмышка тиешеси барлар жоопкерчилик тарта турганын билдирди: - Министр бардыгы мыйзам чегинде карала тургандыгын айтты.  Ошону менен катар министр Рахманберди... Читать дальше...

МЧК: Өзбек чек арачылары кармаган 13 жаран боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектеш Чекелик айылынын чек арага жакын жеринен Кыргызстандын 13 жаранын Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткенин жергиликтүү тургундар «Азаттык» радиосуна билдиришти. Алардын айтымында, Талас облусунан аймакка дааватка эки машине менен келген жарандарды 19-февралда эртең менен Өзбекстандын чек арачылары кармап кетишкен. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгы тастыктады. Расмий маалыматка караганда, чек арага жакын аймакта жүргөн... Читать дальше...

Абдрахмановду колдогон КСДП Балыкчыда жыйын өткөрүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Сагынбек Абдрахмановду жетекчи катары тааныган бөлүгү 19-февралда Балыкчы шаарында жыйын өткөрүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» Абдрахманов өзү билдирип, күн тартибиндеги маселелер тууралуу маалымат берген жок. Абдрахманов жакында берген видеомаектеринин биринде КСДПнын парламенттеги бийликти жактаган депутаттары "Биримдик" саясий партиясына тымызын өтүп жатат деп, муну чыккынчылыкка теңеген.  КСДПнын катарынан 2017-жылы чыгарылган Сагынбек Абдрахманов «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Читать дальше...

Алайда көмүр кенди жергиликтүү ишкердин иштетүүсүнө да каршы чыгышууда

Ca-irnews.com (kg) 

Ош, 19-февраль, 2020-жыл. /ca-irnews.com/. Ош облусунун Алай районундагы Тайгак-Таш участогунда көмүр кенин ачып, иштетүү аракети башталганда, ага каршы чыккандар, жерине барып талкуу өткөрүштү.

Иран, Орусия жана Түркиянын лидерлери Тегеранда жолугушат

Ca-irnews.com (kg) 

Иран, Орусия жана Түркиянын президенттери Хасан Рухани, Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдогандын Сирия боюнча сүйлөшүүлөрүнүн алтынчы айлампасы март айынын башында Тегеран шаарында өтөт.

Баткен окуясы тууралуу тасманын сценарийине сынак жарыяланды

Azattyk.org 

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 1999-жылдын июль-ноябрь айларындагы Баткен окуясына арналган толук метраждуу көркөм тасма тартуу үчүн мыкты сценарийге сынак жарыялады. Бул тууралуу 19-февралда «Азаттык» радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, сынак 20-мартка чейин өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын жараны болгон кесипкөй адистер (киночулар), жазуучулар, журналисттер жана адабиятчылар катыша алышат. Читать дальше...

Кытайдын Шинжаңдагы сыры ачыкка чыкты

Azattyk.org 

«Узун сакал коюу», «паспорт алуу» же «көп балалуу болуу». Кытай бийлиги Шинжаңдын ондогон тургундарын дал ушундай критерийлер менен саясий лагерлерге жөнөткөнү ачыкка чыкты.

Бишкек ЖЭБинин жабыркаган жумушчусунун абалы канааттандырарлык

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) иш учурунда жараат алган жумушчусу ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу 19-февралда «Азаттык» радиосуна «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, бейтаптын абалы жакшы. Ал бетинен жана колунан күйүк алган. Учурда Травматология жана ортопедия борборунда жатат. Дарыгерлер анын денесинин 4% күйүк алганын, абалы оор эмес экенин айтышты. Окуя 18-февралда болгон. 36 жаштагы жумушчу оңдолгондон... Читать дальше...

Түркия өкмөтү «Вефа» борборун ишкерден талашууда

Azattyk.org 

Бишкектеги «Вефа» соода борборуна байланышкан соттук териштирүү Жогорку сотко чейин жетти. Соода борборун Түркия өзүнүн менчиги катары таанууну өтүнүп сотко кайрылган. Ал эми «Вефанын» азыркы ээси муну рейдерлик катары баалап жатат.

"Diamond Princess" лайнеринде карантинден өткөн алгачкы жүргүнчүлөр жээкке чыгарылды

Azattyk.org 

Лайнердин бортундагы эки жумалык карантинден соң алгачкы 500 киши Жапониянын Иокогама шаарындагы портко түшүрүлдү. ТАСС кабарлагандай, алардан коронавирус аныкталган эмес. «Diamond Princess» саякат кемеси вирустун айынан 3-февралдан тартып Жапониянын жээгине келгенден бери карантинде турат. Карантин 19-февралда бүтөөрү кабарланган. Соңку маалымат боюнча, кемеде баш-аягы 3000ден ашык киши бар. Алардын ичинен 450дөн көбүнө коронавирус жукканы аныкталды. «​World of Cruising»​ журналы аталган... Читать дальше...

АКШнын каржы компаниясы Rosneft Trading ишканасына санкция салды

Azattyk.org 

Министрликтин "кара тизмесине" компаниянын вице-президенти Дидье Касимиро да кирди. Бул чектөө ишкананын Венесуэла бийлиги менен байланышы үчүн киргизилди. Швейцариялык "Rosneft Trading" компагиясы Венесуэланын чийки мунайын ташып сатууда ортомчулук кылып келген. Каржы министрлигинин маалыматында "АКШ Мадуронун коррупциялашкан бийлиги мындан ары Венесуэланын мунай запастарын тоноосуна жол бербейт" деп айтылган. Акүйдүн өкүлү журналисттерге билдиргендей, аталган компанияга санкция салуу буйругун АКШнын президенти Дональд Трамп берген. Читать дальше...

1-класска балдарды электрондук каттоо башка шаарларда да жүргүзүлүүдө

Azattyk.org 

2020-2021-окуу жылы үчүн балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо долбоору ушул тапта Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында иштеп жатат. Балдарды каттоо же "электрондук кезек" долбоорунун 1-айлампасы 15-февралдан тарта аталган шаарларда жана Бишкекте жүргүзүлүүдө. 19-февраль күнү Билим берүү жана илим министрлиги электрондук каттоо системасы жана былтыркыга салыштырмалуу киргизилген айрым өзгөртүүлөр боюнча маалымат бермекчи. Министрлик электрондук каттоо... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *