Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 08.04.2020

"Атамбаев бийликти өткөрүп берди, аны Жээнбеков улантат деп ишенебиз"

Azattyk.org 

Кыргызстандын соңку тарыхында эки президентти тактан кулаткан Жоогазын жана Апрель революциялары өз максатына жеткен жок деп жазылды. “Ата Мекен” партиясынын революционерлердин сап башында жүргөн лидери Өмүрбек Текебаев эки ыңкылап тең эл өз укугун басмырлаган бийликке каршылык көрсөтө ала тургандыгын далилдеп, узак мөөнөттүү саясий күрөштү калыптандырды деген ишеничте. Бирок, ыңкылаптардын башкы максатын ишке ашырууда мамлекет башчыларынын аракети негизги орунду ээлерин баса белгиледи.

Жалал-Абад: Оорукана жабылбаганын администрациясы билдирди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу аталган оорукананын администрациясынан “Азаттык” радиосуна билдиришти. Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулар бөлүмү айыккан бейтаптарды чыгарып, дезикфекциялоо жумуштарын жүргүзгөн. Бүгүн да 10 бейтапты чыгаруу пландалууда. "Жалал-Абаддагы жугуштуу оорулар бөлүмү жабылды" деген маалымат чындыкка дал келбейт – деп айтылат билдирүүдө. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча облустук штабдын башчысынын... Читать дальше...

Кыргызстанда жашоо минимуму 10,4 пайызга кымбаттады

Azattyk.org 

Негизги тамак-аш азыктарына болгон баанын өсүшүнөн улам быйылкы жылдын биринчи кварталында Кыргызстанда жашоо минимуму былтыркы жылдын алгачкы үч айына салыштырганда 10,4 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, быйыл январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу киши башына 5167 сомду түздү. Мындай көрүнүш республиканын бардык аймактарында байкалды. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк... Читать дальше...

Асрандиев: Кытай менен чек араны ачууну сүйлөшүп жатабыз

Azattyk.org 

Кытай менен чек арадагы "Эркеч-Там" өткөрмө бекетин ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев 7-апрелдеги брифингде билдирген. “Сүйлөшүүлөр он чакты күндөн бери жүрүп жатат. 6-апрелде кытайлык кесиптештер менен биз тараптан Мамлекеттик чек ара кызматынын, Транспорт министрлигинин жана Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн 1-орун басарынын катышуусунда видеобайланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүздү. Анда "Эркеч-Там" өткөрмө бекетин ачуу тууралуу сөз болду. Читать дальше...

Бишкекте 3D форматындагы беткап жасалды

Azattyk.org 

Кыргызстандык IT инженерлер 3D форматындагы беткаптарды чыгарууну көздөп жатышат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Эгер адистердин долбоору ишке ашса, коргонуу даражасы FFP3 болгон респиратордук беткаптар сатыкка чыгарыла баштайт. Баасы болжол менен бир даанасына 300-350 сом болот. Кыргызстанда коронавирус илдетинен коргонуу үчүн беткап кийүү талабы коюлган. Беткап тагынбагандар айыппул төлөрүн комендатура эскерткен. Кадимки... Читать дальше...

«Кумтөр» бир жылдык ишинин жыйынтыгын жарыялады

Azattyk.org 

2019-жылы «Кумтөр» кенинде 18 668 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу ишкананын расмий сайтында жыл жыйынтыгы боюнча жарыяланган маалыматта айтылат. Бул алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 827 млн долларды түздү. Мамлекеттик бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө дээрлик 15 миллиард сомдон ашуун каражат которулду. Ошону менен катар киреше менен пайданын өсүшү 2018-жылга салыштырганда 25% жана 38% болду. Кумтөр алтын кенин канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы иштетет. Кыргызстандын андагы үлүшү азыр 26,4% түзөт. Читать дальше...

Министр: Жалал-Абадда кызматкерлери коронавируска чалдыккан оорукана жабылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттерди дарылоочу оорукана убактылуу жабылды. Бул тууралуу 8-апрелде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.  Анын айтымында, буга мекеменин кызматкерлери коронавируска чалдыкканы себеп болду.  «Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасынын бардык кызматкерлери коронавируска чалдыкканы аныкталды. Ошондуктан бүгүн биз бул оорукананы жаап, дезинфекцияга жиберебиз да, Ош облус аралык оорукананын бир корпусун бошотуп, орун даярдайбыз», - деди ал. Читать дальше...



Осмонбек Артыкбаевдин мандаты алынды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы КСДПдан шайланган депутат Осмонбек Артыкбаевди мандатынан ажыратты. Мындай чечим Бишкек ЖЭБ иши боюнча Артыкбаевге карата сот чечими күчүнө киргени негиз болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымат таратты. Конституциянын “Президенттик жана парламенттик шайлоолор” тууралуу 65-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңеш депутатынын ишмердүүлүгү мөөнөтүнөн мурда токтотулса, анын ордуна партиялык тизмедеги кийинки талапкер келет. КСДПнын парламенттик шайлоо... Читать дальше...

Кыргызстанда COVID-19 жуккан дарыгерлердин саны 32ге жетти (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 8-апрелге карата дагы 13кө көбөйдү. Бул тууралуу  саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Жалпысынан бул илдетке чалдыккан доктурлардын саны 32ге жетти. Булардын ичинен аймактар боюнча катталганы: Ош облусунда - 20 Жалал-Абад облусунда - 7 Бишкекте шаарында  - 5 Баткен облусунда – 1 Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин өзгөчө абалда иштөөсүн жөнгө салуучу мыйзам долбоору даярдалууда. Читать дальше...

8-апрель: Кыргызстанда COVID-19 дагы 42 кишиде аныкталды (видео)

Azattyk.org 

Кыргызстанда 8-апрелге карата соңку бир суткада коронавирустун жаңы түрү дагы 42 кишиде аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди. Алардын ичинен: Ош облусу - 24 Бишкек шаары - 10 Нарын облусу - 5 Чүй облусу - 2 Жалал-Абад облусу - 1 Жаӊы катталган 42 кишинин 16сы - эркек, 26сы - аял. Инфекция жуккандардын арасында 13 медицина кызматкери бар. Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда бул илдет жуккандардын саны 270, алардын төртөө каза болду, 25и айыгып чыкты. Читать дальше...

ИИМ: 8-апрелге карата 92 адам коменданттык сааттын талаптарын бузду

Azattyk.org 

Өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде коменданттык сааттын талаптарын бузганы үчүн 92 адам кармалган. Алардын ичинен: Бишкек шаарында - 58, Ош шаарында - 5, Жалал-Абад шаарында - 12, Сузак районунда - 15,Кара-Суу районунда - 2 жаран райондук бөлүмдөргө жеткирилди. Ноокатта коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган жок. Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин... Читать дальше...

Келген жардам, кедерине кеткен экономика

Azattyk.org 

Кыргызстанга эл аралык финансы уюмдарынан жардам келе баштады. Өкмөт акчаны биринчи кезекте маяна, жөлөк пул, пенсия берүүгө жана коронавируска каршы иштерге жумшаганы жатат.

Абдикаримов: Жалпы элди коронавируска текшерүүгө мүмкүнчүлүк жок

Azattyk.org 

Кыргызстанда жапырт элди COVID-19 вирусуна текшерүүгө адистер жана лаборатория жетишсиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов  «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда маалымдады. «Жалпы кыргыз элин тесттен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби, бизде 15тей эле атайын адистер бар, ал эми 10 эле лабораториябыз бар», - деди министр. Ошондой эле министр азырынча жеке менчик медициналык мекемелерге өз алдынча тест тапшырууга уруксат бериле элек экенин маалымдады. Анын себебин... Читать дальше...

«WhatsApp» фейк-маалыматтарды кайра жиберүү функциясын чектеди

Azattyk.org 

Буга чейин «WhatsApp» мессенжеринен бир кабарды беш жолу башка бирөөгө жиберүү мүмкүнчүлүк болсо, эми аны колдонуучу бир гана жолу жөнөтө алат.  Компания муну COVID-19 вирусуна байланыштуу жалган маалыматтардын тарап жатканын токтотуу аргасы экенин маалымдады. Такталбаган кабарларды болсо компаниянын маалымат борборуна жөнөтүү сунушталды. «​«Көп жиберилген кабар» деген эки сызыкча символу менен белгиленет. Бул символ сизге жөнөткөн колдонуучу кабардын автору эмес дегенди билдирет. Биз мындай кабарлардын кайра жиберилишин чектедик. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *