Иркутск: түрмөдөгү тополоңдо 300дөн ашуун киши жараат алды
Орусиянын Иркутск облусундагы түрмөдө чыккан тополоңдо үч жүздөн ашуун киши жараат алганы маалым болду. Козголоң абактагылардын бирин күзөтчү сабап салгандан кийин башталган болушу мүмкүн экенин активисттер кабарлашууда. «Адам укуктары үчүн» бейөкмөт уюму билдиргендей, Ангарск шаарындагы №15 абактагы башаламандыкты басуу үчүн атайын бөлүктүн кызматкерлери тартылган. Жаза аткаруу федералдык кызматы тескерисинче түрмөдө отургандардын бири күзөтчүгө кол салганын 11-апрелде кабарлап, учурда баары көзөмөлдө экенин кошумчалады. Читать дальше...