Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 14.04.2020

Жээнчороев Башкы прокуратурадан күч кызматкерлерин тартипке салууну талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты, «Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев өзгөчө абалга байланыштуу тартип бузган адамдарды видео тасмага тартып алып, аны социалдык тармактарга жарыялаган милиция кызматкерлерин жоопко тартууну башкы прокурордон талап кылды. Депутат ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) дарыгерлерди кайра айтканын жокко чыгартып, кечирим суратып, аны тасмага тартып, социалдык тармактарга тараткан кызматкерлерине карата мыйзамдуу жоопкерчилик маселесин кароону талап кылды. Читать дальше...

Тажик бийлиги санитарка коронавирустан көз жумганын төгүндөдү

Azattyk.org 

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги «Бохтар шаарындагы ооруканада иштеген бир жумушчу коронавирустан каза болду» деген маалыматты четке какты. Министрлик дүйшөмбү күнү кечинде тараткан маалыматта Оишамох Алимова «пневмониядан улам козголгон бир катар оорулардын айынан каза болгон» деп айтылат. Бул билдирүүдө 58 жаштагы аял ооруканада ким болуп иштегени айтылган эмес. «Азаттыктын» тажик кызматы Оишамох Алимова ооруканада пол жууп иштеп жүргөнүн жазды. Ага ылайык, маркум кошумча акчага оорукананын... Читать дальше...

Вирус жуккан дарыгерлер жалпы ооругандардын 18,5% түзөт

Azattyk.org 

14-апрелге карата жалпы 83 медицина кызматкери вирус жугузганы аныкталган. Бул жалпы 430 бейтаптын 18,5%. Оору жуккан медицина кызматкерлеринин 26сы дарыгерлер, 35 орто медициналык кызматкерлер, 22си техникалык кызматкерлер, ашпозчулар жана айдоочулар. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-апрелде парламент комитеттеринин жыйынында маалымат берип жатып билдирди. Анын сөзүнө караганда, чек арачылар жана блокпосттордо турган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери, өзгөчө кырдаалдар... Читать дальше...

Роза Отунбаева: Балага мамилени өзгөртчү убак келди

Azattyk.org 

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева карантин маалында ата-энелерди бош убакыттан пайдаланып, балдарына ынак болуп, алардын үнүн угуп, баарлашууга чакырды. Азыркы учурду экс-президент балдарга мамилени өзгөртө турган, аларды жаңыча тарбиялай турган маал деп мүнөздөдү. Отунбаева карантин убагында өспүрүмдөр өз жанын кыйганын коомдун трагедиясы деп атап, бул көрүнүш бай же кедейди тандабай турганын белгиледи: «Демейде биз, жумушка барып, ээн-эркин басып жүргөн адамдар, азыр 24 саат бою үй-бүлөбүз менен бирге... Читать дальше...

Өзбекстанда бир киши 52 адамга илдет жугузган

Azattyk.org 

Өзбекстанда адистер коронавирус илдетине кабылган кишилердин өз ара байланышын иликтеп чыгышты. Алар илдетке кабылган бир эле адам вирусту ондогон кишиге таратып жатканын аныкташкан.

Өзбекстанда коронавирус жуккандар миң кишиден ашты

Azattyk.org 

Өзбекстанда соңку бир күн ичинде коронавирус дагы 56 адамдан табылды, ошентип бул ооруга чалдыккандардын жалпы саны 1054 кишиге жетти. Өлкөнүн башкы санитардык инспектору Нурмат Отабековдун маалыматы боюнча, ушул тушта ооруканаларда 200дөн ашык адам дарыланып жатат, алардын он чактысынын абалы оор. Жалпысынан Өзбекстанда өпкөнү сезгенткен оорудан 85 адам айыгып чыкты, төрт адам көз жумду.  Өзбекстанда вирусологилык лабораториялар күнүгө сегиз миңдей тестти текшерип жатат. Бүгүнкү күнгө карата тест тапшыргандардын саны 100 миң адамдан ашты. Читать дальше...

Боронов: Өкмөт мигранттарды алып келүүнүн бардык аргасын издеп жатат

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов парламент комитетинин жыйынында Тышкы иштер министрлигинин жардамы аркылуу мигранттар кайта албай жаткан өлкөлөрдүн аба компаниялары менен сүйлөшүү жүргүзүлүп жатканын билдирди. «Колдон келгенин кылып жатабыз. Новосибирскиден жарандарыбызды алып келиш үчүн сүйлөшүлгөн учак акыркы сааттарда экипажы макулдук бербей, учпай калды. Усть-Каменогорскиге атайын автобус жибердик. Илецкиге жыйылган мекендештерди өткөрүүгө Казакстандын бийлиги уруксат бербей койду. Читать дальше...

Бир көчөнүн уз аялдары

Azattyk.org 

Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жазгүл Келдибекова айылдагы уздардын башын бириктирип, шырдак жасай баштаганына он жылга аяк басты. Бул аралыкта ал чет өлкөлөрдөн кардар табууга жетишти. Учурда анын цехинде онго жакын аял иштейт. Эми кардарлары көбөйсө, цехти кеңейтип, шырдакты дүйнөнүн кыйырына чейин таанытсам деген дымагы күч.



Халилзад «Талибан» менен тынчтык келишимин ишке ашырууну талкуулады

Azattyk.org 

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад 13-апрелде Катардын борбору Доха шаарында «Талибан» кыймылынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен жолукту. Кыймылдын расмий өкүлү Сухаил Шахин «Твиттердеги» баракчасына молдо Абдул Гани Барадар менен Залмай Халилзад жана АКШ армиясынын генералы Скоттт Миллер кездешкенин, анда тараптар тынчтык келишимин «толугу менен аткарууну» талкуулашканын жазды. Ошондой эле туткундарды бошотуу жараяны кечеңдеп жатканы жөнүндө сөз болгонун билдирди. Ооган... Читать дальше...

Парламентте мигранттарды алып келүү маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Парламент комитеттеринин 14-апрелдеги жыйынында депутаттар чет мамлекеттерден келе албай турган кыргызстандык жарандарды алып келүү маселесин көтөрүштү. Алар өкмөттөн сырттагы мекендештерди алып келиш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонууну талап кылышты. «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев бул үчүн Кыргызстанда алтын казып, пайда таап жаткан төрт ишкананы пайдаланууну сунуш кылды: «30 жылда «Кумтөр» алтын казып, 5 млрд. доллар пайда тапты. 30 жылдан бери мигранттар бизди багып келди. Читать дальше...

Москвада абал курчуду

Azattyk.org 

Москвада дарыгерлер менен «Тез жардам» кызматы мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде иштеп жатышат.

«Жарандык көзөмөл комитети» Кимсановдун коопсуздугу боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

«Жарандык көзөмөл комитети» президент Сооронбай Жээнбековго багытталган мындай кайрылууну коомчулукка «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жарыялады. Кайрылууда комитет Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган Эмилбек Кимсановдун саламаттыгына жана коопсуздугуна президенттин да жоопкерчилиги бар экенин эскертип, анын керт башынын жана психологиялык абалынын саламаттыгын камсыз кылып берүүнү талап кылган. Комитет Акыйкатчынын, Кыйноого каршы улуттук борбордун кызматкерлеринин камактагы Кимсановго... Читать дальше...

Министрликти кайтарган милиционерден коронавирус табылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратын кайтарган милиция кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу 14-апрелде «Азаттыкка» министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, буга чейин министрликке келип-кетип иштеген кызматкерден коронавирус табылгандан кийин калгандары да текшерүүдөн өткөрүлгөн. Милиция кызматкеринен коронавирус ошондо табылган.  «Контакт катары деп министрликте иштеген кызматкерлерди текшергенде постто турган милиционер жигиттен чыкты. Түз контакт эмес... Читать дальше...

Айрым Батыш өлкөлөрү карантинди жумшартат

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө COVID-19га чалдыккандардын саны 1 миллион 930 миңден ашты. 120 миңдей адам өпкөнү сезгенткен бул илдеттен каза тапты. АКШ жана бир катар Европа өлкөлөрү коронавируска байланыштуу киргизилген чараларды жеңилдетүүнүн жолдорун караштыра баштады.

Чернобыль АЭСинин аймагына чейин жеткен өрт үчүн экинчи шектүү кармалды

Azattyk.org 

Украинада полиция тосулуп турган Чернобыль атомдук электр станциясынын аймагына жеткен өрткө тиешеси бар деп шек саналган экинчи адам кармалганын, кылмыш иши козголгонун билдирди. Ага ылайык, ошол жерге жакын айылдын 37 жаштагы тургуну өзүнүн үйүнүн жанындагы таштандыны өрттөгөн. Андан кийин ысык күлдү айылдын сыртына алып барып төккөн. Натыйжада ошол жердеги кургак чөп күйө баштаган, бирок күл төккөн адам бул тууралуу өрт өчүрүү кызматына кабарлаган эмес, өзү аракет кылып, өчүрө албай койгон.  Тилсиз жоо айылдын жанындагы токойго... Читать дальше...

Газдын баасы көтөрүлбөй турган болду

Azattyk.org 

«Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калды. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү. Мындай макулдашуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен «Газпром Кыргызстан» компаниясынын башкы директору Болот Абилдаев сүйлөшкөндөн кийин жетишилген. Сүйлөшүү учурунда Болот Абилдаев коронавируска байланыштуу кырдаалды эске алуу менен компания өз чечимин кайрадан карап чыгып, мурдагы тарифти ордуна кайтарарын маалымдады. Читать дальше...

Карантин маалындагы жашоо

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус илдетинин жайылуу мөөнөтүнүн туу чокусу 20-24-апрель деп божомолдонуп жатат. Андыктан Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылмай болду.

Аба ырайы: туман каптап, жаан жаайт

Azattyk.org 

15-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7... Читать дальше...

Журналистти чектөө тууралуу чечимди кайра карап чыгуу сунушталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык штаб жана жер-жерлердеги комендатуралар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек. Президенттик аппарат ушундай сунуш киргизгени 14-апрелде маалым болду. Өз сунушунда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү журналисттерди өзгөчө абал учурунда аккредитациялоо маселеси кайра каралышы зарыл экенин белгиледи. Президенттик аппараттын маалыматында «муну менен бирге ооруп калгандар көбөйүп кеткендиктен ЖМК өкүлдөрүнөн... Читать дальше...

Жээнчороев: Салык төлөө мөөнөтүн узартуу – элди карызга батыруу

Azattyk.org 

«Республика – Ата Журт» фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү кааласа, өкмөт аларды салыктан өзгөчө абал учурунда бошотууга тийиш деп эсептейт. Бул тууралуу депутат 14-апрелде парламент комитеттеринин жыйынында айтып кетти. Ал өкмөттү ишкерлерди жана дыйкандарды колдоо үчүн салыктарды токтотуп, насыя акчаны күрөөсүз берүү зарыл экенин белгиледи. Мындан тышкары газдын кымбатташын кырдаалдан пайдаланып, туйтунуу аракети деп баалады: «Карапайым газ колдонуучуларга 2 сом 65 тыйын деп баа чектептир. Читать дальше...

Аралык сакталбаса вирус жугат

Azattyk.org 

Карантин учурунда банк, дүкөн жана дарыканаларда адамдардын ортосунда аралык сакталышы керек. Бирок бул эреже эч жерде сакталган жок. Ири дүкөндөрдөгү адамдардын агымы өзгөчө абал режиминин кириши менен суюлуп калган жок.

ЭВФ жакыр өлкөлөрдүн карызын жеңилдетет

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 25 жакыр өлкөнүн карыз маселесине көмөктөшөт. Мындай чечим аталган мамлекеттердин коронавируска каршы күрөштөгү түйшүгүн жеңилдетүү максатында кабыл алынды. Уюмдун башкаруучу директору Кристалина Георгиеванын маалыматы боюнча, мындай өлкөлөрдүн алгачкы тобу соңку алты айдын ичинде ЭВФке бересесин тейлегенге грант алат. Алардын катарында Тажикстан, Ооганстан, Йемен жана Африка менен Азиядагы бир катар өлкөлөр бар. Георгиева билдиргендей, аталган фонддун Апааттардын... Читать дальше...

Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизилди

Azattyk.org 

Нарын облусунун Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймагына да 15-апрелден тартып өзгөчө абал киргизилди. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөттү. Расмий маалыматка караганда, 18-марттан 14-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 430 адамдан табылды. Алардын бешөө Нарын шаарында, 19у Ат-Башыда. Аталган эки аймакта өзгөчө абал 15-апрелде саат 08.00дөн баштап 30-апрелдин саат 08.00үнө чейин болот. Ал жакка комендант болуп облустук милициянын башчысы Уланбек Аалиев дайындалды. Читать дальше...

ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттери жыйынга чогулат

Azattyk.org 

Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы Армениянын, Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын жана Орусиянын мамлекет башчылары 14-апрелде жыйынга чогулат. Анда коронавируска каршы биргелешип күрөшүү, экономиканы чогуу сактап калуу маселеси талкууланат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев парламент комитетинде депутат Руслан Казакбаевдин суроосуна жооп берип жатып маалымдады. Коронавирус пандемиясына байланыштуу уюмдагы өлкөлөр чек араларын жапкан. Ошондон улам адистер... Читать дальше...

Вице-премьер: Кыргызстанда газдын кымбатташы келишимден көз каранды

Azattyk.org 

Орусиянын «Газпром» компаниясы Кыргызстанга саткан жаратылыш газынын баасы тараптардын кабыл алган келишиминен көз каранды болуп жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 14-апрелдеги биргелешкен комитет жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев депутат Жанарбек Акаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди: «Келишимде бул жакка келип жаткан газдын баасы доллар менен бекитилген экен. Нормативдик келишимге ылайык ай сайын курска (доллардын) жараша тарифтин өлчөмү кайрадан эсептелип турат экен. Бирок... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *