Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 15.04.2020

Кан тапшырган донорлор дээрлик он эсе азайды

Azattyk.org 

Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын чектөөлөрүнөн улам Бишкектеги Кан борборуна барып кан тапшырган донорлор кескин азайып кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» борбордун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева билдирди.  Анын айтымында, мурда пландалган операциялардын көбүнүн мөөнөтү жылганы менен түрдүү кырсыкка кабылган же төрөттөн кансыраган, онкологиялык дартка чалдыккан адамдардын саны адатта 100дүн тегерегинде болуп турат. Плазманын запасы жетиштүү, бирок эритроциттерге муктаждык бар. Читать дальше...

Мумбайда карантинди узартууга нааразы болгондор көчөгө чыгышты

Azattyk.org 

Индиянын Мумбай шаарында жумушсуз калган жүздөгөн мигранттар бийликтин карантинди 3-майга чейин узарткан чечимине нааразы болуп көчөгө чыгышты. Алар шаардын темир жол бекетине топтолуп, башка облустардагы өз үйлөрүнө бекер жетип алыш үчүн атайын поезддерди жүргүзүүнү талап кылышты. Акциянын катышуучулары ачка экенин жана билетке да акчасы жок экенин кыйкырып жатышты. Аларды таркатыш үчүн полиция союл колдонду. Штаттын туризм министри өкмөт башчы Нарендра Модиден нааразы болгондорду үйлөрүнө жеткириш үчүн транспорт уюштуруп берүүнү суранды. Читать дальше...

Момбеков: 200 миң сом кенемте пул эмес, келеке пул болуп жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков 15-апрелдеги парламенттик отурумда дарыгерлердин нааразылыгы тууралуу кеп козгоду.  «200 миң сом деген эмне деген акча? Согуш убагында куралсыз душманга салып берген батальондой кылып эле силер дарыгерлерди эч кандай куралсыз алдыга салып койдуңар. Эми оору жугузуп алгандарын текшерип, комиссия түзөбүз деп жатасыңар. Дарыгерлердин нааразылыгы ушундан пайда болот, аларды кайра ыйлатып, кечирим сураттыңар. Токтоткула, мындайды!» - деди депутат. Дарыгерлерди... Читать дальше...

Украинада генерал Шайтанов тыңчылык үчүн шектүү катары камалды

Azattyk.org 

Украинанын Коопсуздук кызматы бул мекеменин генерал-майору Валерий Шайтанов камакка алынганын кабарлады. Анда «генерал Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен тымызын кызматташып жүргөн», деп айтылат. Шайтановго «мамлекеттик чыккынчылык жана террорчулук» боюнча айып коюлду. Украин атайын кызматы билдиргендей, Шайтанов Орусиянын тапшырмасы менен Донбасстагы согуштук аракеттерге катышкан, Жохар Дудаев атындагы ыктыярчылар батальонун жетектеген Адам Осмаевди өлтүрүүнү пландап жүргөн. Адам... Читать дальше...

Орозалиев: Коменданттык саат кыскарганы менен чектөө улана берет

Azattyk.org 

Бишкек шаарында коменданттык саат мөөнөтү кыскарганы менен коронавирустун алдын алыш үчүн чектөөлөр мурдагыдай тартипте улана берет. 15-апрелде баш калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев билдиргендей, талаптар ошо бойдон калды, аларды бузгандарга чара көрүлөт.  «Ошентсе да карантиндин талаптарын сактоо жана коменданттык саат убагында тартип бузууга жол бербөө максатында катуу чаралар көрүлөт. Өзгөчө абалдын узартылышына байланыштуу инфекцияга каршы күрөшүү боюнча бардык эскертүү иш-чаралары мурунку калыбында улана берет. Читать дальше...

Түштүк Корея пандемияга карабай парламентин шайлап жатат

Azattyk.org 

Түштүк Кореяда 15-апрелде парламенттик шайлоо өтүп жатат. Добуш берүү маалында бир катар коопсуздук чаралары каралган. Ага ылайык, жарандардын баары беткап, мээлей кийип келип, бири-биринин ортосундагы аралыкты сактап, добуш берип жатат. Кире бериште алардын дене табы да текшерилүүдө.  Таңкы саат алтыда өлкө боюнча 14 миңдей шайлоо бекети ачылган. Парламенттеги 300 орун үчүн 35 партиянын талапкерлери ат салышууда. Бирок негизги таймаш президент Мун Чже Ин башында турган Демократиялык партия менен... Читать дальше...

Министр: Кыргызстанда болгону 22 вирусолог бар

Azattyk.org 

Кыргызстанда вирусологдор жетишсиз, болгону 22 адис бар. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов депутат Карамат Орозованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. «Тогуз лаборатория иштеп жатат. Айлык акынын аздыгынан жаштар бул жумушта иштегиси келбейт, негизинен орто жаштагы же пенсия курагындагы адамдар иштешет. Биз айла кеткенде медициналык билим берүүчү окуу жайларынын мугалимдерин, 6-курстун студенттерин тартууга аргасыз болдук», - деди министр. 15-апрелге карата Кыргызстанда... Читать дальше...

Алматыда 182 кызматкерге вирус жуккан оорукананын башчысы иштен кетти

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы борбордук клиникалык оорукананын башчысы Алмаз Жувашев өз эрки менен кызматтан кетти. Анын алдында бул оорукананын 182 кызматкери өпкөнү сезгенткен жаңы вирус жугузуп алганы белгилүү болгон.  Алматынын коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Тлеухан Абилдаев: «Жетекчи кызматтан кетти, анын карамагындагы дээрлик 200гө жакын адам ооруп калды. Ал уюштуруу иштериндеги катачылык кеткенин билип-туйгандан кийин кызматтан кетүүгө арыз жазды», - деп айтты. Бул оорукана... Читать дальше...



ЕАЭБдин дараметин сынаган дарт

Azattyk.org 

«Кыргызстан мүчө болгон Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) коронавирус илдети менен күрөшүүдө бирдиктүү аракет кылбай жатат» деген сын айтылууда.

Кыргызстанда 3909 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына ылайык, Ош облусунда 2406, Жалал-Абадда 1367 үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Калган 139 үй-бүлө башка облустардагы кооптуу аймактан кетпей жашап жатышат. Алардын ичинен 2400 үй-бүлө башка жактарга көчүш үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок алар дагы эле кооптуу аймактарда жашап жатат. Ссуданын жалпы суммасы 200 миң сом, анын ичинен 50 миңи кайтарымсыз каражат катары берилет. Читать дальше...

Эрдоган кыргызстандыктардын пенсиясы боюнча мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Эки өлкө ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишим 2018-жылы 9-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун Анкарадагы расмий сапарында кол коюлган. Түрк парламентинин ратификациясынан өткөн келишимге 7-апрелде өлкө президенти Режеп Тайып Эрдоган кол койду. Түркия менен кол коюлган социалдык камсыздоо боюнча келишимге ылайык, эки өлкөдө эмгек визасы менен иштеп, камсыздандыруу акысын төлөгөн жарандар эки жактан тең пенсия алышат.  Түркиянын эмгек мыйзамына ылайык 30 жаштагы мигрант аял эмгек... Читать дальше...

Депутат Ормонов: мигранттарды алып келе албасаңар акча бөлүп бергиле

Azattyk.org 

Бүгүнкү күнү мекенине келе албай, хостелдерде, жатаканаларда жаткан мигранттарды алып келе албаса, өкмөт аларга 30-апрелге чейин тамак-аш жана башка жактан каржылоого акча бөлүшү керек. Мындай пикирин 15-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов билдирди. Миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов жер-жерлердеги мигранттардын жатаканасы Эл аралык миграция уюмунун жардамы менен чечилгенин, ал эми тамак-аш маселесин ал жактардагы кыргызстандыктардын диаспоралары мойнуна алышканын билдирди. Читать дальше...

SARS жана СOVID-19дун айырмачылыгы

Azattyk.org 

"Коронавирустун жаңы түрүнүн желдей бат тарашына анын кыйды жүрүм-турумга ээ болгону себеп", - дейт вирусолог, инфекциялык оорулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы серепчилердин бири, профессор Жон Оксфорд.

Кудайыңды тааный жүр

Azattyk.org 

Кыргыз тилинде «кудай» сөзүнө байланышкан көп сөздөр айтылат. Анда ушул сөздөргө токтололу.

Индонезияда карантинде үйдө отурбагандарды «ач арбак» менен коркутушууда

Azattyk.org 

Индонезиянын Ява аралындагы Кепух айылында карантин маалында үйдө отурбагандарды «ач арбактар» менен коркутуп жатышат. Мындай көрүнүш өткөн айда башталган жана «ач арбак» сымал кийинген ыктыярчылар түнү менен айыл аралап, үйүндө отургусу келбегендерди коркутуп жүрүшөт. Айрым жергиликтүү тургундардын айтымында, ушул тушта түн жарымдап жүргөн жаштар азайды жана эл кечки намазга чогулбай калды. Элдик уламыштардан улам жергиликтүү калк өз тилинде «покоң» деп атаган «ач арбактан» сестенет жана аларды... Читать дальше...

16-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

16-апрелде Кыргызстанда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу аймактарда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде 15-20 метрге жетет.​ Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 11…16;  Талас жергесинде түнкүсүн 0…5... Читать дальше...

ӨКМ: Үшүк жана сел жүрүү коркунучу бар

Azattyk.org 

Синоптиктер жакынкы күндөрү Кыргызстанда аба ырайы туруксуз болуп, айрым жерлерде үшүк жүрөрүн, ал эми кээ бир аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти. Гидрометеоборбордун маалыматына караганда, 17-18-апрелде түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк, 18-19 апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° үшүк жүрөт. Абанын муздашы өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө кооптуу. Ал эми 16-апрелде... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда жарыяланган өзгөчө абалды 30-апрелге чейин узартууну жана Нарын шаары менен Ат-Башы районуна да ушундай режим киргизүү боюнча президенттин жарлыгын карап жатат.

Коронавирус жуккан дарыгерлердин эң көбү Бишкекте

Azattyk.org 

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин саны 98 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын эң көбү Бишкек шаарында. Баш калаада бул илдетке чалдыккан кызматкерлердин саны бүгүнкү күндө 33 адам экени расмий айтылды. Мындан тышкары Ош шаарында 28, Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда сегиз, Нарын облусунда алты, Баткен облусунда эки жана Чүй облусунда бир кызматкер илдетке чалдыккан. 98 кызматкердин арасынан 27си дарыгер. Читать дальше...

Өзгөчө абал: Экономика эмне болот?

Azattyk.org 

Бишкек баштаган бир катар аймактарда өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Өзгөчө абал узарган шартта өлкөдө экономика эмне болот? Өкмөт кандай чараларды көрүүдө? Талкууга Улуттук банктын мурдагы төрагасы, финансист Марат Султанов, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев, ишкер Тилек Токтогазиев жана Дүйнөлүк банктын Вашингтондогу штаб-квартирасында жана Колумбиядагы өкүлчүлүгүндө иштеп келген экономист Умар Шавуров катышты.

Жалал-Абаддагы дарыгерлердин жол азабы

Azattyk.org 

Жалал-Абадда медицина кызматкерлеринин жумушка барып-келиши кооптуу жана татаал бойдон калууда. Айрыкча айылдан каттап иштегендер блокпосттордон жөө өтсө, шаар ичинде топтолуп автобустарда жүргөн медиктер арбын болуп жатат.

Карантин шартындагы дүйнөлүк экономика

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду 2020-жыл глобалдык экономика үчүн дээрлик 90 жыл мурдагы Улуу депрессиядан берки эң оор жыл болоорун эскертти. Уюмдун 14-апрелде жарыяланган божомолуна ылайык, COVID-19 илдетинен улам быйыл дүйнөлүк экономика 3 пайызга төмөндөшү мүмкүн.

Орусияда түрткүнчүк болгон мигранттар

Azattyk.org 

Орусияда жашаган тажикстандык бейтаптар орус дарыгерлеринин өгөйлөгөн мамилесине туш болуп жатканын айтышууда. Ал арада Тажикстан бир нече донордук уюмдардан ири жардам ала баштады.

"Жардам сураган жалгыз бой энелер көп"

Azattyk.org 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 млн. 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 млн. 380 миң сом азык-түлүк сатып алып, таратууга жумшалды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова жардамды бөлүштүрүү иштери тууралуу "Азатык" менен маектешти.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *