Карантинде каржалган үй-бүлөлөр
Коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат.
Коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат.
Түштүк Кореяда пандемияга карабай 15-апрелде өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, президент Мун Чжэ Индин Бирдиктүү демократиялык партиясы ишенимдүү жеңип, 300 орундуу парламентте 163 мандат алды. Өкмөттүн коронавируска каршы саясаты ийгиликтүү болгондуктан, башкаруудагы партиянын рейтинги кыйла көтөрүлгөн. Добуш берүү маалында бир катар коопсуздук чаралары каралган. Ага ылайык, жарандардын баары беткап, мээлей кийип келип, бири-биринин ортосундагы аралыкты сактап... Читать дальше...
Казакстанда адам укуктары үчүн күрөшүп жүргөн жарандык активист Алимжан Избасаров психиатриялык клиникага түшүп калды. Анын апасы Жаухаз Избасарова «Фейсбуктагы» баракчасына 24 жаштагы уулу армияда кызмат өтөп жатканда офицерлердин басым-мазактоосуна чыдабай өз жанын кыюуга аракет кылганын, мындан кийин Тараз шаарындагы психиатриялык ооруканага жаткырылганын кабарлады. Бул маалыматты аталган клиника да ырастады. Избасаров былтыр жазында Казакстанда бийликке каршы өткөн нааразылык акцияларынын... Читать дальше...
Кыргызстандын Эл мугалими Исак Бекбоев 91 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 16-апрелде анын сөөгү Бишкекте «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилди. Республиканын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Билим берүү академиясынын академиги, Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын академиги (Москва шаары), педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоев Нарын облусунда 1930-жылы туулган. Эмгек жолун 1952-жылы мектепте математика мугалими болуп баштаган. Читать дальше...
Өзбекстандын элди жумуш менен камсыз кылуу жана эмгек мамилелери боюнча министри Нозим Хусанов 15-апрелде өзбек пахтасы менен матасына бойкот жарыялаган «Cotton Campaign» эл аралык коалициясына ачык кат жазды. Анда коронавируска байланыштуу жагдайдан улам өлкөнүн экономикасы, калктын саламаттыгы болуп көрбөгөндөй, эки эсе коркунучка кабылганы айтылат. Кошумча жумуш орундары, киреше болбосо абал алда канча оорлой турганы, Өзбекстан пахта талааларында балдарды жана жарандарды мажбурлап иштетүү өнөкөтүнөн арылганы белгиленген. Читать дальше...
Германияда Тажикстандын төрт жараны террордук актыларды даярдаган деген айып менен кармалды. Жергиликтүү полиция алар «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү экенин билдирүүдө.
Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2020-жылдын 1-мартындагы маалыматына караганда, өлкөдө элдин жалпы саны 6 млн. 542 миң адамга жетти. Быйыл жыл башынан бери 18,5 миңден ашуун бала жарык дүйнөгө келген. Жалпы 6,5 млн. элдин 1,367 миллиондон ашыгы Ош облусуна, 1,241 миллиондон ашыгы Жалал-Абад облусуна, 1,057 млн. ашыгы Бишкек шаарына туура келет. Ал эми Чүй облусунда 963 миң, Баткен облусунда 538 миң, Ысык-Көл облусунда 497 миң, Ош шаарында 326 миң, Нарын облусунда 289 миң жана Талас облусунда 267 миңден ашык адам жашайт. Читать дальше...
Украинанын бийлиги өздөрүн «Донецк элдик республикасы» деп атап алган жикчилдер менен быйылкы жылдын эсебинен биринчи жолу туткун алмашты. Украин президентинин кеңсеси бул жараяндын алкагында жикчилдер кармап турган 19 адамды кайтарып алышарын маалымдады. Өздөрү тараптан канча адамды бошоткону азырынча белгисиз. Эркиндикке чыккандар коронавируска байланыштуу жагдайдан улам карантинге алынмакчы. Буга чейин президент Владимир Зеленский Украинанын чыгышындагы кагылышууну жөнгө салуу боюнча түзүлгөн... Читать дальше...
Бишкекте акча салынган терминалды уурдап кеткен үч адам үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Свердлов райондук соту 14-апрелде чыгарганын Жогорку соттун басма сөз кызматы ырастады. 6-апрелде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына баасы 1,5 миң долларлык терминалдын ээси кайрылып, белгисиз бирөөлөр ичинде 61 500 сом салынган терминалын көтөрүп кеткенин айтып, арыз жазган. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү башталган. 13-апрелде бул ишке шектүү катары үч киши кармалган. Читать дальше...
Түркия коронавирустун жайылышын ооздуктоо максатында түрмөлөрдөн 45 миңдей адамды бошоткону жатат. Өлкөнүн парламенти кабыл алган мыйзамга ылайык, мунапыска илингендердин ишин майга чейин сот карайт. Бирок террорчулук үчүн камалгандар бул мыйзамга ылайык эркиндикке чыкпайт. Түркиянын юстиция министри Абдулхамит Гүлдүн айтымында, түрмөдөгүлөрдүн арасынан 17 кишиден коронавирус табылган. Алардын үчөө көз жумду. Ошондой эле Жаза аткаруу кызматында иштеген 79 киши COVID-19 илдетине чалдыкканы маалым болду. Читать дальше...
АКШнын президенти Дональд Трамп «Кошмо Штаттар коронавирус кеңири жайылган учурдан өтүп кетти» деп билдирди. Ушундан улам келаткан бейшембиде, 17-апрелде экономиканы калыбына келтирүүгө багытталган негизги сунуштарды жарыялай турганын маалымдады. Ал 15-марттагы брифингде: «Күрөш уланууда, бирок маалыматтар өлкө оору тараган учурдун туу чокусунан өтүп кеткенин далилдейт. Антсе да биз сактыкты эстен чыгарбашыбыз керек, биздин чечкиндүү стратегиябыз иштей ала турганын көрсөттү», - деп айтты. Ишкер... Читать дальше...
Кыргызстанда ишмердигин кеңири жүргүзүп жаткандыгы жоромол кылынган жана баш кеңсеси Пакистанда жайгашкан «Таблиги жамаат» уюмунун диний үгүтү секулярдык мамлекетке коркунуч келтирбейби? Дин маселелерин иликтеген адистин блогу.
Кыргызстанга коронавирус илдетине каршы күрөшкө жардам бериш үчүн Кытайдан адистер келгени жатат. Бул тууралуу 16-апрелде Коронавируска каршы республикалык штабда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин брифингинде белгилүү болду. Кытайдан 15 адис келе турганы маалым болгону жөнүндөгү суроого ал: «Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун биздеги кеңсеси менен бирге чет элден келген консультант-дарыгерлердин иштөө шарттарын тактап, даярдык көрүп жатабыз. Келгенде биздин түндүк аймакта да... Читать дальше...
Ош комендатурасына караштуу басма сөз борбору иштеп жатат, анда бардык маалыматтар ачык, журналисттер каалаган учурда кайрылса болот. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 16-апрелде брифингде «Азаттыктын» суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ал президенттик аппараттан «комендатуралар журналисттер менен иштөө форматын кайра карап чыгышы керек» деген сунуш келип түшкөнүн ырастады: «Мындай сунуш келген. Бирок биз медицина кызматкерлери койгон алгоритмдин негизинде иштеп жатабыз, ошондуктан аны бузууга укугубуз жок. Читать дальше...
Мындан ары мас абалында коменданттык сааттын талаптарын бузган адамдар Жоруктар кодексинин негизинде камалат. Бул тууралуу Ош аймагынын коменданты Малик Нурдинов 16-апрелде брифингде билдирди: «Ичип алып машине айдап кармалса, ал үчүн мыйзам чегинде айып төлөйт. Андан тышкары коменданттык сааттын талабын бузганы үчүн дагы үч миң сом айып төлөйт. Бул үй-бүлөлүк бюджетине деле зыян. Ошондуктан, биз аймакта ичкилик сатпоо тууралуу демилге көтөрүп, убактылуу чектөө киргизгенбиз. Бирок айрым соодагерлер ага карабай... Читать дальше...
Өзгөчө абал жарыяланганы Нарын шаарына төрт жерге блокпост, дагы төрт жерге фильтрациялык тосмо, ал эми Ат-Башы району боюнча беш жерге блокпост, 21 аймакка фильтрациялык тосмо коюлду. Бул тууралуу 16-апрелде Ички иштер министрлиги кабарлады. 15-апрелдин кечинде Нарын шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлеринин гарнизондук саптык кароосу өттү. Анда коменданттын буйруктары тааныштырылды. 16-апрелге карата соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 17 адам катталды, алардын 11и Нарын облусунда. Читать дальше...
«Аш көп болсо каада көп» дегендей, илгерки бир доордо эсирген бай-манаптардын ойлоп тапкан «оюндарынын» бир түрү ушул «Өпкө чабыш» болгон.
Мамлекеттик чек ара кызматынын мурдагы башчысы Курманакун Матенов Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка спикер Дастан Жумабеков кол койгонун парламенттин басма сөз кызматы 16-апрелде «Азаттыкка» маалымдады. Мурдагы бөлүм башчы Эрнест Молдошев 24-март күнү кызматтан өз арызы менен кеткен. Ошол эле күнү ал мас абалында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерин сабап салганы үчүн кармалып, камакка алынган. Читать дальше...
Коронавируска каршы күрөштүн эсебине келип түшкөн гуманитардык жардамдарды, акча каражаттарын бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамындагы жарандык коом өкүлдөрүнүн саны көбөйтүлдү. Бул тууралуу 16-апрелде «Азаттык» радиосуна «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасынын» жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирип, өзү да комиссияга кайтып келгенин кошумчалады. Мурдараак укук коргоочу Саламаттык сактоо министрлигинин депозиттик эсебине келип түшкөн акча каражаттарын бөлүштүрүү комиссиясында жарандык активисттер аз болгон үчүн чыгып кеткенин айткан. Читать дальше...
Өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген карантинге байланыштуу белгилүү сааттарда көчөдө эч ким жүрбөшү керек. Ал эми үй-жайсыз селсаяктар мындай шартта кайда баш калкалап жатат? Алардын абалынан кабар алдык.
Кыргыз бийлиги айрым чет жактагы жарандарын алып келиш үчүн автобус жөнөттү. Бул тууралуу 16-апрелде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Ал кайсы аймактарга автобус жөнөтүлгөнүн тактап айткан жок, бирок апрель-майда эки миңдей кыргыз жараны мекенине келерин кошумчалады: «Новосибирскиде консул биздин адамдарга атайын барып, алар менен жолугуп жатат. Жакын арада каалоочуларды алып келүү маселеси чечилет. Пландалып, жогорку деңгээлде чечилди. Кээ бир жактарга автобустар жөнөтүлдү. Читать дальше...
Дүйнөлүк медиа аял лидерлер башкарган мамлекеттер COVID-19 оорусуна каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканына көңүл бурууда.
Кыргызстан Кытайдан карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну суранды.
Айрым кытайлык жана башка интернет макалаларындагы Борбордук Азия тарыхын бурмалоолор тууралуу тарыхчынын блогу.