Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 20.04.2020

Кыргызстанда коронавирустан дагы эки адам каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктуруп алган эки адам каза болду. Бул тууралуу өкмөттө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Анын айтымында, каза болгондор Чүй облусунун 70 жаштагы тургуну жана Ош шаарында жашаган 79 жаштагы адам. Муну менен COVID-19 вирусунан каза тапкандардын саны жети адамга жетти. Үсөнбаевдин маалыматы боюнча, вирусту жуктуруп алганы кеч аныкталып, ооруканага оор абалда түшкөн. Ал эми өнөкөт оорулары күчөп кеткени... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш: илдет менен милдеттин жүгү

Azattyk.org 

Коронавирус пандемиясынын шартында мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтер ачыкка чыгууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин ишине ичи чыкпай, сын айткандар арбын.

Менчик лабораторияда да коронавирус аныктоо иштери башталат

Azattyk.org 

Жакынкы күндөрү Бишкекте Бонецк менчик лабораториясында коронавирусту аныктоо боюнча иштер башталат. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин 20-апрелдеги маалыматына караганда, каалоочулар Бонецк лабораториясына кайрылып, илдеттин бар-жок экенин аныктап алышса болот. Коронавируска карата алынуучу анализ тапшыруунун орточо акысы 2000 сом болушу мүмкүн. Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктуруп алган алгачкы үч адам 18-мартта катталган. 20-апрелге карата жалпы вируска чалдыккан адамдардын саны 568 болду. Читать дальше...

20-апрель: Коронавирус 14 кишиден жаңы аныкталды, 2 бейтап каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 20-апрелге карата дагы 14 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Ушуну менен СOVID-19га чалдыккандар 568 адамга жетти. Алардын ичинен 140ы - медицина кызматкерлери. Эки адам коронавирустан каза тапты. Алардын бири Чүй облусунан 70 жаштагы аял, экинчиси Ош шаарында 79 жаштагы эркек. Экөөндө тең коронавирустан тышкары өнөкөт оорулары болгон. Коронавируска байланыштуу жалпысынан 7 адам каза болду. Буга чейин 5 адам каза болгону кабарланган. Акыркы суткада 68 адам илдеттен айыгып чыкты. Читать дальше...

Нарындын коменданты дааватты чектөө сунушталганын билдирди

Azattyk.org 

19-апрелде Нарын шаары жана Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев түз эфирде жарандардан келген суроолорго жооп берип жатып, «Мындан кийин дааватка чектөөлөр болобу?» деген суроого мындай жооп берди: «Дааватчылыкка чектөө боюнча сунуш берип жатабыз. Мыйзамга өзгөртүү боюнча сунуш бар. Аны кийинчерээк айтабыз». Милиция буга чейин Нарында Пакистандан дааваттан келген жергиликтүү тургун тиешелүү чектөөлөрдү бузуп, санитардык эрежелерди сактабагандыктан, кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул... Читать дальше...

Коронавирустан сакайган медкызматкер: кесиптештериме ыраазымын

Azattyk.org 

Ош облусундагы клиникалык ооруканасынан дагы бир медицина кызматкери айыгып чыкты. Бул тууралуу 19-апрель күнү кечинде республикалык штабдан кабарлашты. «Балдардын жугуштуу оорулары боюнча дарыгер ооруканага түшкөндө эле оор абалда реанимацияга жаткырылган. Дарыгерлердин көмөгү менен илдетти жеңип чыкты», – деп айтылат штабдын маалыматында. Ошондой эле штаб дарыгердин видео кайрылуусун жарыялашты. Анда сакайган бейтап дарыгерлерге ыраазычылык айтууда. «Мени оор абалдан чыгарышты. Мага караганда дарыгерлер көбүрөөк сарсанаа болушту. Читать дальше...

Комендант: Нарында жайлоого көчүүгө тоскоолдук болбойт

Azattyk.org 

Коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышынын алдын алуу боюнча Нарын шаарында жана Ат-Башы районунда киргизилген өзгөчө абал режими мал киндиктүү аймакта жайлоого көчүү мезгилине туш келди. Буга байланыштуу Нарын шаары менен Ат-Башы районунун коменданты Уланбек Аалиев малчыларга көчүп-конуунун жол-жобосун түшүндүрдү. «Маршруттук баракчаңар болушу керек. Анда кайсы жайлоого кайсы жактан көчүп баратканыңар жазылышы керек. Андан сырткары мал жандыктардын эмделгени тууралуу справка болушу шарт. Ошонун негизинде көчүүгө жардам беребиз», - деди Аалиев. Читать дальше...

Медкызматкерлердин сунуш-талаптары үчүн онлайн ресурс ишке кирди

Azattyk.org 

Республикалык штаб Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн колдоо үчүн интернет ресурс ишке киргенин маалымдады. Интернеттеги http://med.tunduk.kg/ сайтты аркылуу кызматкер жеке коргонуу каражаты, ар кандай жабдуулар, дары-дармек менен камсыздоо үчүн билдирүү калтыра алышат. Ошондой эле республикалык штабга өткөрмө кагаздары, тамак-аш менен камсыз кылуу, эмгек акысы тууралуу көйгөйлөр менен кайрылса болот.  Түшкөн арыздардын кароо мөөнөтүн жана маселелерди чечүү тартибин штаб аныктайт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *