Бишкекте коронавируска өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү
Кыргызстанда коронавируска өз алдынча текшерилүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 22-апрелде онлайн брифингде Бишкекте Бонецкий лабораториясына кайрылса болорун билдирди. «Азаттык» лаборатория менен байланышып, анализ тапшыруу шарттарын билди. Кызматкерлеринин айтымында, азырынча бул багытта бир лаборатория иштей баштады. Анализдин баасы 2 миң сомдун тегерегинде, жыйынтыгы бир күндөн кийин чыгат. 22-апрелге карата илдет жуккандардын жалпы саны Кыргызстанда 612 кишиге жетти. Читать дальше...