Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2020

Новости за 24.04.2020

Коронавирус: Кыргызстан ар бир бейтапка үч миң доллардай жумшап жатат

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан бир бейтапка болжол менен үч миң доллар каражат кетип жатат. Бул тууралуу 24-апрелде брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. «Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги бир бейтапка 3 миң доолар коротулуп жатканын билдирди. Бизде бир бейтапка канча кетип жатат?» деген суроого ал: «Азырынча ар бир учурдун социалдык-экономикалык чыгашасын эсептеп чыга элекпиз. Бирок болжол менен ошондой эле чыгым бизде да болуп жатат... Читать дальше...

Дүйнөдө коронавирусту жуккандар 2,7 миллион адамдан ашты

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө коронавирус жуккандар 2 миллион 700 миң кишиден ашты. АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасына ылайык, 24-апрелге карата баш-аягы 190 миңден ашуун киши өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен каза болду. 750 миңдей бейтап айыгып чыкты. Адистер каттоого алынбаган бейтаптардын саны мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин билдиришүүдө. Европанын Германия жана Чехия сыяктуу мамлекеттеринде илдеттин жайылышы басаңдап, айрым чектөөлөр алына баштады. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо... Читать дальше...

Коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат

Azattyk.org 

Кыргызстанда коронавирус жуккандарды аныкташ үчүн үймө-үй кыдыруу башталат. Бул тууралуу 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов билдирди. Боронов президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууда болуп, коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат берди. Ал оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрөрүн айтты. Читать дальше...

ДССУ Тажикстан менен Түркмөнстанга адистерин жиберет

Azattyk.org 

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери кийинки жумада Тажикстанга жана Түркмөнстанга барганы жатышат. Бул тууралуу бир катар орусиялык жана тажикстандык маалымат каражаттары уюмдун Европа аймагы боюнча директору Ханса Клюгеге шилтеме кылып кабарлашты. Эксперттердин иш сапарынын алдында уюмдун Тажикстандагы өкүлү Галина Перфильева тажик бийлигинин «өлкөдө коронавирус жок» деген маалыматтарынан күмөн санай турганын орусиялык «Коммерсантъ» басылмасына айтты. Ал СOVID-19га лаборатордук... Читать дальше...

Өзгөчө абал убагында соттор нөөмөт менен иштеп жатышат

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады. Ага ылайык, өлкөдө өзгөчө абал жарыялангандан бери райондук, шаардык, облустук соттордо, Жогорку сотто судьялар нөөмөт менен иштеп жатышат. Маалыматта: «Соттук териштирүүлөр санитардык нормалардын талаптарын сактоо менен өтүп жатат. Дезинфекциялоочу каражаттар менен толук камсыз кылынган» деп айтылган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 22-апрелге белгиленген жараян Атамбаев сотко келүүдөн баш тартканы үчүн башка күнгө жылдырылды. Читать дальше...

Жээнбеков вируска каршы күчөтүлгөн чараларды улантуу зарыл деп эсептейт

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алганда айтты. Ошону менен катар мамлекет башчы экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен кайра уланта баштоого, жазгы талаа иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурду. Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө экенин айтты. Читать дальше...

Ошто өзгөчө абалда машыгуучу жана балдар ойноочу аянтчалар курулуп жатат

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багына балдар ойноочу жана машыгуучу аянтчалар курулууда. Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов 24-апрелде курулуш ишинин жүрүшү менен таанышып чыкканын мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров жарыялады. Абсаттаровдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, курулуш иштерин Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин башкармалыгы (ТИКА) өз каражатына жүргүзүүдө. Долбоор былтыр сунушталып, курулуш быйыл февраль айында башталган. Коронавирус пандемиясына... Читать дальше...



25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

25-апрелде түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25; Талас жергесинде түнкүсүн 8...13... Читать дальше...

Германияда Сириядагы кыйноо боюнча алгачкы сот башталды

Azattyk.org 

Германиянын Кобленц шаарында сириялык коопсуздук органдарынын мурдагы эки кызматкеринин үстүнөн сот башталды. «Анвар Р» жана «Эйад А» аттуу бул эки адам «Башар Асаддын режимине каршы чыккан оппозициячыларды кыйнап, жыныстык ыдык көргөзгөн» деп айыпталууда.  Сот материалдарына ылайык, «Анвар Р» Сириянын Борбордук коопсуздук башкармалыгын жетектеп, Дамасктагы түрмөлөрдү көзөмөлдөп турган. 2011-2012-жылдары ал абактарда бери дегенде 4 миңдей киши, негизинен тынч акциялардын катышуучулары ырайымсыз кыйноого дуушар болуп, 58 киши өлгөн. Читать дальше...

Түркиядан учуп келгендер үч обсервациялык жайга жайгаштырылууда

Azattyk.org 

Кыргызстандык 349 жаран 24-апрелде Түркиядан Бишкекке чартердик каттам менен келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдүн саны 351 адам, алардын үчөө балдар экенин, бардыгы авиакаттам токтогондон бери учак күтүп жаткан кыргыз жарандары экенин билдирди. Кыргызстандыктарды алып келген «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын учагы «Манас» аэропортуна чак түштө конду. Келгендерди коронавируска каршы штаб Бишкектин үч жеринде даярдалган обсервациялык жайларга жайгаштырмай болуп жатат. Читать дальше...

Акча алмаштыруучу жайларга жакпаган демилге

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттар тобунун Кыргызстанда акча алмаштыруучу жеке жайларды жабуу тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгеси көп талкууга жем таштоодо.

Армения 105 жыл мурдагы кыргындын курмандыктарын эскерүүдө

Azattyk.org 

Армения 105 жыл мурда Осмон империясынын тушунда болгон армян кыргынынын курмандыктарын эскерүүдө. 23-апрелдин кечинде бүткүл өлкө боюнча көчө жарыктары өчүрүлүп, чиркөөлөрдүн коңгуроолору кагылды. Еревандагы салттуу шамчырак жүрүшү коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам өткөрүлгөн жок. Баш калаадагы армян кыргынынын курмандыктарына тургузулган мемориалга өлкөнүн жогорку жетекчилери гана гүл коюуга барары белгилүү болду. Армян кыргынын эскерүү иш-чаралары 25-апрелге чейин уланат. Читать дальше...

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучу көп упай алды

Azattyk.org 

Эл аралык олимпиада онлайн форматта өттү. Ага Кыргызстандан алты окуучу катышты. Алардын ичинен Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу Ислам Давлетов эң мыкты жыйынтык көрсөтүп, жогорку 400 упайдын 314үнө ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Сингапурда өтүүчү информатика боюнча эл аралык олимпиада коронавирус пандемиясына байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылган. Бул жолу онлайн өткөрүлгөн сынак бейформал таймаш катары саналып... Читать дальше...

АКШ карантинден жабыркагандарга 484 млрд. доллар бөлөт

Azattyk.org 

АКШнын Өкүлдөр Палатасы карантинден жабыркагандарга 484 миллиард доллардык жардам көрсөтүүнү максат кылган мыйзам долбоорун жактырды. 23-апрелде демократтар көпчүлүктү түзгөн палатада бул документти 388 эл өкүлү колдоп, бешөө гана каршы болду.  Планга ылайык, каражаттын бир бөлүгү жумушчулардын айлыгын жана ижара акысын төлөө сыяктуу чакан ишкерликтин чыгымдарын жабууга жумшалат. Мындан тышкары ооруканаларга 75 миллиард доллар, вируска каршы тесттерге 25 миллиард доллар сарпталат. Президент Дональд... Читать дальше...

Жарандык биримдик юридикалык онлайн кеңеш берүүдө

Azattyk.org 

Күч кызматтары жана милиция кызматкерлери менен жарандардын ортосунда түзүлүп жаткан түрдүү кырдаалга байланыштуу «Реформалар жана натыйжа» жарандык биримдиги онлайн юридикалык кеңеш берүү кызматын сунуш кылды. Аталган биримдик өзгөчө абал учурунда күч кызматкерлеринин ишине байкоо жүргүзүп, баа берүү уланып жатканын маалымдаган. Өзгөчө абал учурунда күч кызматкерлери менен түшүнбөстүк болгон жарандар 0770090545 («WhatsApp») номери жана legalaid@reforma.kg электрондук дарегине кайрылып, онлайн кеңеш алышса болот. Читать дальше...

Элмир Аза

Azattyk.org 

Эл акыны Элмирбек Иманалиев тууралуу жазуучу Чоюн Өмүралиевдин макаласын сунуштайбыз.

Элге нан жана дары тараткан ыктыярчылар

Azattyk.org 

Өзгөчө абал режими киргизилип, кыймылга чектөө коюлганы Кыргызстанда жардамга муктаж адамдардын саны өстү. Жаңы конуштун тургундары бекер таратылган нанды күтсө, бейтаптар инсулин жеткизип жаткан ыктыярчылардын караанын көрсө сүйүнөт

«Коронакризис»: ишсиз калган мигранттар

Azattyk.org 

Бир катар орусиялык эксперттер Орусия бир маалда кош соккуга - коронавирус менен мунайдын арзандап кетишине туш болгонун белгилеп, карантиндик чаралар алынгандан кийин да өлкөдө массалык жумушсуздук сакталып, экономиканын жанданышы оор болот деген ойдо турушат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *