Дүйнөдө коронавирус жуккандар 18 миллиондон ашты
3-августта дүйнөлүк статистика коронавируска чалдыккандар 18 миллион кишиден ашканын көрсөттү. Ал эми коронавирус инфекциясынын кесепетинен көз жумгандар 700 миңге чамалады. 1-августтагы жыйында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) «коронавирус пандемиясы узакка созулчудай» деп билдирип, ага каршы күрөшүп жаткан мамлекеттерде «бул күрөштөн чарчап калуу коркунучу бар» экенин эскерткен. Буга чейин коронавирустун таралышын ооздуктап калганын билдирген мамлекеттердин айрым аймактарында кайра илдет күчөп жатканы кабарланууда. Читать дальше...