Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2020

Новости за 30.08.2020

Бишкекте веложарыш өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн борбор калаанын түштүк чыгыш тарабындагы "Адинай" жаңы паркында "Ден соолук" веложарышы башталды. Иш-чарага катышуу үчүн 300 чамалуу велосипедчен паркка чогулушту. Шаардын мэри Азиз Суракматов жарыштын катышуучуларын жана бишкектиктерди эгемендик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук каалады. Суракматов коронавирустан улам киргизилген карантиндик чектөөлөр учурунда түшүнүү менен мамиле кылганы үчүн тургундарга ыраазычылык билдирди. "Адинай" паркынан башталган веложарыш Айтматов проспекти... Читать дальше...

Ош облусундагы күндүзгү стационарлар толугу менен жабылды

Azattyk.org 

29-августта күндүзгү стационарлардан акыркы 13 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, алыскы райондордо ачылган стационарлар да жабылды. Андагы керебеттер, медициналык жабдуулар зыянсыздандырылып, убактылуу сактоого алынды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу аймакта жалпы 3600 орундуу 188 күндүзгү стационар ачылган. Ооруканаларда түзүлгөн 2400 орун сакталып турат. Коронавирус июнь-июль айларында күчөп... Читать дальше...

1-сентябрдан тартып өзбекстандыктарга Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет

Azattyk.org 

1-сентябрдан тартып Өзбекстандын жарандарына Кыргызстанга кирүүгө уруксат берилет. Буга Өзбекстандын COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалы туруктуу өлкөлөрдүн тизмесине киргени себеп болду. Буга байланыштуу Өзбекстан 1-сентябрдан тартып коронавирус инфекциясынын жайылышы басаңдап, эпидемиологиялык абалы турукташкан өлкөлөрдүн тизмесине 32-өлкө болуп киргизилет. 21-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коронавирустун жайлышы басаңдаган жана эпидемиологиялык абал турукташканы байкалган 31 мамлекеттин тизмесин түзгөн. Читать дальше...

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөштө каза болгон дарыгерлерге сыйлыктар ыйгарылды

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен COVID-19 вирусуна каршы күрөштө оору жуктуруп, көз жумган төрт дарыгер "Жасорат" ("Эрдик") медалы менен сыйланды. Алардын ичинде дарыгер, медайым, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун мүчөсү, анестезиолог-реаниматолог бар. Президенттин жарлыгы менен коронавируска каршы күрөшкөн, оорунун жайылуусуна жол бербөөгө салым кошкон саламаттык сактоо, илим-билим, маданият жана башка тармактардын өкүлдөрүнө да түрдүү сыйлыктар ыйгарылды. Өзбекстанда пандемия... Читать дальше...

Абдуллаев Кыргызстанда кыйноого кабылганын айтты

Azattyk.org 

Бишкекте кармалып, Өзбекстанга өткөрүлүп берилген журналист Бобомурод Абдуллаев Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагында кыйноого кабылганын айтып чыкты.

Коронавирустан үзүлгөн өмүрлөр

Azattyk.org 

Дүйнөнү каптаган коронавирус кризиси Кыргызстанда да минден ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. Бул кайгылуу сан артында кимдир бирөөнүн эң жакын адамы, анын тагдыры, жашоосу, жасаган иши, кыялы бар. Биз бүгүн коронавирустун курмандыгы болгон замандаштарыбызды эскеребиз.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *