Равшан Жээнбеков чогултулган кол тамгаларды БШКга тапшырды
Президенттик шайлоодо ат салышууга чыккандардын бири - Равшан Жээнбеков колдоочуларынын кол тамгасын Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырды. Анын штабынан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, өлкөнүн түрдүү аймактарынан 45 миңдей адам Жээнбеков үчүн кол коюшкан. Арасынан талапка жооп берген 39 840 адамдын кол тамгасы коюлган баракчалар 3-декабрда БШКга берилди. 2-декабрда миллион сом күрөө да БШКнын эсебине которулган. БШКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, кол коюлган баракчаларды тапшыруу мөөнөтү 3-декабрдын соңунда аяктайт. Читать дальше...