Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 09.12.2020

"Проект": Путин үчүн Сочи жана Ново-Огареводо окшош иш бөлмөлөр даярдалган

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин үчүн Москванын чекесиндеги Ново-Огарево жана Сочи шаарында окшош иш бөлмөлөр даярдалды. Бул тууралуу «Проект» басылмасы жазып чыкты. Ага ылайык, журналисттер Путиндин иш графигин анализдеп, президенттин басма сөз кызматы өзүнө ыңгайлуу маалыматтарды таратат деген жыйынтыкка келген. Путин үчүн эки башка шаарда коендой окшош кабинет даярдалганын бир нече булак да ырастаган. “Проект” басылмасынын жазышынча, Кремл президент Ново-Огареводо кимдир бирөө менен жолукту деп маалымат берген күндөрү... Читать дальше...

Жогорку сот Дамир Мусакеевдин иши боюнча мурдагы өкүмдөрдү жокко чыгарды

Azattyk.org 

Жогорку соттун соттук коллегиясы 9-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин ишин карап, мурдагы эки инстанциянын өкүмдөрүн жокко чыгары. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз катчысы Чынара Мамытканова кабарлады. Жогорку сот ишти башка соттук курамда кайра кароо үчүн Свердлов райондук сотуна жиберди. Бишкектин Свердлов райондук соту 2019-жылдын 24-майында Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын жетектеп... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арачылары Баткенде кездешти

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрү чек ара тилкесине жакын Баткен облусунун Кара-Бак калктуу конушунда жумушчу жолугушуу өткөрүштү. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы кабарлады. Тараптар анда 2020-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарып, 2021-жылга карата өз ара аракеттешүүнүн планын макулдашты. Андан ары чек ара бөлүктөрүнүн башчылары үчүн жоокерлердин сапка турушу боюнча биргелешкен машыгуулар өткөрүлдү. Чек ара бөлүмдөрүнүн... Читать дальше...

АКШдагы киберкоопсуздук боюнча компания хакердик чабуулга кабылганын жарыялады

Azattyk.org 

АКШдагы киберкоопсуздук боюнча «FireEye» деген ири компания кибер чабуулдун бутасы болгонун шейшембиде билдирди. Фирманын адистери анын артында башка бир өлкөнүн бийлиги турат деп боолголошот. Алар компьютерлерди бузуп кирүүнүн мурда көрүп-билбеген ыкмаларына туш болушканын айтышат. Кол салгандар компаниянын АКШдагы жана өнөктөш мамлекеттердеги кардарлардын киберкоопсуздугун тесттен өткөрүүчү каражаттарга ээ болушканы кабарланды. Окуя качан болгону белгисиз, бирок айрым булактар фирма акыркы... Читать дальше...

Беларуста асфальтка бийликке жакпаган сөздөрдү жазгандар абакка кесилди

Azattyk.org 

Беларус соту асфальтка бийликке жакпаган сөздөрдү жазган Минскинин эки тургунун түрмөгө кести. 26 жаштагы Максим Павлющик жана Владислав Гулис быйылкы бийликке каршы акциялардын катышуучусу Александр Тарайковский өлтүрүлгөн жердеги асфальтка «Биз унутпайбыз» деп жазып кетишкен. Аларга карата бейбаштык кылган деген негизде иш козголуп, эки жылга түрмөгө кесилди. Мындан сырткары бул иш боюнча дагы үч адам бир жарым жылга ачык типтеги түзөтүү мекемесине жөнөтүлдү. Беларуста мындай жазага кесилгендер атайын жатаканаларда жашап... Читать дальше...

Кой-Таш окуясына жана коррупцияга байланыштуу сотко Атамбаев катышкан жок

Azattyk.org 

9-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы жана мурдагы президентке карата коррупциялык айыптоолор боюнча бириктирилген соттук териштирүүнү карады. Жараянга Алмазбек Атамбаев катышкан жок. Судья мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин сот отурумун кийинки аптага жылдыруу тууралуу өтүнүчүн, ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү жараянга катыша албай турганын билдирген катын окуп берди. Ошондой эле жүргөн жери белгисиз болуп жаткан экс-мэр Албек Ибраимов менен экс-депутат Аскарбек Шадиев да сотко келген жок. Читать дальше...

Юрист: Азыркы Конституцияга эл ишенбейт

Azattyk.org 

Конституциялык кеңешмеге Баш мыйзамды өзгөртүүгө байланыштуу сунуш киргизип кайрылгандардын дээрлик баары Конституцияга ишенбей турганын аталган кеңешменин мүчөсү, юрист Чолпон Койчуманова бүгүн, 9-декабрда брифингде билдирди. Ал үч бийликтин тең салмактуулугу боюнча маселе кеңешменин үч секциясында каралып жатканын белгиледи: «Жаңы иштелип жаткан Конституцияга бийлик булактарын бөлүп, үч бийликтин жоопкерчилигин тактап, киргизип жатабыз. Азыркы иштеп жаткан Баш мыйзамда андай норма жок, так жазылган эмес. Читать дальше...

АКШ коронавируска каршы вакцинаны каттоого жакындады

Azattyk.org 

АКШда 8-декабрда коронавирус жуккандар 15 миллион адамдан ашты. Жон Хопкинс университетинин санагы боюнча, соңку күндөрү үч штатта вирус жуккандар рекорддук деңгээлде көбөйдү. Кошмо Штаттардын саламаттык сактоо тармагынын жетекчилиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал оңой эмес болорун эскертүүдө. Ошентсе да дары-дармекти тескөө органы жакын арада «Pfizer» жана «BioNTech» компаниялары чогуу өндүргөн коронавируска каршы вакцинаны каттоого алышы мүмкүн экени айтылууда. Бул маселеге арналган жыйын 10-декабрга белгиленген. Читать дальше...



Адвокат: Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагына которуу аракети болуп жатат

Azattyk.org 

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которууга аракет кылып жатканын анын адвокаты Замирбек Жоошев маалымдады. Адвокат ЖАМК мурдагы президенттин ден соолугуна карабай, шарты начар тергөө абагына которуп жатканын «Азаттыкка» билдирди: «Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын начардыгы тууралуу №47 абактын дарыгерлери күбөлөндүргөн кагаздары турганына карабай, аны УКМКнын тергөө абагына которуу аракети көрүлүүдө. Читать дальше...

Президенттин милдетин аткаруучу Орусиядагы кыргызстандыктар менен жолукту

Azattyk.org 

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин аппараты кабарлады. Мекендештер менен уюштурулган кездешүүдө Мамытов Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча көрүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи. Ошондой эле миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы... Читать дальше...

Жарандык коом өкүлдөрү парламенттин тарап кетишин талап кылышты

Azattyk.org 

9-декабрда Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы пикетке чыккан жарандык активисттер алтынчы чакырылыштагы парламенттин тарап кетишин талап кылышты. Акцияга чыккандардын бири, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бул чакырылыштагы депутаттар референдум өткөрүү тууралуу маселени кароого моралдык акысы жок экенин айтты. Жарандык активисттер мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу... Читать дальше...

10-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 10-декабрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…+4; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...

Июнь коогалаңында жоголгон куралдар толук табыла элек

Azattyk.org 

2010-жылкы июнь коогалаңында жалпысынан күч түзүмдөрүнө таандык 1190 курал-жарак жоголгон. Анын ичинен жарымынан азыраагы - 557 ок атуучу курал кайтарылган. 663 курал-жарак эмгиче изделүүдө. Бул тууралуу Башкы штабдын өкүлү бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Анын маалыматына караганда, июнь окуясындагы башаламандык учурунда ИИМге, УКМКга, Мамлекеттик чек ара кызматына, Башкы штабга таандык курал-жарактар жоголгон. Июнь окуясында 400дөн ашуун адам киши колдуу болуп, миңдеген адамдар жарадар болуп... Читать дальше...

Темирлан Ормуков президенттик жарыштан чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөткөн Темирлан Ормуков шайлоого катышуудан баш тартып, жарыштан чыкты. Ормуков талапкер катары Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырган документтерин кайтарып аларын билдирип, бүгүн, 9-декабрда БШКга кайрылган. Темирлан Ормуков 4-декабрга карата 30 миң шайлоочунун кол тамгасын тапшыруу жана 5 млн. сом шайлоо күрөөсүн чогултуу боюнча талапкерлерге коюлган шарттарды аткарганы тууралуу маалымат жок. БШК 3-декабрда президенттикке талапкер болуш... Читать дальше...

Саясатчылар тобу: Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпашы керек

Azattyk.org 

Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн саясатчылар Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар маалымат жыйынында Садыр Жапаровдун президенттик шайлоого катышуусун чектөөнү талап кылышты. Чогулгандар Жогорку Кеңештин төрагасы президенттик милдетти аткаруудан баш тарткандан кийин, мыйзам боюнча аны премьер-министр аткарышы керек экенин белгилешти. Мындай... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин алдында референдум өткөрүүгө каршы акция өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-декабрда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы акцияга чыгышты. Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров жана башка жарандык активисттер VI чакырылыштагы парламенттин мөөнөтү бүткөнүн айтып, ал референдум тууралуу мыйзам долбоорун кароого жана кабыл алууга укуксуз экенин айтышууда. Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков: Радикалдуу реформалардын тарапкеримин

Azattyk.org 

«Азаттыктын» 2х1 форматындагы эксклюзив маегинин кезектеги коногу – Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков. Саясатчы Кой-Таш окуясы, өзүнө козголгон кылмыш иштери, Алмазбек Атамбаев менен байланышы, октябрь окуяларынан кийин келген бийликке, конституциялык реформага мамилеси, жеке байлыгы тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Социалдык тармактар: Талкуулоо же талкалоо

Azattyk.org 

Бүгүнкү күндө эң талаштуу маселелердин бири - Конституцияны өзгөртүү жана референдум өткөрүү. Бул бир гана юристтерди, серепчилерди жана саясатчыларды эмес, коомчулукту да тынчсыздандырат. Дээрлик көп коомдук талкуулар социалдык баракчаларда жүргөндүктөн, медиа серепчилер Интернеттеги кызуу талкууланган постторду талдашты. Кыргызстанда 3 миллиондон ашык интернет катталуучу бар. Алардын 2,5 миллиону социалдык тармактарды колдонот. Өлкөдө эң көп колдонулган - "Youtube" порталы. Кыргыз "Youtube" колдонуучулары... Читать дальше...

Чолпонова: «Азыркы парламент менен өнүкпөйбүз»

Azattyk.org 

«Парламенттин мөөнөтү бүткөн», «Мыйзамсыздыкты токтотуп, таркап кеткиле», «Мыйзамсыз парламенттин спикери» деген жазуусу бар плакаттарды көтөргөн бир нече активист Мамлекеттик Думанын алдына 7-декабрда жөө жүрүшкө чыгышкан. Президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов баштаган парламент мүчөлөрү Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушкан күнү өткөрүлгөн бул акция социалдык тармактарда бир топ талкуу жаратты. Акцияны кыргызстандык мигранттардын «Ак ниет» кыймылынын мүчөлөрү уюштурушкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *