Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 10.12.2020

Атамбаевдин тарапташтары анын ишин карап жаткан соттун имаратына чогулду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту бүгүн, 10-декабрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу "Батукаев иши" боюнча кайрадан баштапкы угуусун баштады.   Алгачкы маалыматтарга ылайык, бул күнкү олтурумда Атамбаевди бөгөт чарасы да каралышы мүмкүн. Буга байланыштуу соттун имаратына мамлекеттин мурдагы башчысынын тарапкерлери чогулуп, аны боштондукка чыгышын талап кылып жатышат. Түрдүү транспаранттарды кармагандар «Атамбаевге боштондук!» деп кыйкырып турушат.   Жогорку сот... Читать дальше...

Кийинки жылдын бюджетинен 146,8 млрд. сом тышкы карызга, айлыкка, пенсияга, жөлөкпулга сарпталат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү 2021-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн 172,9 млрд. сом, чыгаша бөлүгүн 181,4 млрд. сом деп көрсөтүүдө. Мунун ичинен 146,8 млрд. сом корголгон беренелер. Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу жана вице-премьер-министр Артем Новиковдун маалыматына караганда, мунун ичинен тышкы карыз төлөнөт, бюджеттик кызматкерлерге айлык акы, пенсия жана жөлөк пул берилет. Кыргыз өкмөтү бюджеттин киреше бөлүгүн салык, бажы төлөмдөрүнөн, мамлекеттик мүлк фондунан жана башка тармактардан түшүүчү акча менен жабууга үмүттөнүүдө. Читать дальше...

Жыл башынан бери коррупцияга байланыштуу 232 адам соттолду

Azattyk.org 

Кыргызстандын соттору 2020-жылдын алгачкы тогуз айында коррупцияга байланыштуу 719 кылмыш ишин карады.  Бул сот органдарында каралган иштердин 8,36% түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу Коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургул Бакирова билдирди. Анын айтымында, бул иштер боюнча 232 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыкса, 45 адам акталган. Соттолгондор жалпы айыпталгандардын 46% түзсө, акталгандар 9% түзөт. Читать дальше...

Аксы: чек ара зымы айыл тургундарын санааркатты

Azattyk.org 

Аксы районунун Авлетим айыл аймагына караштуу Дейрес-Сай айылына жакын жердеги чек ара тилкесине Өзбекстан зым тарта баштады. Жергиликтүү эл чек ара сызыгы айылдын ичине чейин кирип келди деп арызданып жатат. Өзбек чек арачылары чек ара мамыларын орнотуп, зым менен чек ара тилкесин тосуп жатканы тууралуу ноябрдын акырында белгилүү болгон. Кыргызстандын бийлиги Өзбекстан чек арадагы такталган жерди тосуп жатканын айтууда.

2021-жылы өтчү шайлоолорго 858,4 млн. сом каралган

Azattyk.org 

Келерки жылы президентти, парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлаш үчүн бюджеттен 858,4 млн. сом каралган. Бул тууралуу  өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, вице-премьер-министр Артем Новиков 10-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, бул каражаттын ичинен 3373 млн. сом 10-январга белгиленген президенттик шайлоого жумшалат. Калганы парламентти жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого сарпталат. Новиков референдум өткөрүү тууралуу парламенттин чечими чыкса... Читать дальше...

Түркстан: кырсыктан кийинки турмуш

Azattyk.org 

Быйыл май айынын башында Өзбекстандагы Сардаба суу сактагычындагы дамба жарылганда коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Британия менен Евробиримдиктин сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады

Azattyk.org 

Британия менен Европа Биримдиги Брекзит сүйлөшүүлөрү боюнча ушул аптанын соңунда мунаса табууга үмүт кылып жатышат. 9-декабрда Брюсселге келген британ премьер-министри Борис Жонсон менен Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин үч саатка созулган сүйлөшүүсү жыйынтыксыз аяктады. Жонсон сүйлөшүүнү «ачык жана жандуу өттү» деп баалаганы менен 2021-жылдан тартып эки тараптын мамилесин тескеген келишим боюнча конкреттүү чечим кабыл алынган жок.   Сүйлөшүүдөн соң Еврокомиссиянын төрайымы «Твиттердеги» баракчасына... Читать дальше...

Бишкектин транспорт башкармалыгынын жетекчиси кызматтан алынды

Azattyk.org 

Баш калаанын транспорт башкармалыгынын башчысы Нурлан Атыкановду кызматтан бошотуу тууралуу буйрукка мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бүгүн, 10-декабрда кол койгон. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Атыканов ээлеген кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Түлөбаевдин ушундай эле буйругу менен бүгүн, 10-декабрда шаардагы троллейбус башкармалыгынын башчысы Артур Өмүрзаков да кызматынан кетти. Ал да кызматтан өз каалоосу менен кеткени кабарланды. Читать дальше...



11 айда Кыргызстандын экономикасы 8,1% төмөндөдү

Azattyk.org 

2020-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 511 миллиард сомду түзүп, 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 8,1% артка кетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети баштапкы эсептерин чыгаргандан кийин кабарлады. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эске албаганда ИДӨнүн 11 айдагы көрсөткүчү 8,6% артка кетип, 452 млрд. сом болду. Жалпы көрсөткүчтүн ичинен курулуш (16%), дүң жана чекене соода (15,6%) жана өнөр-жай 5,5%, артка кетти. ИДӨ - өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмү. Читать дальше...

Ооганстанда тележурналист киши колдуу болду

Azattyk.org 

Ооганстанда чыгышындагы Нангархар провинциясында жеке менчик телеканалдын журналисти өлтүрүлдү. Өлкөдөгү жеке «Enikass ТV» телеканалында иштеген Малала Майванд менен анын айдоочусун 10-декабрда эртең менен аймактын борбору Желалабад шаарына келе жаткан жолдо белгисиз адамдар атып кетишкен. Майванд телеканалда сегиз жылдан бери иштеп келген. Ал аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо жаатындагы активист катары да белгилүү болчу. Ооганстандагы акыркы айдагы экинчи журналисттин өлүмү үчүн эч им жоопкерчилик ала элек. Читать дальше...

Жыл башынан бери коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланыштуу 2 миңден ашык иш козголду

Azattyk.org 

2020-жылдын 10 айында Кыргызстандын укук коргоо органдарында кызматтык жана коррупциялык иштерге байланыштуу 2262 кылмыш иши боюнча сотко чейин териштирүү башталып, анын 319 сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында кабарланды. Маалыматка ылайык, учурда 1500дөн ашык иш учурда иликтенүүдө. Бул эки категориядагы кылмыштардан мамлекеттин бюджетине 5 млрд. 886 млн. 500 миң сом чыгым келтирилгени такталып, анын 2 млрд. Читать дальше...

Түркияда кыргызстандык мигрант келин коронавирустан көз жумду

Azattyk.org 

7-декабрда Түркиянын борбор калаасы Анкара шаарынын мамлекеттик ооруканасында мигрант келин коронавирус илдетинен каза болду. Бул маалыматты Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги "Азаттыкка" ырастады. Элчилик мигрант келиндин сөөгү 9-декабрда Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык расмий каттоого алынган. Коронавирус алардын канчасына жукканы тууралуу расмий маалымат жок. Түркияда коронавирус илдетин жугузуп алгандар биринчи жолу быйыл 11-мартта катталган. Ал... Читать дальше...

Референдум боюнча бюллетенде үч суроо коюлат

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумда бюллетенде үч суроо коюлат – «Президенттик башкарууну тандайсызбы?», «Парламенттик башкарууну тандайсызбы?» жана «Баарына каршы». Бул тууралуу мыйзам долбоорунун автору депутат Акылбек Жапаров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында көпчүлүк «Баарына каршы» деген вариантты тандаса анда азыркы иштеп жаткан Конституция өзгөртүлбөйт. Жапаров мындан тышкары буга чейин бир нече депутат «мыйзамды экинчи окууга алып чыгууда мыйзамдар... Читать дальше...

Сыймык Жапыкеев Финансы полициясына тергөөчүлөр жетишпей жатканын айтты

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финансы полициясы) жетекчиси Сыймык Жапыкеев Башкы прокуратурага караштуу коррупцияга каршы туруу боюнча Координациялык кеңештин 10-декабрдагы жыйынында өзү башкарган мекемеде кызматкерлер жетишпей жатканын билдирди. Ал Финполициянын бир кызматкерине кеминде 60-70тен, болбосо 90-100дөн иш туура келип жатканын айтып, бул аларга өтө оор экенин тактады. Мындан улам тергөө иштеринин сапаты жоголуп, ал жалпы жыйынтыкка залал келтирип жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Жыл башынан бери Кыргызстанга кирген түз инвестициялар үч эсе кыскарды

Azattyk.org 

2020-жылдын алгачкы тогуз айында чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 398,4 млн. АКШ долларын түздү жана 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,9% азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыр бул аралыкта 576,8 млн. доллар инвестиция келген эле. Быйылкы тикелей инвестициялардын ичинен менчик капитал, кайра инвестицияланган пайда, насыялар жана башка салымдардын баары кыскарганы кабарланды. Муну менен бирге инвестициялардын чыгып кетүү агымы көбөйгөнү байкалды. Читать дальше...

Алканова: Матраимовду "кара тизмеге" киргизип, АКШ бийлиги эки тараптуу саясат жасоодо

Azattyk.org 

АКШнын Райымбек Матраимовду "Магнитский тизмесине" киргизгенине байланыштуу Матраимовго таандык делген "Мекеним Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, бул партиянын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан Элнура Алканова пикирин билдирди. Ал коррупцияга байланыштуу Матраимовду гана "кара тизмеге" киргизгени - АКШ бийлигинин эки жүздүү саясаты деп эсептейт: "Матраимов Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи болгон эмес. Төраганын орун басары болгон. Малабаев, Кулматов деген жетекчилер отурган. "Азаттык" төрт иликтөө жасап... Читать дальше...

COVID-19: Үч адам каза болду, 379 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 379 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 10-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Каза болгондор Бишкек шаарынын, Ош облусунун жана Талас облусунун тургундары. Жаңы катталгандардын көбү Бишкек шаарына (120) жана Чүй облусуна (98) туура келет. Ош шаарында жана калган облустарда 10-20дан, айрымдарында 80ден катталды. 9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар... Читать дальше...

Эркебаев: Конституцияны сыйлабасак башаламандык улана берет

Azattyk.org 

9-декабрда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Саясатчы Абдыганы Эркебаев конституциялык мыйзамдар сакталбай кабыл алынган мыйзамдын келечеги болбойт деп эсептейт.

Бакиров: АКШ элчиси Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт. Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Бакиров элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт.   "Партиянын атын атап, кайдан-жайдан пайда боло калды" деп жатат. "Мекеним Кыргызстан" партиясы 2015-жылы түзүлүп... Читать дальше...

Октябрдын башындагы окуялардан кийин инвесторлордон 300 млн. сомдой салык түшпөй калды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы 5-6-7-октябрдагы баш аламандыктар учурунда кен казган компанияларга жасалган чабуулдарга байланыштуу, көпчүлүк ишканалар ишин токтотуп, мамлекетке 300 млн. сомдой салык түшпөй калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Равшан Сабиров 10-декабрда Башкы прокуратурага караштуу Координациялык кенештин жыйынында билдирди. Анын айтымында, бир эле «Эти Бакыр Терек-Сай» 2020-жылдын алгачкы тогуз айында 1 млрд. 200 млн. сом төксө, октябрдан бери болгону 6 млн. сом гана салык берди. Бул компаниянын... Читать дальше...

Талант Мамытов: Кыргызстан адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту бек сактарын 5-6-октябрдагы окуялар далилдеди

Azattyk.org 

"2020-жылдын 5-6-октябрында болуп өткөн окуялар Кыргызстандын эли адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту бек сактарын жана адам укуктарын коргоо бардыгынын жана ар бир адамдын кызыкчылыгын көздөөрүн дагы бир жолу далилдеди. " Мындай пикирин президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кыргызстандыктарды 10-декабрь - адам укугунун эл аралык күнү менен куттуктоосунда билдирди.  Президенттин басма сөз кызматы аркылуу тараткан куттуктоосунда Мамытов адам укугу жана эркиндиктери төрөлгөндөн баштап берилерин... Читать дальше...

Бекешев: АКШ «кара тизмеге» киргизген Матраимовду парламент көкөлөтүп отурат

Azattyk.org 

АКШ 9-декабрда «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимовду Кыргызстанда парламент, бийлик мактап отурат. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушундай пикирин билдирди: «9-декабрда эл аралык коомчулук Коррупцияга каршы күрөш күнүн белгиледи. Ошол күнү АКШ өкмөтү кыргызстандын жараны Райымбек Матраимовду «Магнитский тизмесине» киргизди. Бул тизмеге кирген адамдар менен кызматташууга тыюу салынат. Биздин парламентте аны тескерисинче колдоп... Читать дальше...

УКМК: Эки киши «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунан чыкканын билдирди

Azattyk.org 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринен кийин 52 жаштагы (З.Ж.) жана 37 жаштагы эки жаран «Женго» аттуу каймана ат менен таанымал Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунан чыкканын ачык жарыялады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады. Мекеме билдиргендей, алар мындан ары мыйзамды толук сактоого милдеттеме алышты. Факт Жазык кодексинин 248-беренеси («Уюшкан топту түзүү же ага катышуу») боюнча ачылып, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизилген. Читать дальше...

Дастан Бекешев: Биз түшүнүк менен жашап калдык

Azattyk.org 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин 10-декабрдагы жыйынында айтты. Ал Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууга мыйзам бузуу менен чыгарылып жатканын билдирди. «Мыйзамды жок дегенде бир жума коё турса болмок да. Ал күн тартибине мыйзамсыз киргизилген. Сунуштарды берсек караган жок. Комитет чогулган жок. Мыйзамдын баары эле сурамжылоо менен өтө береби? Анда элден сурабай... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *