Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 11.12.2020

«Time» журналы Жо Байден менен Камала Харристи «жыл адамдары» деп тапты

Azattyk.org 

Америкалык «Time» журналы АКШнын шайланган президенти Жо Байденди жана шайланган вице-президенти Камала Харристи «жылдын адамдары» деп тандады. Басылма 1927-жылдан бери «жылдын адамы» наамын жарыялап келе жатат. АКШнын болочок жетекчилеринин сүрөтү журналдын башкы бетине басылып чыкмакчы. Талапкерлердин тизмесине бул ирет президент Дональд Трамп, пандемия менен күрөшүп келаткан медиктер жана расалык теңсиздикке каршы чыккан демонстранттар кирген. Трамп бул наамды президенттикке шайланган 2016-жылы алган. Читать дальше...

Нобелдин тынчтык сыйлыгы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына тапшырылды

Azattyk.org 

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасына Нобелдин тынчтык сыйлыгы ыйгарылды. Кадыр-барктуу сыйлыкты ыйгаруу аземи коронавирус пандемиясынан улам онлайн форматта өтүп, агенттиктин Римдеги кеңсесинде Нобелдин медалы тапшырылды. Сыйлыкты алып жатып Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы Дэвид Бизли Нобел комитетинин акыркы чечими дүйнөдөгү ачарчылык менен күрөштө «аракетке өтүүгө чакырык» деп атады. Ал учурда дүйнө жүзүндө 690 миллиондон ашык адам күн сайын ачка жатууга аргасыз экенин эске салып, сыйлык үчүн ыраазычылык билдирди. Читать дальше...

Тиешелүү кеңешме Конституциянын алгачкы вариантын иштеп бүттү

Azattyk.org 

Конституциялык кеңешме өз ишинин биринчи баскычын бүтүрүп, Баш мыйзамдын алгачкы вариантын иштеп чыкты. Бул тууралуу кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев жана андагы секциялардын башчылары 11-декабрдагы басма сөз жыйынында билдиришти. Бөрүбашевдин айтымында, эми юристтерден жана тилчилерден турган жумушчу топ текстти бир сыйра карап чыгат. Алардын сын-пикирлеринин жана сунуштарынын негизинде кеңешменин секциялары өз профилдери боюнча кайрадан иштешмекчи. Конституциялык кеңешме уюшулган учурда анда «Конституциялык түзүмдүн негиздери»... Читать дальше...

Быйыл дүйнөдө зыяндуу газдардын абага бөлүнүшү азайган

Azattyk.org 

2020-жылы дүйнөдөгү көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү мурдагы жылдарга караганда 7 пайызга азайган. Бул тууралуу Global Carbon Project долбоорунун изилдөөлөрүндө айтылат. Климатка зыяндуу газдардын азайышына быйылкы коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөрдүн киргени себеп болгону кабарланды. Изилдөөнү жүргүзгөн белгилүү окумуштуулардан турган топ 2020-жылы дүйнө боюнча абага 34 миллиард метрикалык тонна зыяндуу газ бөлүнгөнүн санап чыккан. АКШда көмүр кычкыл газынын бөлүнүшү 2 пайызга кыскарса, Европа Биримдигинде 11 пайызга азайган. Читать дальше...

Баткендеги башы ачылбаган мунай ишканасы

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кадамжай районунун аймагынан күнүнө миң тоннадай нефти Өзбекстан менен Тажикстанга жашыруун сатылып жатканы социалдык тармактар аркылуу айтылып, талкуу жараткан. Баткен облустук бийлиги бул маалымат туура эмес деген билдирүү таратты. Өзбекстан менен чек арага жакын аймактан 1950-жылдардан бери иштетип келген газ жана мунай өндүрүү иши он жыл мурда токтотулганына карабай бир топ жерди кошуналар дагы деле ээлеп турат.

Максат Мамытканов чек арага барды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов Баткен облусуна иш сапарынын алкагында өзгөчө макамы бар чек ара аймактарынын абалы менен таанышты. Вице-премьер Лейлек жана Баткен райондорундагы чек ара бекеттерин кыдырды. Жыйынтыгында Максат Мамытканов тиешелүү кызматтарга мамлекеттик чек араны коргоо жана коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды. Вице-премьер-министр Баткенде милиция кызматкерлери менен да жолугуп, аймакта мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Читать дальше...

Марокко менен Израил алака-катышты жөнгө салууну макулдашты

Azattyk.org 

Марокко менен Израил дипломатиялык алака-катышын кайра жандандырууну макулдашты. Эки өлкөнүн өз ара мамилесин жөнгө салууга АКШ ортомчулук кылды жана Вашингтон Марокконун шарты менен Батыш Сахараны анын карамагындагы аймак катары тааныды. Бул соңку бир жыл ичинде АКШнын, тактап айтканда, президент Дональд Трамптын ортомчулугу астында Тел-Авив менен өз ара мамилесин жөнгө салган төртүнчү араб өлкөсү болуп калды. Израил менен Марокко өз ара мамилелерин жөнгө салууну макулдашканын Кошмо Штаттардын... Читать дальше...

Түркия айрым соцтармактарга көлөмдүү айып пул салды

Azattyk.org 

Түркия парламенти ушул жылдын 29-июлда «Твиттер» жана «Фейсбук» сыяктуу социалдык тармактарды тескеген мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, аталган компаниялар өз платформалары боюнча түшкөн арыздарды караш үчүн Түркияда өкүлчүлүктөрдү ачышы зарыл. Ошондой эле атайын өкүл дайындалышы керек болчу. Ал Түркиянын жараны болушу абзел.  Бирок айрым социалдык медиа компаниялары бул мыйзамга баш ийбегендиктен 1-ноябрда биринчи көлөмдүү айып пул салынган.  Ал эми 11-декабрда Түркиялык «Анадолу» маалымат агенттиги... Читать дальше...



Индия вакцина өндүрө баштайт

Azattyk.org 

Вакцина өндүрүү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы орунда турган Индия коронавирус пандемиясын ооздуктоо боюнча глобалдык күрөшкө киришүүгө даярданууда.

12-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

«Кыргызгидромет» борбору 12-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабай турганын билдирет. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5; Талас жергесинде түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Мамкаттоо 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санариптештирип жатат

Azattyk.org 

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти 2020-жылдын соңуна чейин 1982-жылдан 1992-жылга чейинки адам өлүмү тууралуу актыларды санарипке өткөрүп бүтүрөрүн кабарлады. Анын маалыматында айтылгандай, ушул аралыкта катталган өлүм-житим жөнүндөгү 320 440 актынын 305 940 санариптештирилди. Иш жыйынтыкталбай жатканына коронавирус пандемиясы таасир эткен. Калкка байланыштуу түрдүү формадагы актылардын баарын санариптештирүү маалыматтарды бир базада... Читать дальше...

Соцтармактарда экстремисттик чакырык үчүн шек саналган киши Баткенде кармалды

Azattyk.org 

«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик уюмдарга таандык видеолорду, сүрөттөрдү жана Сириядагы согушту жактаган видеоматериалдарды таратып жүргөн жаранды Баткендин Кадамжай райондук милициясы кармады. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан мааалыматка ылайык, шектүү ошондой эле халифат орнотуу тууралуу чакырыктарды жасап жүргөн. Бул иш боюнча Жазык кодексинин 315-беренесинин («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») негизинде сотко чейинки териштирүү иши башталды. Читать дальше...

Медиа полиси: Баш мыйзамдагы сөз эркиндиги тууралуу жоболор сакталып калышы керек

Azattyk.org 

Азыр иштеп жаткан Конституциядагы 31, 33, 20-беренелер сакталып калышы керек. Мындай көз карашын 11-декабрда Бишкекте өткөн "Сөз эркиндиги - басма сөздө" аттуу онлайн дискуссияда Медиа полиси институтунун юристтери билдиришти.  "Бул жоболорсуз Кыргызстанда демократия болбойт, демократия жок жерде сөз эркиндиги болбойт", - деди институттун директору Бегаим Усанова. Дискуссия учурунда юристтер Баш мыйзамдагы адам укуктарынын сөз эркиндигине байланышкан жогорудагы үч берененин маанисин чечмелеп беришти. Читать дальше...

АКШнын элчиси Дональд Лунун Матраимовго байланыштуу пикирин колдогондор пикетке чыкты

Azattyk.org 

11-декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин имаратынын астына он чакты адам пикетке чыкты. Алар «Чын чычалайт», «Дос күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат», «Дональд Лу, биз сизди колдойбуз» деп жазылган плакаттарды көтөрүп турушту. Чогулгандар АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лунун быйыл 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу пикирин туура деп эсептей турганын айтышты. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Урмат Иманкулов: «Биз бул жерге кыйкырып, талап коёлу деп келген жокпуз. Биз өз оюбузду гана билдирип коёлу деп чогулдук. Читать дальше...

«Тоо чаңгысы менен туристтерди тартcа болот»

Azattyk.org 

Каракол шаарындагы спорт мектеби тоо чаңгысына (лыжа) кызыккан өспүрүмдөрдү бекер машыгууга чакырууда. Азыр бул мектепте 150 бала машыгып жатат. Биз мектептин машыктыруучусу Вадим Караульныхты кепке тарттык.

Байтикте окуучулардын ууланышына байланыштуу төрт кызматкер айыпка жыгылды

Azattyk.org 

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Байтик айылындагы «Кут Билим» мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт жооптуу кызматкерине айыппул салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Анда айтылгандай, Аламүдүн райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана жугуштуу ооруларды алдын алуу мамлекеттик борборунун санитардык-гигиеналык изилдөөсүндө бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом... Читать дальше...

«IV түрк фильмдери жумалыгы – Бишкек» саамалыгы өтөт

Azattyk.org 

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин колдоосу менен «Йерли Дүшүнже» ассоциациясы уюштуруп жаткан «IV түрк фильмдери жумалыгы – Бишкек» саамалыгы 2020 жылдын 18-22-декабрь күндөрү дүйнөнү каптаган COVID-19 себебине байланыштуу Интернет аркылуу онлайн көрсөтүлөт. Бул тууралуу түрк режиссёру Өнер Кылыч кабарлады. Жумалыкта «Тилсиз», «Кызымдай жыттанып жатасың», «Энем», «Кумурска», «Рафадан Тайфа» (анимациялык) аттуу түрк фильмдери көрсөтүлөт. Читать дальше...

Жаза аткаруу кызматына коронавируска каршы жабдуулар берилди

Azattyk.org 

Жалпы суммасы 5 млн. 492 миң сомдук медициналык жабдууларды, дезинфекциялоочу жана коргоочу каражаттарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматына (ЖАМК) "Сорос-Кыргызстан" фонду берди. Октябрь айында кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору миңден ашык адамдан байкалганын маалымдашкан. Алар жүргүзгөн иликтөөдө 47-колонияда миңге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. Читать дальше...

Бозымчак кенинин жумушчулары ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыгышты

Azattyk.org 

Ала-Букадагы Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан казакстандык «KAZ mineralz Bozymchak» ишканасынын эмгек жамааты өндүрүштү жандандырып, ишке кайтууну талап кылып Бишкекте митингге чыкты. Акциянын катышуучулары Жогорку кеңештин жана президенттик аппараттын имаратынын алдына топтолуп, бийликтин так жооп беришин өтүнүштү. Жүздөгөн кызматкелер колунда түрдүү транспаранттарды кармап чыгышты. Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Жыргалбек Сагынбаев акцияга чыккандар менен чыгып жолугуп... Читать дальше...

Аргасыз учурдан акча жасагандар

Azattyk.org 

Башкы прокуратура саламаттык сактоо тармагында кызматтык жана коррупциялык мүнөздөгү 600дөн ашуун мыйзам бузуу фактысы аныкталганын жарыялады.

COVID-19: Бир адам каза болду, 327 бейтап жаңы катталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 327 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен бир адам каза болду. Бул тууралуу 11-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Каза болгон адам Жалал-Абад облусунда катталды. Илдет жаңы катталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарына (113) жана Ысык-Көл облусуна (69) туура келет. Чүй облусунда 45, Жалал-Абад облусунда 33 адам. Ош шаарында жана калган облустарда 10-20дан бейтап катталды. 11-декабрга карата... Читать дальше...

Финполдун мурдагы жетекчиси Бакир Таиров мажбурлап акча өндүрүүгө шектелип кармалды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) мурдагы төрагасы Бакир Таиров мыйзамсыз акча алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматта айтылгандай, мекеменин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Таиров иштеп жаткан учурда мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен ири суммада акча каражатын алганын аныктаган. Маалыматта Таиров ири сумманы  берүүгө мекеме жетекчисин 2020-жылдын октябрь... Читать дальше...

Евробиримдик Түркияга каршы санкцияларды узартты

Azattyk.org 

Евробиримдик Жер ортолук деңизиндеги аракеттерине байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды узартты. Мындай чечим 10-декабрда Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин Брюсселде өткөн саммитинде кабыл алынды. Ага ылайык, Түркияга 2019-жылдын 11-ноябрында киргизилген санкциялык чаралардын мөөнөтү дагы узартылат. Еврошаркеттин мүчөлөрү Түркия Жер ортолук деңизинде мыйзамсыз саясат жүргүзүп жатат деп эсептейт. Шаркет Жер ортолук деңизинде Түркия боюнча чечимдери менен аракеттерин АКШ менен бириктирүүнү көздөй турганын жарыялады. Читать дальше...

Евробиримдик лидерлери Украинага байланыштуу Орусияга каршы экономикалык чектөөлөрдү улантууну жактырышты

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин лидерлери 10-декабрда Орусиянын Украинадагы кырдаалдагы ролуна байланыштуу расмий Кремлге каршы киргизилген экономикалык санкцияларды дагы алты айга узартууну колдоп добуш беришти. Француз президенти Эммануэл Макрон жана немис канцлери Ангела Меркел Брюсселдеги Евробиримдктин саммити маалында Евробиримдиктин мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларына «Нормандия форматындагы сүйлөшүүлөрдүн» акыбалы тууралуу кыскача маалымат беришти. Алар Крым жана Донбасстагы кырдаал боюнча эч жылыш болбогондугун белгилеп... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *