Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Декабрь
2020

Новости за 14.12.2020

Судьяга каршы виртуалдык митинг башталды

Azattyk.org 

Интернеттеги социалдык тармактарда жүрүп жаткан виртуалдык митингдин катышуучулары 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн айыпталып жаткан үч адамдын экөөнү актап, үчүнчүсүнүн күнөөсүн жеңилдеткен чечим чыгарганы үчүн Тоң райондук сотунун судьясы Сабыр Содонбековго кызматтык иликтөө жүргүзүлүшүн талап кылышууда. Виртуалдык митинг «Фейсбук», «Твиттер» жана «Инстаграм» социалдык тармактарында жүрүп жатат. Виртуалдык митинг боюнча жарандык активисттер, аялдардын укуктарын коргоочулар жана катардагы жарандар демилге көтөрүшкөн. Читать дальше...

«АКШда сот президентти да ордуна коёт»

Azattyk.org 

Гарвард университетинен билим алган Айзада Марат кызы Кыргызстанга «Кошмо Штаттардай күчтүү президенттик система орнотобуз» деген жүйөнү такыр орунсуз деп сындады.

Китепканалардын зээнди кейиткен абалы

Azattyk.org 

Кыргызстандагы китепканалардын 192синин имараттары оңдоп-түзөөгө муктаж. Алардын ичинен 42си авариялык абалда. Каражатка байланыштуу китеп фонддору да жаңыланбай келет. Борбордук китепканалар болсо эл аралык уюмдардын, чет өлкөлөрдүн акчасына жанын багууда. “Азаттык” китепканалардын азыркы абалын айтып берет.

Руслан Царев Дүйнө кубогу мелдешинен коло медаль утту. Балбандын видеосу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстандык балбан 8/1 финалда венгриялык Балин Корпашиге жеңилген болчу. Венгер балбаны финалга чыкканына байланыштуу Царев коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Трамптын жактоочулары менен каршылаштары Вашингтондо кагылышты

Azattyk.org 

АКШнын борбору Вашингтон шаарында жана өлкөнүн башка айрым жерлеринде президент Доналд Трамптын жактоочулары менен аларга каршы тараптагылардын өкүлдөрү 12-декабрда кагылышууга барды. Вашингтондо республикачы Доналд Трампты жактаган топтор 3-ноябрдагы президенттик шайлоодо демократ Жо Байдендин жеңгендиги тууралуу жыйынтыкты жокко чыгарууну талап кылышты. Алардын нааразылык жыйындары 14-декабрга белгиленген АКШнын Шайлоочулар коллегиясынын тагдыр чечээр отурумунун алдында акыркы ирет Трампты колдоо максатын көздөгөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *