Баку Тоолуу Карабакта бир жоокери окко учканын билдирди
Азербайжан жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы чабуулда бир жоокери окко учканын, экинчиси жарадар болгонун билдирди. Коргоо министрлиги 28-декабрда маалымдагандай, мурунку күнү «армениялык мыйзамсыз куралчан топ» Агдам айылында азербайжандык аскердик бөлүккө кол салган. Министрлик чабуул койгондордун бардыгы жок кылынганын кошумчалап, келечекте мындай аракеттерге каршы катуу чара көрүлөрүн эскертти. Расмий Ереван жана Тоолуу Карабактын де факто бийлиги билдирүүгө байланыштуу комментарий бере элек. Читать дальше...