Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
COVID-19га каршы күрөш боюнча штаб 10-апрелге карата коронавируска чалдыккан 833 адам ооруканада экенин кабарлады. Бейтаптардын ичинен 27 адамдын абалы өтө оор. 193 адам оор абалда. 587 адамдын абалы орто оордукта, 26 бейтап канаттандырарлык абалда. Амбулатордук дарыланууда – 880 бейтап бар. 10-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жугузуп алган 208 киши катталды. Соңку суткада оорудан үч киши каза тапты. Пандемия башталган былтыркы марттан бери Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана... Читать дальше...
Чет жактардагы кыргызстандык диаспоралардын башын бириктирген "Замандаш" ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири, биримдиктин ардактуу төрагасы Кадыр Бусурманкулов оорудан улам, 59 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу анын жакындары "Азаттык" радиосуна кабарлашты. Маркумдун тажиясы 11-апрелде Бишкекте болот. 2003-жылы Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспораларынын башын бириктирген эл аралык "Замандаш" ассоциациясы түзүлгөн. Аны «Замандаш» фондунун жетекчиси Мухтарбек Өмүракунов жетектеген. Читать дальше...
Кыргызстандык футболчулар коомчулукту аялдарга карата зомбулукту токтотууга чакырган акция өткөрүшөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандын адис футболчулар ассоциациясынын президенти Рустам Жаныбаев билдирди. Анын айтуусунда, кыргыз премьер-лигасынын оюнунда футболчулар беттешке бетине кызыл боёк сыйпап чыгышат. “Нефтчи” жана “Кара-Балта” командаларынын оюну бүгүн, 10-апрелде Кант шаарында өтөт. “Ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясынан кийин Бишкекте өткөн акцияга биз да катыштык. Читать дальше...
Соңку бир суткада COVID-19 инфекциясын жугузуп алган үч киши каза тапты. Анын экөө Бишкек шаарынан болсо, бирөө Чүй облусунан. Коронавируска каршы штабдын маалымдашынча 10-апрелде республика боюнча вирусту жугузуп алган 208 киши катталды. Алардын басымдуусу Бишкек шаарында жана Чүй облусунда. Бишкек - 128 Ош шаары - 1 Чүй облусу – 66 Ош облусу - 2 Талас облусу - 0 Нарын облусу - 2 Ысык-Көл облусу – 8 Жалал-Абад облусу – 0 Баткен облусу - 1 Ушуну менен COVID-19 U07.1 жана U07.2... Читать дальше...
Индияда вакцинанын таңкыстыгы орун алууда. Мумбай мегаполисинде коменданттык саат жана дем алыш күндөрү карантин жарыяланды. Өлкөдө коронавирусту жугузуп алуу көрсөткүчү жана бул илдеттин айынан күнүмдүк өлүмдөрдүн саны беш айдан берки эң жогорку чекке жеткени маалымдалды. Калкынын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган бул өлкөдө март айынын акыркы күндөрүнөн бери бир миллиондон ашык киши коронавирусту жаңыдан жугузуп алды. Индияда күнүнө 500дөн ашуун киши өлүмү катталууда, бирок өлүм-житимдин... Читать дальше...
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.
Ошто жети жаштагы кызды зордуктоого шек саналып, Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылынын 26 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматта 9-апрелде кечки саат 20:00 чамаларында Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагына караштуу Кайрагач айылында 7 жаштагы Н.А белгисиз жаран тарабынан зордукталган. Секелек Ош облустук төрөт үйүнө оор абалда жеткирилген. Кылмыш ушул эле күнү Ош ОИИБнин Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган. Читать дальше...
Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйенге Анкарада түрк президентинин катарынан орун берилбегендиги европалыктардын кескин сынына кабылды. Түркия протокол бузулбагандыгын билдирүүдө.
Учурда Алматы шаарында Токио Олимпиадасына жолдомо берген квалификациялык турнир өтүп жатат. Бүгүн кыз-келиндер күрөшү жүрүүдө. Анда кыргызстандык үч балбан кыз катышууда.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилердин ордуна жаңылары дайындалды. Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгын (ШИИБ) убактылуу жетектөөгө Азамат Ногойбаев дайындалды. Анын убактылуу орун басары Тилек Туюкбаев болду. Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын башчылыгына Кыргыйбек Курманалиев, Мелис Ниязалиев Биринчи май РИИБнүн башчысы болуп дайындалды. Биринчи май РИИБнүн башчысынын орун басарлыгына Улан Орозалиев... Читать дальше...
11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Башмыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумда 19 298 адам добушканадан тышкары жерде добуш берүүгө арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-апрелде маалымдады. Ага ылайык, арыз бергендердин басымдуу бөлүгү Бишкекте - 4990 шайлоочу, андан кийин Ош облусунда - 3811, Чүй облусунда 2830, Жалал-Абад облусунда - 2691, Ош шаарында 1,5 миңден ашуун шайлоочу. Боршайкомдун маалыматына караганда, добушканадан тышкары жерде шайлоочулардын тизмесинде катталган... Читать дальше...
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) аялдар түзүмүнүн Кыргызстандагы өкүлү Улзийсурен Жамсран уурдалып өлтүрүлгөн Айзаданын окуясы тууралуу пикирин 9-апрелде өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Омурбек Суваналиев менен жолугушуусунда билдирди. Анда тараптар ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын окуясын талкуулашты. Өмүрбек Суваналиев Кыргызстанда кыз ала качууну салт эмес, кылмыш, зомбулук деп атап, уурдап барып мажбурлап никеге туруу жапаайычылык экенин айтты. Өкүл мындай каргашалуу окуя... Читать дальше...
Жер ресурстары агенттигине караштуу "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын башчысы С.Б. 5-апрелде кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы ал жер пайдалануудагы коррупциялык схемаларды жоюу иштеринин алкагында кармалып, тергөө абагына киргизилгенин кабарлады. Маалыматка ылайык, С. Б. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталган. 2020-жылдын август айларында «Ош электро» ишканасы административдик имаратты сатуу боюнча аукцион өткөргөн. Читать дальше...
Уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын окуясы боюнча иликтөөдөн кийин Ички иштер тармагындагы бир катар жетекчилер кызматынан бошотулду. ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитовдун маалыматына караганда, алар өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгы үчүн ишинен алынды. Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 9-апрелдеги буйругуна ылайык, Бишкек ШИИББнын башчысы Бакыт Матмусаев, анын коомдук коопсуздук боюнча орун басары Эрлан Атантаев, Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов кызматынан бошотулду. Читать дальше...
11-апрелде өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча референдумга үгүт иштери аяктады. Мыйзамга ылайык, бүгүн – добуш берүүгө бир күн калганда үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Кыргызстанда 11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Конституциянын жаңы долбоору референдумга коюлат. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 11-апрелдеги референдумга 3 606 201 адам катыша алат. Читать дальше...
Орусиянын коопсуздук кызматынын өкүлдөрү өлкөдөгү эң белгилүү иликтөөчү журналисттердин биринин үйүн тинтип, анын өзүн суракка алып келишти. Анын адвокаты жана редакциясы бул окуяны Орусиядагы кудуреттүү делген кишилердин бири – "Роснефть" компаниясынын жетекчиси Игорь Сечиндин ишмердигин чагылдырган маалыматка байланыштырышты. 9-апрелде ФСБнын коопсуздук кызматкерлери "Важные истории" интернет порталынын башкы редактору Роман Аниндин Москвадагы батирин тинтүүгө алышкан соң, "кесиптик милдеттерин... Читать дальше...
Тайманбас жана мээнеткеч журналисттин элеси ар дайым жүрөктө кала берет. Маркум Жаркын Темирбаеваны көп жылдар бою чогуу иштешкен кесиптештери эскеришет.