Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2021

Новости за 14.04.2021

Сот БШКнын алдында митинг өткөрүүгө тыюу салды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук соту Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында митинг өткөрүп, ачкачылык жарыялоого тыюу салды. Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев билдирип, «Фейсбуктагы» баракчасына соттун чечиминин көчүрмөсүн жарыялады. Анын маалыматына караганда, сот мындай чечимди райондук акимчиликтин арызынын негизинде чыгарган.  Чечим нааразы партиянын өкүлдөрүнө берилген. Бүгүн, 14-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар... Читать дальше...

HRW башчысы абактагы Навальныйга карата мамилени айыптады

Azattyk.org 

"Human Rights Watch" (HRW) эл аралык уюмунун аткаруучу директору Кеннет Рот абактагы орус оппозиционери Алексей Навальныйга карата мамилени айыптады. Ал саясатчыны абакта атайлап кемсинтип, эркин сындырууга аракет болуп жатат деп билдирди. Укук коргоо уюму Навальныйдын өмүрү үчүн тынчсызданып жатканын белгилеп, орус бийлигин саясатчыны абакка кесүү менен орусиялыктардын демократияга умтулуусун жокко чыгара албасын эскертти. Алексей Навальный акыркы апталарда абакта саламаттыгы начарлап кеткенин айтып келет. Читать дальше...

Атамбаевдин саламаттыгын экспертиза аныктамай болду

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгын аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза өткөрүлмөй болду. Мындай чечим бүгүн, 14-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда кабыл алынганын журналисттерге анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. Адвокат судья экспертиза тууралуу чечимди өз демилгеси боюнча кабыл алганын, бирок жактоочулар жана айыпталуучулар көпчүлүгү каршы болгонун айтты: “Себеби зарылчылык жок. №47 колониянын башкы дарыгери “ооруп жатат” деген кат жөнөтүүдө. Ошого судья ишениши керек”. Читать дальше...

Коженттеги Кытай компаниясына нааразылык

Azattyk.org 

Тажикстандын Кожент шаарынын ондогон тургундары 13-апрелде бузулган үйлөрүнүн ордун Кытай компаниясынан кайтарып алууну талап кылышты. Буга байланыштуу өздөрүн жабырлануучу катары эсептеген 20 чакты тургун шаардык мэриянын алдына митингге чыгышты. Жергиликтүү бийлик үйлөрү бузулган жашоочулар өздөрү башка жактан сунушталган батирлерди алууга макул болбой жатканын жүйө келтирди. Коженттеги кытайлык “Husnoro” курулуш компаниясы 2015-жылы көп кабаттуу үй куруу үчүн шаардын Рахмон Набиев көчөсүндөгү 32 жеке турак үйдү бузган. Читать дальше...

«Тажикстанда калган айылымды сагындым»

Azattyk.org 

Теги тажикстандык кыргыздардан болгон, учурда Чүй боорунда жашап жаткан 91 жаштагы Мамазаит Боронов аксакал менен журналист, жазуучу Мирзохалим Каримов маектешет.

"Чогуу жеңебиз" - суициддин кесепети сахнада

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө былтыр 13 өспүрүм өз жанын кыйган. Быйыл эки айдын аралыгында эле аталган облуста эки бала өмүрүнө кол салды. Иликтөөлөргө ылайык, окуучуларды мындай кадамга көпчүлүк учурда миграция, жумушсуздук, рэкетчилик, чоңсунуу, опузалоо жана үйдөгү пикир келишпестик өңдүү маселелер түртөт. Ысык-Көлдө өспүрүмдөр арасындагы суицидди алдын алуу үчүн атайын спектакль даярдалды.

Беларус: атайын кызмат оппозициячылар кармалганын ырастады

Azattyk.org 

Беларустун Коопсуздук комитети оппозициячыл “Беларус элдик фронту” партиясынын лидери Григорий Костусев менен бийликти сындап келген саясий аналитик Александр Федутанын кармалганын бышыктады. Атайын кызматтын 13-апрелдеги билдирүүсүндө алар учурда тергөө абагында экени айтылат, бирок кандай айып тагылганын тактаган жок. Буга чейин Костусевдин туугандары саясатчыны 12-апрелде Шклов шаарынан кармап кетишкенин айтып чыгышкан. Соңку кездери Москвада иштеп жүргөн аналитик Федутанын дайыны чыкпай жатканын анын жубайы билдирген. Читать дальше...



Адвокат: Сегизбаев энчилүү куралга байланышкан айыпты четке какты

Azattyk.org 

Бир нече кылмыштарга шектелип камакка алынган Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев энчилүү курал менен сыйлоо боюнча айыпты четке какты. Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматына караганда, Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү энчилүү курал менен мыйзамсыз сыйлоо фактысына байланышкан айыптоо катын тапшырууга жана ага кол койдурууга аракеттенишкен. Бирок Сегизбаев бул иш ойдон чыгарылган деген негизде кагазга кол коюудан баш тарткан. Читать дальше...

Бейөкмөт уюмдардын ишин талкуулаган жыйындар өтүүдө

Azattyk.org 

Ош жана Баткен облустарында бейөкмөт уюмдардын иш-максатын элге түшүндүрүүгө багытталган жолугушуулар өтүп жатат. Бул тууралуу 14-апрелде “Азаттык” радиосуна “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун басма сөз кызматы кабарлады. Уюмдун маалыматына караганда, «Луч Соломона» коомдук фонду өзбек тектүүлөр жыш отурукташкан айылдарды, мектеп-лицейлерди кыдырып, жолугушууларды алардын эне тилинде өткөрүүдө. Фонддун жетекчиси Садыкжан Махмудовдун айтымында, быйыл февралда башталган иш-чара май айынын экинчи жарымында жыйынтыкталат... Читать дальше...

Казак прокуратурасы Кордайдагы жаңжал боюнча айыпталгандарга жаза сурады

Azattyk.org 

Казакстандын Тараз шаарында Кордайдагы улут аралык жаңжал боюнча сот уланууда. 13-апрелдеги жараянда прокурорлор бул иш боюнча айыпталган 51 адамга шарттуу түрдө жазадан тартып 20 жылга чейин абакка кесүүнү сурады. Алар «Массалык башамаландык», «Мыйзамсыз курал сактоо», «Каракчылык», «Адам өлтүрүү» деген беренелер боюнча айыпталууда. Айыпталуучулардын ичинен 16 адам үй камагында, калгандары тергөө абагында. Мамлекеттик айыптоонун сунушуна Казакстандагы дунгандар ассоциациясынын төрагасы Хусей Дауров нааразылыгын билдирди. Читать дальше...

Бишкек баатырдын эстелигинин ачылышы өттү

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-апрелде Бишкекте улуттук баатыр — Бишкек баатырдын эстелиги ачылды. Расмий иш-чарага президент Садыр Жапаров жана коомчулук өкүлдөрү катышты. Жапаров өз сөзүндө “XVII–XVIII кылымдар — кыргыз эли душмандар менен кырды бычак түшүп кырылышкан кандуу жана калабалуу окуяларга бай, элибиздин эстутумуна терең из калтырган доор” экенин айтып, Бишкек баатыр да эл четинде, жер чегинде туруп, эрдиги менен таанылганын белгиледи. Бишкек Кенен уулу (Бишкек баатыр) — 18-кылымда жашаган тарыхый инсан. Читать дальше...

Кыйноого даттанган жаранга экинчи ирет операция жасалмай болду

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын тургуну милициянын кыйноосуна кабылганын айтып арызданды. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор 14-апрелде билдирди. Маалыматка караганда, азыр жазган адам быйыл 24-мартта Кызыл-Кыя шаардык милициясына күбө катары суракка чакырылган. Сурак учурунда милициянын оперкызматкери сөгүнгөн сөздөрдү сүйлөп, башына бир нече жолу чапканын айтып берген. Соккудан мурда операция болгон көз оорусу күчөгөнүн маалымдаган.  Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун билдирүүсүндө... Читать дальше...

Бишкекте шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын ачкачылык акциясы башталды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында 14-апрелде ачкачылык акциясы башталды. Аны жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар уюштуруп жатышканын «Азаттык» радиосуна Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын мүчөсү Амантур Манапбаев билдирди. Анын айтымында, акция буга чейин сегиз саясий партиянын атынан жөнөтүлгөн кайрылууга жооп алуу максатында уюштурулууда жана ал үч күн уланат: «Бул шайлоо таза өткөн жок. Жыйынтыгы бурмаланды. Бул позицияны калың катмар эл колдоп жатат». Читать дальше...

Ош шаарында эки мектеп 14 күнгө карантинге жабылды

Azattyk.org 

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы катчысы Азамат Абсаттаров мэриянын алдындагы атайын комиссия мектептерди убактылуу жабуу тууралуу чечим кабыл алганын "Азаттыкка" билдирди: "Ал комиссия бүгүн, 14-апрелде жыйынга чогулуп, "Олимп" жана "Жетиген" мектептерин 14 күнгө жабуу чечими кабыл алынды. Бул убакыт аралыгында калган окуучулардан вирус аныкталбаса кайра ачылат”. Дүйшөмбүдө, 13-апрелде шаардагы "Жетиген" жана "Олимп" мектептеринин ар биринде бирден окуучудан коронавирус чыккан. Эки мектепте тең 900дөн көп окуучу билим алат. Читать дальше...

Камактагы Эмир Чукуевдин ата-энеси президентке кайрылды

Azattyk.org 

“Манас” аэропортунун башкармалыгынын мурдагы төрагасы, коррупцияга шектелип камакта отурган Эмир Чукуевдин ата-энеси 14-апрелде президент Садыр Жапаровго ачык кайрылуу жолдоду. Атасы, 82 жаштагы Майрамбек Чукуев баласынын күнөөсүз экенин айтып, ишти адилеттүү чечип берүүгө жардам сурады.  Буга чейин Чукуевдин жакындары үч ирет Бишкектин Ленин райондук сотунун алдына нааразылык акцияга чыгышып, аны жок деген үй камагына бошотууну талап кылышкан. Буга анын ден соолугу начарлап кеткенин жүйө келтиришкен. Читать дальше...

Ак-Кудук: авариялык абалдагы мектеп, кыйналган окуучулар

Azattyk.org 

Нарын районундагы Ак-Кудук айылынын мектеби авариялык абалда болгондуктан, окуучулар онлайн режиминде окуп жатышат. Кыштакта интернет маселеси дагы чоң көйгөйгө айланган. Ак-Кудук Нарын шаарынан 80 чакырым алыстыкта жайгашкан.

УКМК чыккынчылык үчүн шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев экенин билдирди

Azattyk.org 

Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалышты. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе алар 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал. Читать дальше...

БШК Ороктогу окуя тууралуу: Аялдардын мыйзамдуу укугуна тоскоолдук жаратпоо керек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аялдардын жергиликтүү кеңештердеги 30 проценттик квотасы мамлекеттин конституциялык милдети жана аялдардын мыйзамдуу укугу экенин эскертти. 14-апрелде Боршайком Чүйдүн Орок айылындагы окуя боюнча расмий билдирүү таратып, жергиликтүү кеңешке талапкер болгон аялдардын мыйзамдуу шайлоо укуктарын ишке ашырууга жолтоо болбошу керектигин белгиледи. БШК билдиргендей, аялдар Кыргызстанда калктын 52 пайызынан ашык болгонуна карабастан айыл кеңештеринде алар тогуз проценттин айланасында гана болчу. Читать дальше...

Жараксыз бюллетендер күмөн саноону күчөттү

Azattyk.org 

11-апрелдеги референдум жараксыз бюллетендердин саны эң көп болгон жалпы элдик добуш берүү болуп калды. Жарандык активисттер бул көрүнүштү бийликтин ыплас ыкмасынын бири катары сыпатташты. 10-январдагы башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда 46 460 бюллетень жараксыз деп табылган. Ал референдумга 1 421 035 шайлоочу катышкан. Үч айдан кийин, 11-апрелде Конституциянын жаңы редакциясы боюнча референдумда шайлоочулардын саны 86 миңге (1 334 321) кыскарып, бирок 92 944 бюллетень жараксыз болуп чыкты. Читать дальше...

Өспүрүм жараат алган окуя үчүн эки бала кармалды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда бир өспүрүм жараат алган мушташты уюштурууга шектүү катары эки бала кармалды, алардын бөгөт чарасы бүгүн, 14-апрелде каралат. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Ак-Суу районунун Таш-Кыя айылынын 15 жана 16 жаштагы эки тургуну 13-апрелде 24 саатка милициянын убактылуу кармоочу жайына отургузулду. Беш бала катышкан окуя 9-апрелде Караколдун Кашка-Суу кичи районунун жанындагы футбол аянтчасында болгон. Милициянын маалыматына караганда, өспүрүмдөрдүн биринин башына таш тийип... Читать дальше...

COVID-19: Эки бейтап каза болду, вирус 240 кишиден табылды

Azattyk.org 

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы эки киши каза болду. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын экөө тең Бишкектеги ооруканада жаткан. Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1534кө жетти. 14-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 240 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (133), андан кийин Чүй облусунда (85)... Читать дальше...

АКШда "Johnson & Johnson" компаниясынын вакцинасын токтотуу сунушталды

Azattyk.org 

АКШнын тамак-ашка жана дары-дармектерге санитардык көзөмөл башкармалыгы коронавируска каршы "Johnson & Johnson" компаниясы чыгарган вакцинаны пайдаланууну токтотууну штаттарга сунуштады. Буга аталган вакцина менен эмделген алты аялда тромбофилиянын сейрек түрү өнүгө баштаганы негиз берген. "Johnson & Johnson" чыгарган вакцинаны колдонууга февралда уруксат берилген. Илимий изилдөөлөр анын натыйжалуулугун 66% деп көрсөткөн. Бул вакцинанын башкалардан өзгөчөлүгү - бир гана жолу эмдөөнү талап кылат. Читать дальше...

Тажикстанда орозо маалында электр энергиясын чектөө азайтылат

Azattyk.org 

«Барки Точик» энергохолдинги ыйык Рамазан айында айыл жерлеринде электр кубатына киргизилген чектөөлөр азайтыла турганын билдирди. Маалыматка караганда, ооз ачуу жана ооз бекитүү маалында электр энергиясы өчүрүлбөйт. Быйылкы жадыбалга ылайык, мусулмандар болжол менен таңкы саат төрттөн кечки саат жетиге чейин орозо кармашат. Энергохолдингдин маалымат катчысы Нозиржон Ёдгоринин айтымында, адистер өлкөдө жарыкка киризилген чектөөнү толугу менен алуу маселесинин үстүндө да иштеп жатышат. Ал арада... Читать дальше...

Мирзиёев расмий сапар менен Тажикстанга барары күтүлүүдө

Azattyk.org 

«Азия-плюс» маалымат агенттигинин тажик өкмөтүндөгү өз булактары билдиргендей, өзбек лидери Шавкат Мирзиёев 10-12-июнь аралыгында президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен Тажикстанга барат. Муну менен Мирзиёев президент болгондон бери Тажикстанга төртүнчү жолу барууда. Эки өлкө лидерлери кызматташуунун бардык багыттарынын келечегин талкуулашары күтүлүүдө. Мындан тышкары Дүйшөмбү менен Ташкент транспорт, энергетика, айыл чарба, илим жана маданият тармагында жаңы келишимдерге кол коюшары пландалууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *