Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 08.01.2022

БелТА Лукашенко менен Назарбаев сүйлөшкөнүн жазды

Azattyk.org 

Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги президент Александр Лукашкенко 7-январда Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлады. Бул маалыматты Лукашенко тууралуу расмий кабарларды таратып жүргөн телеграм каналы да жарыялады. БелТА маалымдагандай, Лукашкенко менен Назарбаев Казакстандагы кырдаалды талкуулаган. Бирок, расмий агенттик кандай сөз болгонун ачык жарыялаган жок. Назарбаев акыркы жолу коомчулуктун алдына 28-декабрда чыккан эле. Анда ал... Читать дальше...

“Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол”, “Ак-Тилек” өткөрмө бекеттери кадимки тартипте иштей баштады. Бул тууралу Кыргыз өкмөтүндөгү булактар “Азаттыкка” ырастады. Казак тарап кыргыз өкмөтүнө чек ара 7-январда саат 18:00 баштап штаттык режимде иштей баштарын кабарлаган. Чек ара кызматы учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин билдирди. Аталган өткөрмө бекеттер жабылганын кечээ Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы... Читать дальше...

HRW казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырды

Azattyk.org 

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атады. Казак бийлиги бул буйругун тез арада жокко чыгарышы керек. Анткени ал эл аралык укук эрежелерине жана Казакстандын милдеттенмелерине каршы келет деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө. Полиция жана куралдуу күчтөр адам өмүрүн коргоого болгон аракетин көрүп, арагасыз учурда гана курал колдонууга барышы керектигин белгилейт уюм. Тиешелүү органдар зомбулук... Читать дальше...

Казакстанда нааразылыкка байланыштуу кармалгандар 4 миңге жакындады

Azattyk.org 

Казакстандын “Хабар 24” телеканалы Ички иштер министрлигине таянып, соңку нааразылыктарга байланыштуу кармалгандардын саны 3811 адамга жеткенин жазды. Кармалгандардын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлү, эл арасында “Дикий Арман” деген лакап ат менен таанылган Арман Жумагелдиев да бар. Аны менен чогуу уюшкан кылмыштуу топтун алты мүчөсү колго түшкөн. Алар полицияга каршы ок аткан деп шектелүүдө.  Жумагалдиев буга чейин 5-январда Алматы шаардык акимиатынын алдындагы акцияларда чыгып сөз сүйлөгөн. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *