Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2022

Новости за 13.01.2022

Эл каттоо: Калем учу менен “жок” болуу же жасалма көбөйүү

Azattyk.org 

Кыргызстан быйыл жазында 30 жыл ичинде үчүнчү ирет эл-журттун эсебин алып, каттаганы турат. Бириккен Улуттар Уюмунун ар он жылдыкта элди эсептеп туруу жөнүндө сунушу дээрлик бардык өлкөлөр үчүн эрежеге айланып калган. Казактар, тажиктер да үч мертебе элди каттады. Мындан Өзбекстан акыркы ирет 1989-жылы каттоо жүргүзүп, эгемендүүлүк мезгилинде биринчи ирет 2020-жылы эсептемекчи болуп, илдеттен улам былтыркыга калып, эми эмдиги жылы каттамай болушту. Акыркы 10 жылда Борбор Азиянын калкы ар жылы орточо эсеп менен миллион адамга өсүүдө. Читать дальше...

Министрлик Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилгенин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл менен Нарын облустары чектешкен жерде жайгашкан Орто-Токой суу сактагычы ижарага берилип, бул жайдан балык уулоого тыюу салынганы тууралуу түшүндүрмө берди. Ага ылайык, 2019-жылы "Орто-Токой ынтымагы" жоопкерчилиги чектелген коом өкмөт өткөргөн сынакта жеңүүчү деп табылып, аталган суу сактагычты ижарага алган. Ишкана былтыр августта аталган министрликке караштуу Балык департаменти менен балык өндүрүү, балык уулоо жана балык өстүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн. Читать дальше...

Өкмөт машинанын айнегин акы төлөп караңгылатуу сунушун көтөрдү

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги жол кыймылына байланыштуу бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду коомдук талкууга чыгарды. Анда республикалык бюджетти салык эмес кирешелердин эсебинен көбөйтүү чаралары каралган. Тактап айтканда, машинелердин алдыңкы эшиктериндеги терезелерди акча төлөп караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү чаралары жөнүндөгү жоболор бар. Буга чейин Жогорку Кеңеште жана өкмөттө дагы автоунаалардын айнегин караңгылатууну мыйзамдаштыруу сунушу көтөрүлүп, тиешелүү долбоорлор даярдалганы айтылган. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

"Кыргызгидромет" агенттигинин маалыматына ылайык, 14-январда түнкүсүн жана күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13; Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11; Ош, Баткен Жалал-Абадда түнкүсүн -2…-3... Читать дальше...

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар

Azattyk.org 

Нарындагы лыжа спорт мектебиндеги жападан жалгыз асма жолдо окуучулар үчүн шарт толук түзүлгөн эмес. Атайын техникалардын жоктугунан балдар көк муштум болгуча трассаны жөө таптап чыгышат. Тоо боорундагы карды лыжа тебүүгө ылайыкташ үчүн алар бир күндө үч жолу 600 метр жолдо бош кар калтырбай тебелеп чыгууга туура келет.

Бишкекте антибиотиктен аллергия болгон аял көз жумду

Azattyk.org 

Бишкекте дарыгердин көзөмөлү, рецептижок антибиотик ичкен 60 жаштагы аял дарыга аллергия болуп, 12-январда кечинде каза болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык "тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Егор Борисов кабарлады. "Кечээ кечинде "тез жардам" кызматынын реанимация бөлүмү барганда аял катуу аллергиялык реакциядан улам көз жумуп калыптыр. Маркум тааныштары телефондон эле айткан антибиотикти ичип, аллергиялык шокко түшкөн экен", - деди Борисов. Дарыгерлердин айтымында, акыркы күндөрү сасык... Читать дальше...

Түркияда Кыргызстандагы кышкы туризм таанытылууда

Azattyk.org 

Түркияда Кыргызстандагы кышкы туризм таанытылып жатканын элчи Кубанычбек Өмүралиев "Азаттыкка" билдирди. Ага ылайык, башкалаа Анкара шаарынын көчөлөрүндө Кыргызстандагы кышкы туризмди жана лыжа базаларын жарнамалаган атайын тасмалар түрк тилинде көрсөтүлүүдө. Түркиялык ири басылмалар Кыргызстандын туризм потенциалын жазып чыгышты.  Пандемияда Түркиядан Кыргызстанга келген туристтердин саны азайганы менен жылына 100 миңдей түркиялык турист эс алганы келет. Ал эми Кыргызстандан Түркияга жылына 70 миңдей кыргыстандык барат. Читать дальше...

Коронавирустан каза болгондордун баары Бишкекте катталууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык Саламаттык сактоо башкармалыгы кабарлагандай, 13-январга карата баш калаада 632 адам коронавирус жуктурду, 28 киши ооруканага жаткырылды. Бишкектин үч тургуну вирустан көз жумду. Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда 12 мобилдик топ иштеп жатат. Ооруга чалдыккандардын саны арбыса мобилдик топторду көбөйтүү каралууда. Саламаттык сактоо министрлиги "омикрон" штаммы өтө жугуштуу болгону менен көп учурда жеңил формада өтөрүн билдирди. Вируска каршы эмделгендер оорудан оңой айыгары айтылууда. Читать дальше...



Алматыдагы кыргызстандык жоокерлер 14-январда кайтып келет

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында Кыргызстандан Казакстандын Алматы шаарына барган жоокерлер 14-январда кайтып келет. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди. Кыргызстан  7-январда Алматыга 150 жоокер жөнөткөн жана алар аталган шаардагы стратегиялык объектилердин бири, Жылуулук электр борборун (ЖЭБ-2) кайтарып жатканы белгилүү болгон. Казакстандын президенти Касым-Жомарт 11-январда ЖККУнун алкагында келген жоокерлери эки күндөн кийин кете баштарын... Читать дальше...

“Акыркы сабак” - өспүрүм алдындагы тандоо

Azattyk.org 

Мектеп рэкетчилиги, социалдык көйгөйлөр, жаш муундун ой-максаты, кыялдары баяндалган “Акыркы сабак” сериалы коомчулуктун кызыгуусун жаратты. Тасманы кыргызстандык кинорежиссер Руслан Акун тартып, ал 10 сериядан турат. "Ютубга" анын алты сериясы чыгып, ар бири миллиондон ашуун ирет көрүлгөн. Сериал Нарын шаарында тартылып, башкы каармандардын ролун бүт жаш актерлор аткарган.​ Сериалдын сценарийин жазып, режиссерлук кылган Руслан Акун буга чейин "Салам, Нью-Йорк!", "Апамды издеп", "Көк бөрү" тасмаларын тарткан. Читать дальше...

Кыргызстанда эки айга жеткидей ундун запасы бар

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 13-январда Бишкекте басма сөз жыйынында билдирди. Ал буга чейин түзүлгөн келишимдерге ылайык Орусиядан буудай алынып жатканын маалымдады. Казакстан чек арасын жапкан учурда өлкөдө өндүрүлгөн унду мыйзамсыз ташууга тыюу салуу аркылуу жана Орусиядан келген буудайдын эсебинен элди ун менен камсыз кылууга болорун айтты. Жунушов ундун баасы көтөрүлбөгөнүн, Талас облусунда гана бир аз кымбаттаганын кошумчалады. Кыргызстан ундун басымдуу бөлүгүн Казакстан менен Өзбекстандан алат. Читать дальше...

Базар-Коргондо жеке ишкер оорукананын бир бөлүгүн куруп берди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жергиликтүү тургун 66 жыл мурун курулган үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоп, кошумча корпус салып берди. Ишкер Нурлан Сейиткулов өзүнүн эсебинен 5,5 миллион сом короткон. Буга чейин шаардагы №9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын полу чирип, шыптан суу тамып калган. “Былтыр убактысы чыгып, айылдагы эски үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын жаңылоо жумушун баштадык. Ачыгын айтсам, аябай кейиштүү абалда экен. Курулуш жана имараттын ичиндеги эмеректерди жаңылоого баш аягы 5,5 млн. Читать дальше...

Коронавирустан үч адам көз жумду, 742 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-январдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2826​ адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 742 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 187 620​. Коронавирус жуктуруп алгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында болууда. Бир күндө 100 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 580 адам жатат, дагы 2096 бейтап үйдөн дарыланууда. 12-январда Саламаттыкты сактоо... Читать дальше...

Каркыра: казак чек арачылары кармап кеткен кыргыз жараны бошотула элек

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары кармап кеткен кыргыз жаранын бошотуу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, окуя 10-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгон жана 1999-жылкы Сыймык Өмүрбек уулу мал издеп жүргөн маалда кармалган. Сыймык Өмүрбек уулунун кармалганын 12-январда Жогорку Кеңеште депутат Акылбек Түмөнбаев айтып чыккан. Читать дальше...

Судья Калмаматовдун бөгөт чарасын кароодон баш тартты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту 12-январда камактагы саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасын кароону кийинкиге калтырды. Буга соттук коллегиянын бир мүчөсү, судья Шарабидин Токтосуновдун жараянга катышуудан баш тартканы негиз болду. “Камактагы оппозициячыларды коргоо комитети” Калмаматов баштаган бир топ саясатчыларды "саясий туткун" катары таанып, аларды бошотууну бийликтен талап кылды. "Калмаматов менен жакшы мамиледебиз" Президент Садыр Жапаровдун 4-декабрдагы жарлыгы менен Бишкек шаардык сотунун... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *