Чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну сунуштаган компаниялар көбөйдү
Кыргызстанда 2021-жылы чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу кызматын сунуштаган компаниялардын саны 117ге жетти. Мурдагы жылы болсо мындай 73 гана компания каттоодон өткөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын маалымдашынча, жеке компаниялар аркылуу 3254 адам 12 өлкөдө ишке орношкон жана басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 1,5 миңдей адам Түркияга кеткен. Читать дальше...