Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 08.02.2022

Кыргыз-өзбек адабиятына өмүрүн арнаган Турсунбай Адашбаев

Azattyk.org 

Кыргыз рухунун туу чокусу “Манас” эпосун жана Кеңеш Жусуповдун кара сөз түрүндө жазылган “Манасын”, акын-жазуучуларыбыздын отузга жакын адабий китептерин өзбек тилине, өзбек калемгерлеринин чыгармаларын кыргыз тилине которуп жүрүп жакында эле Ташкен калаасында каза болгон чыгаан котормочу, балдар акыны Турсунбай Адашбаевди эскерели. Ал кыргыз-өзбек адабияттарынын достугун чыңдоого өмүрүн арнаган котормочу болгон. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун Сафед-Булан (азыркы Гүлүстан) айылында... Читать дальше...

Кыргызстанда АЭС куруу долбооруна каршы петицияга кол топтолууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда экологиялык уюмдардын мүчөлөрү жана активисттер өлкөдө атомдук электр станциясын курууга каршы кол топтой баштады. Алар АЭСке сырье кайдан келет, иштетилген өзөктүк калдыктар каякка кетет, аны зыянсыздандыруу кандай болот деген жана башка коопсуздук маселелери тууралуу маалыматтар жок экенин билдиришти. Онлайн петицияны 8-февралга карата 60тан ашык киши колдоду. 20-январда Дубайда өткөн ЭКСПО-2020 Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын Энергетика министрлиги Орусиянын... Читать дальше...

Москвада Макрон менен Путин украин кризисин талкуулады

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин француз мамлекет башчысы Эммануэл Макрондун айрым сунуштары украин кризисин жөнгө салуу багытында алга жылуу үчүн пайдубал болуп бериши ыктымал деп билдирди. Лидерлер дүйшөмбүдө Москвада 5 сааттай сүйлөшүштү. Негизинен сөз Украинанын айланасында жана Москванын НАТОдон талап кылган коопсуздук кепилдиктери тууралуу болду. Путин Украинанын аскердик блокко кошулуусу кайсы бир учурда Европадагы согушка алып келиши ыктымал деп бир нече жолу кайталады. Президенттин айтымында... Читать дальше...

Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук эки эсеге көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 8-февралда мекеменин жетекчиси Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин №3 балдар ооруканасында жаткан Егорду көргөнү барганда өлкөдө 110 миңден ашык адам оор турмушта жашап жатканын, алардын 360 миңге жакын баласы бар экенин айтты. Президенттин тапшырмасы... Читать дальше...

Бишкек-Бээжин: убада жана тобокелдик

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга алгачкы сапары аяктады. Бийлик бул сапарды ийгиликтүү деп баалап, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу, чек арада сооданы көбөйтүү боюнча сүйлөшүү болгонун кабарлады. Cапарда эмнеге жетишилди? Президенттикке киришкени алгач жолу Кытайга барган Садыр Жапаров Бээжиндеги Кышкы Олимп оюндарынын ачылыш аземине катышып,  6-февралда бул өлкөнүн лидери Си Цзинпин менен жолукту. Эки тараптын расмий органдары сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү... Читать дальше...

Акыйкатчы институту Жолдубаева боюнча укук коргоо органдарына кайрылды

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту блогер Батмакан Жолдубаеванын арызына байланыштуу президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнө, облустун прокуроруна, ички иштер бөлүмүнүн башчысына жана аймактык оорукананын директоруна кайрылды. Жолдубаева президенттин Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси Алихан Ураимов анын телефонун тартып алып, кол көтөргөнүн айткан. Акыйкатчы институту бул ишти көзөмөлгө алганын билдирди. Окуя Жогорку Кеңештин “Ишеним” жана “Ынтымак” фракциялары 5-февралда кыргыз-тажик чек арасындагы... Читать дальше...

Аба ырайы: кар жаайт

Azattyk.org 

“Кыргызгидромет” борбору кабарлагандай, 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…+1; Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1; Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында ​түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…-8... Читать дальше...

Депутат "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун текшерүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында депутат Исхак Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасын бузуп, ордуна административдик имарат салууга кайсы орган уруксат бергенине кызыкты. Жыйынга катышып жаткан Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Токтомамбет Сатышов “Министрлер кабинетинин программасында камтылган” деп жооп берди. Депутат Масалиев "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун сындап, текшерүү жүргүзүүнү сунуштады. Читать дальше...



Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматовго козголгон кылмыш иши кыскартылды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Азиз Суракматовдун кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу ага козголгон кылмыш ишин токтотту. Мындай чечимди райондук сот 25-январда эле чыгарганы белгилүү болду. Сот отурумунда айыпталуучунун адвокаты жоруктар 2003, 2004, 2005 жана 2006-жылдарда болгонун, андан бери 15 жылдан ашык убакыт өткөнүн айтып жазык ишин кыскартуу жөнүндө өтүнүч келтирген. Азиз Суракматов күнөөсүн моюнга алаарын, сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө... Читать дальше...

"Акыйкат деп өлгөнүмдү айткыла". Үзөңгү-Кууш үчүн үзүлгөн өмүр

Azattyk.org 

2002-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык акциясында отуруп, каза болгон Шералы Назаркуловдун көз жумганына 20 жыл болду. Жакындары анын өлүмү бааланбады деп нааразы. "Тилегине жеткен жок" Атасы саясий ачкачылыкта отурган кезде туулган Азимбек Шералы уулу 20 жашка чыкты. Анын апасы, Шералы Назаркуловдун жубайы Назгүл Абдыкеримова ошол учурду мындайча эскерди: "Уулум төрөлгөндө Шералы төрөт үйүнө келди. Читать дальше...

Садыр Жапаров Ош базарына барды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги Ош базарын кыдырып жүрөт. Журналист Жоодар Бузумовдун Фейсбуктагы баракчасындагы түз эфирде Жапаров көзөмөл кассалык аппараттар (ККМ) жана базардын абалы боюнча барганы айтылууда. Соодагерлер президентке базардагы орун, санитардык күн сыяктуу маселелер менен кайрылып жатышат. Жапаровдун жанында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев да жүрөт.   Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Бул документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында... Читать дальше...

Акылбек Жапаров парламенттеги жетекчилер менен ай сайын жолукмай болду

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештеги фракция башчылары, комитет жетекчилери менен жолугушту. 7-февралдагы жыйында эл өкүлдөрү менен өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү социалдык, экономикалык чечимдердин аткарылышы боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады. Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов жыйында Министрлер кабинетине сунуш менен кошо сын пикирлер дагы айтылганын билдирди. Анын айтымында, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик... Читать дальше...

Бадахшан: тажик бийлиги алты кишиге талап койду

Azattyk.org 

Хорогдун жашоочулары аймакта абал тынч эмес экенин билдирди. Тажик бийлиги Тоолуу Бадахшандагы бейформал лидерлердин бири Махмадбокир Мамадбокиров менен анын алты шеригин өз эрки менен колго түшүп берүүгө бир жума убакыт берди. Бийлик бул топту ар кандай оор кылмыштарга айыптап, бирок алар эч кандай мыйзам бузууларга тиешеси жоктугун айтышууда. Билим берүүнүн башчысынын арызы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарынын мэри Ризо Назарзода бейрасмий лидерлердин бири Махмадбокир... Читать дальше...

Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берүүдө

Azattyk.org 

Мурда вице-премьер-министр Токон Мамытов Башкы прокуратурада сурак берип жатат. Бул тууралуу башкы көзөмөл органдын басма сөз кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Мамытов 2009-жылдагы кыргыз-тажик чек арасына тиешелүү протокол боюнча прокуратуранын суроолоруна жооп берүүдө. Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров буга чейин аталган протокол боюнча прокуратурада онго жакын сурак берип чыккан. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков карындашы суракка чакырылганын кабарлады

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков карындашы, мурдагы судья Мира Жээнбекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) 7-февралда сурак берип чыкканын маалымдады. Жээнбеков "Азаттык" радиосуна Мира Жээнбековага "коррупция" беренесинин негизинде иш козголгонун билдирип, муну негизсиз жана өзүнө карата басым жасоо аракети деп атады.   УКМКнын басма сөз кызматы Мира Жээнбекованын суракка чакырылганы боюнча тактап, маалымат берилерин билдирди. 2021-жылы апрель айында УКМК Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шек саналып жатканын... Читать дальше...

Трансформация жараяны жер соодасын кызытты

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын тегерек четиндеги жаңы конуштарды мыйзамдаштыруу иши башталгандан бери борбор калаага жакын Сокулук, Аламүдүн райондорунда жер соодасы кызыды. Мурда турак жай түшпөгөн айрым айдоо талаалары да жер тилке үчүн сатылып жатканы айтылууда. Буга байланыштуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев жер басып алгандар, айдоо аянтына үй салгандар катуу жазаланарын эскертти. Турак жай салуу үчүн Бишкек шаарынын тегерек четинен жер табуу оорчулук жаратпайт. Жер саткандардын арасында... Читать дальше...

Депутат Атамбаев УКМК мыйзамын сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев парламентте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет боюнча мыйзам долбоору каралып жатканын айтып, андагы тыңшоо жана видео көзөмөл боюнча жоболорго каршы экенин билдирди. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазды. “УКМКнын ишмердүүлүгүнө байланыштуу жаңы мыйзамдын долбоору жакында кабыл алынышы мүмкүн. Ал мыйзамдын долбоорунда УКМК прокуратуранын уруксаты жок эле, тыңшоону жана видео көзөмөл кылууну күчтөндүрүүгө багытталган нормалар каралган. Читать дальше...

Зулушев прокурорлордун соттук териштирүүлөрүнө катышарын айтты

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 20-февралдан баштап аймактардагы прокурорлордун ишмердүүлүгүн күтүүсүз текшерүү башталарын билдирди. Бул тууралуу Зулушев 7-февралда өткөн прокуратуранын жыйынында айтты. “Облустук, райондук прокурорлор, орун басарлары жана өзүм дагы айтпай- дебей соттук териштирүүлөргө катышабыз. Шаарбы, башкабы баарына катышабыз. Бардык маселелерди кошуп, 20-февралдан баштап текшерүү кылабыз. Ар бир башкармалык барып текшерет, кечинде мен барып жыйналыш өткөрөм”, - деди Зулушев. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *