Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 24.02.2022

Активисттер Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Улан Үсөйүн баштаган бир нече жарандык активист Украинаны колдогон акция өткөрүүдө. Алар колдоруна “Украинага даңк!”, “Тынчтык керек!”, “Согушка жол жок!” деген жазууларды кармап турушат. Азырынча элчиликтен аларга эч ким чыккан жок. Ушундай эле акция элчиликтин алдында бүгүн түшкө чейин да өткөн.  Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.... Читать дальше...

Молдованын бийлиги өлкөдө өзгөчө абал жарыялады

Azattyk.org 

Орусиянын Украинага бастырып киришине байланыштуу Молдованын президенти Майя Санду өз өлкөсүндө өзгөчө абал режимин жарыялады. Бул тууралуу ал 24-февралда кабарлады. Ал Өзгөчө кырдаалдар комитети түзүлгөнүн, ал Украинадан кайткан качкындарды кабыл алып, аларга жардам берүү иштерин жүргүзөрүн айтты. Молдованын бийлиги коңшу Украинага аба каттамын токтотуп, ал жактагы өз жарандарын тез арада артка кайтууга чакырды. Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста... Читать дальше...

Украинадагы журтташтар: Луганскиде дүрбөлөң, Киевде жардыруу

Azattyk.org 

«Азаттыктын» кабарчылары учурда Украинада жашап жаткан кыргызстандыктар менен кабарлашып, кырдаал тууралуу сурады. Эралы Пайзиев: Луганскиде эл дүрбөлөң түшүүдө Кыргызстандык Эралы Пайзиев учурда Украинада жашайт. Ал соңку кырдаал боюнча "Азаттыкка" буларды айтты. - Эралы мырза, сиз учурда Украинанын аймагында экенсиз. Азыркы кайсы шаардасыз жана ал жактагы абал кандай болууда? - Мен азыр Украинанын Луганск облусунун борборунда Северодонецк шаарында турам. Бул аймак Украинанын көзөмөлүндө. Читать дальше...

Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. Мурунку мэр Айбек Жунушалиев президент администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызматты мурда Кубатбек Кожоналиев аркалап турган. 45 жаштагы Айбек Жунушалиев өткөн жылдын август айында кызматка киришкен. Ишкер Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы... Читать дальше...

Иран өзөктүк программа боюнча ыкчам чечим кабыл алууга чакырды

Azattyk.org 

Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын башчысы Али Багери Кани Батышты ыкчам чечим кабыл алууга үндөдү. “Мааранын алдында турганыбыз ага сөзсүз жетебиз дегенге кепилдик болуп бербейт. Акыркы чечимди кабыл алуу үчүн өзгөчө кылдаттык, чоң тырышчаактык, кошумча чыгармачылык жана салмакталган аракет керек”,-деп жазды ал 24-февралда "Твиттердеги" баракчасында. Венадагы сүйлөшүүлөр он ай мурда башталган. Мурдараак Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Читать дальше...

Украина Орусия менен дипломатиялык мамилесин үздү

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулуна байланыштуу Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады. Өз билдирүүсүндө ал Орусиянын кол салышын Германиянын СССРге кол салышы менен салыштырып, мындай өлкө менен карым-катнаш жасоого мындан ары мүмкүн эмес экенин билдирди. Мунун алдында өлкөнүн күч кызматтары орус аскерлеринин кол салуусунан улам он чакты адам каза болгонун маалымдаган. Алардын ичинде жайкын тургундар да бар. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда... Читать дальше...

Украина Орусиянын чабуулунан он чакты адам өлгөнүн маалымдады

Azattyk.org 

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады. Ингулец дарыясындагы көпүрө урап, 20дай аскер дайынсыз болуп жатат. Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун маалымдады. Мекеме орус тарап ракеталардан жана тик учактардан аткылап жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлады. Читать дальше...

Кыргызстанда доллар кескин кымбаттаганы байкалууда

Azattyk.org 

Бишкекте бир нече коммерциялык банктардын сайтында АКШ долларынын сомго карата баасы 94-95 сомго чыкты. Валюталарды анализ кылган valuta.kg порталында саат 15:30га карата бир нече банк АКШ долларын 94-95 сомдон сатып жатканын көрсөтүүдө. Доллардын куну улам өзгөрүүдө. Кыргызстандын Улуттук банкы учурдагы кырдаал боюнча маалымат даярдалып жатканын маалымдады. Башкы банктын сайтында доллардын курсу 24-февралга карата 84 сом 80 тыйын деп турат. Улуттук банк 27-январда акыркы жолу 86,5 млн. доллар интервенция кылган. Читать дальше...



Таласта прокуратура кызматкерлерине үй берилди

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Талас шаарында облустук прокуратуранын кызматкерлерине 32 батирдин ачкычын тапшырды. Зулушев прокурорлорду жаңы конушу менен куттуктап, алар мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экенин белгиледи. Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 20,5 миллион сом жумшалган. Учурда Талас шаарында облустук прокуратуранын кеңсеси да курулуп жатат. Соңку жылдары бул органдын кызматкерлерине нааразылыктар айтылып келет. Читать дальше...

Кыргыз-тажик алакасы же Үрүстөмдүн көз жашы

Azattyk.org 

Фарсы элинин улуу акыны Абдулкасым Фирдавсинин миң жылдан ашык убакыт өтсө да өз кунун жоготпогон "Шахнаамасын" ("Шахтар китебин") кызыгып окугандар башка улуттарды мындай кой, тажик, иран элинде да бүгүн саналуу эле болсо керек. Тилекке каршы, көпчүлүгүбүз "Манасты" жакшы билбегендей эле "Шахнаама" дастаны да окулбай, анын көөнөрбөс нарк-насили, жалпы адамзатка тиешелүү барк-баасы көз жаздымда калып жатат. Гомердин "Илиадасына" тете бул эпопея "Шахнаама" аталганы менен шахтар тууралуу эмес жана шахтарга дагы арналбаган. Читать дальше...

Украинадагы акыркы кырдаал

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо чечимин кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды.

Жогорку Кеңеште Украинадагы кыргыз жарандары тууралуу маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды. Өзүн Турдубек деп тааныштырган Киевдеги кыргызстандыктардын бири элчилик менен байланыша албай жатканын ырастады. Ал ушул тушта үй-бүлөсү менен шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын... Читать дальше...

Ошто көп кабаттуу үйдөн боюн таштаган өспүрүм каза болду

Azattyk.org 

Ошто 13 жаштагы бала өз жанын кыйганын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Милициянын маалыматына караганда, окуя 23-февралда кечки саат 8ден өткөндө болгон. Окуучу беш кабаттуу үйдөн боюн таштаган. Күбө катары суралган теӊтуштары менен жакындары өспүрүм соңку учурда суициддик маанайда жүргөнүн айтышкан. Учурда бул окуяны териштирип-иликтөө уланып жатат. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, Ош шаарында былтыр үч адам өз өмүрүнө кол салган. Кыргызстанда... Читать дальше...

Балдары майып энелер басмырлоодон улам президентке кайрылышты

Azattyk.org 

Бишкекте 24-февралда майып балдардын ата-энелери коомдогу басмырлоого каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Алар борбор калаадагы "Авангард клуб" спорт комплексиндеги соңку окуя бир топ көйгөйдү ачыкка чыгарганын айтышты. "Биз майыптыгы бар балдардын энелеринин демилгелүү тобу акыркы кырдаалга нааразы болуп чыгып жатабыз. Кыргызстанда майып балдарга шарт жок. Коомдук унаа, коомдук жайларда пандус маселеси чечиле элек. Майып балдар билим алуудан да аксап келет. Биз бул көйгөйгө өкмөттүн, президенттин көңүлүн бургубуз келет"... Читать дальше...

Владимир Зеленский Украинага аскердик режим киргизди

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптады. "Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк!" - деди Зеленский. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда... Читать дальше...

Энелер өлүмү көбөйгөндүктөн төрт башкы дарыгер иштен алынды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу энелер өлүмү көбөйгөнүн билдирди. Мындан улам өткөн аптада мекеменин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында төрт башкы дарыгер иштен алынып, дагы он башкы дарыгерге сөгүш берилгенин маалымдады. Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонду Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйүп жатканын билдирген. Анда мурда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 аялга 24 болсо... Читать дальше...

Украинанын бир катар шаарлары аткылоого кабылды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. "Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде... Читать дальше...

Украинанын бир катар шаарлары, аймактары аткыланып жатат

Azattyk.org 

Украинадагы аба кыймылын тейлеген "Украэрорух" мамлекеттик ишканасы коопсуздуктан улам өлкөнүн аба мейкиндиги толугу менен жабылганын билдирди. Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарап жатат. Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Путинди согушка байланыштуу айыптады. Читать дальше...

Путиндин жикчилдерди таанышы Борбор Азияга белгиби?

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин Украина менен конфликтти биротоло чечүү үчүн Батыш өлкөлөрү жана Киев өзү Крымды “Орусиянын бир бөлүгү” катары таанышы керектигин айтты. Бул тууралуу пикирин ал 22-февралдын кечинде Москвадагы басма сөз жыйынында билдирди. Ал буга кошумча коңшу өлкө НАТОго кошулуудан баш тартышы керектигин, толук куралсызданышы зарылдыгын белгиледи. Донбасстагы жикчилдерге байланыштуу сөзүндө Владимир Путин алардын азыр ээлеп турган жерин эмес, Луганск жана Донецк облустарынын Украинанын... Читать дальше...

Журналист Абдувахаб Мониев каза болду

Azattyk.org 

Журналисттин жакындары ал оорудан каза болгонун билдиришти. Сөөгү өзү туулуп-өскөн айылга 25-февралда коюлат. Белгилүү журналист жана публицист Абдувахаб Мониев журналистикадан сырткары коомдук-саясий иштерге активдүү аралашып жүргөн. Ал бир катар китептердин автору, "Генерал Ысакбек" патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон. Журналист эмгек жолун 1992-жылы Ош облустук "Ош жаңырыгы" гезитинде корректор болуудан баштаган. Андан соң Чөгөм орто мектебинде лаборант, "Асаба", "Агым" гезиттеринде кабарчы болгон. Читать дальше...

"Авангарддагы" окуя аялуу балдарга мамилени ачык көргөздү

Azattyk.org 

Бишкектеги "Авангард клуб" спорт комплекси майыптыгы бар баланы кабыл албай койгону - мындай балдардын укугу көп жерлерде чектелерин ачыктады.  Бишкекте 24-февралда майып балдардын ата-энелери коомдогу басмырлоого каршы маалымат жыйын өткөрүштү. Алар борбор калаадагы "Авангард клуб" спорт комплексиндеги соңку окуя бир топ көйгөйдү ачыкка чыгарганын айтышты. "Биз майыптыгы бар балдардын энелердин демилгелүү тобу, акыркы кырдаалга нааразы болуп чыгып жатабыз. Кыргызстанда майып балдарга шарт жок. Читать дальше...

Кыргызстандык окуучулар математика жана информатика олимпиадасында ийгиликке жетишти

Azattyk.org 

Кыргызстандык окуучулар математика, информатика жана физика боюнча эл аралык олимпиадада алтын жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу 24-февралда “Азаттык” радиосуна эл аралык “Сапат” билим берүү мекемесинен билдиришти. Онлайн режимде 15-23-февралда өткөн XVIII эл аралык Жаутыков атындагы олимпиадада 22 өлкөдөн 1178 окуучу күч сынашты. Кыргызстандын ар кыл мектептеринен катышкан 49 окуучунун 27си “Сапаттын” тарбиялануучусу болду. Натыйжада информатика сабагынан «Сапаттын» Жалал-Абаддагы... Читать дальше...

COVID-19: оору 14 адамдан аныкталды, эки бейтап каза болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда 24-февралга карата өлкөдө ооругандардын жалпы расмий саны 200 миң 402ге жетти жана пандемия башталгандан бери 2950 адам каза болду. Ушул тушта ооруканаларда 207 бейтап жатат жана алардын теңине жакынынын абал оор. Үйлөрүндө миңдей адам дарыланууда. Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан. Кыргызстанда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *