Бишкектеги маршта милиция башка өлкөнүн желегин көтөрүүгө тыюу салды
Бишкек шаарында “Тынчтык. Март. Марш” деп аталган жүрүштө милиция өкүлдөрү Украина жана Орусиянын желегин көтөрүүгө тыюу салды. Өзүн милиция кызматкери катары тааныштырган киши Кыргызстан нейтралдуу позицияда экенин айтып, жүрүштү саясатташтырбоого чакырды. Учурда жүрүш уланып жатат. Иш-чаранын башталышында уюштуруучулардын бири Алтын Капалова марштын максатын окуп берген. “Биз бул жылы марштын темасы катары бүткүл дүйнө аялдарынын согушка каршы тилектештигин тандадык. Анткени Украинадагы согуш бардыгыбызга тиешелүү. Читать дальше...