Орусиянын соту Навальныйды экинчи берене боюнча күнөөлүү деп тапты
Москванын Лефортово райондук соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын – алдамчылык жана сотту кемсинтүү иши боюнча соттук окуп жатат. Иш айыпталуучу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында көчмө жыйында каралууда. Навальныйдын командасы отурумдун жүрүшүн түз эфирде көрсөтүүдө. Судья Маргарита Котоева биринчи эле сөзүндө Навальный алдамчылыкка барганын билдирди. Ошол себептүү айыптоо корутундусу чыгат деп күтүлүүдө. Өкүмдү угузуу процессине 100гө жакын журналист келди. Читать дальше...