Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды
Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Шакиев "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу депутат Айбек Осмонов билдирди. Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына сунушталган Бакыт Төрөбаев жетектеп келген. Нурлан Шакиев бир мандаттуу Аксы округунан депутаттыкка шайланган. "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы 33 депутаттан турат. Анын 18и бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар.