Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2022

Новости за 02.04.2022

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы, атайын кызматтын тергөө абагында жаткан Абдил Сегизбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук соттун кеңсесинен "Азаттыкка" маалымдашты. Ага ылайык, Абдил Сегизбаев Кылмыш кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган. Сот ага 4 млн. сомдук айып пул салып, аны төлөгөнгө чейин үй камакта болот. УКМК бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Читать дальше...

"Кыргызстандын куштарын көрүү үчүн алыстан келишет"

Azattyk.org 

Бөрдвотчинг (Birdwatching) же куш көрүү туризмдин жаңы багыты катары өнүгүп келе жатат. 1-апрель – Эл аралык куштар күнүнө карата Кыргызстандагы бөрдвотчерлер биримдигин негиздеген Нуржан Алымканова менен маектештик. Кыргызстандын аймагында куштардын 400дөн ашуун түрү болсо, анын 57 түрү Кызыл китепке киргизилген. - Нуржан айым, алгач окурмандарга "бөрдвочинг" деген эмне экенин түшүндүрүп берсеңиз. - Эгер англис тилинен түз которо турган болсок, "куш кароо". Бул – жөн гана эрмек же хобби. Читать дальше...

Аба ырайы: Күн 25 градуска чейин ысыйт

Azattyk.org 

Эртең, 3-апрелде жаан-чачын болбойт. Ашууларда, тоолуу капчыгайларда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7°, күндүз 18…23° Таласта түнкүсүн 1…6°, күндүз 18…23° Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 7…12° күндүз 20…25° Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн -2…+4°, күндүз 11…16° Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15°, күндүз 0...+5°. Бишкекте күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн 4…6, күндүз 20…22° жылыйт.

Актер зордуктоого шек саналып кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмү (РИИБ) кабарлагандай, Ч.М. аттуу адам зордуктоого шек саналып, кармалды. Бул факт Кылмыш кодексинин 155-беренеси ("Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү Ч. М. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Свердлов райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакта калтырды. Айрым маалымат каражаттары шектүү таанымал актер жана режиссер экенин жазып чыгышты.

Үрүмчүдөн Кыргызстанга товар ташуу жанданды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Кытайдын Шинжаң автоном облусунун ортосундагы товар алмашуу быйыл январь-февраль айларында 18 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу Кытайдын Бишкектеги элчилиги маалымдады. Маалыматка ылайык, эки ай ичинде эки тараптын соода алмашуусу 8,5 млрд юанга жеткен. Бул мурдагы көрсөткүчтөн 18,2 эсе көп. 2021-жылдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан менен Кытайдын соода алмашуусу 1,5 млрд. долларды түзгөн. Анын ичинен 1,46 млрд. доллар импорт, 64 млн. доллар экспорттук товарлар. Мурдагы жылга салыштырмалуу... Читать дальше...

Мугалим жана окуучу: кол көтөрүү тарбия эмес

Azattyk.org 

Акыркы жылдары интернетте мугалимдер окуучуларга катуу кыйкырып, кол көтөргөн видеолор көбөйдү. Бул көйгөйдө жоопкерчилик кимде? Эмне себептен мындай тирештер чыгып жатат? Ушул суроолорго "Эже-сиңдилер" берүүсүндө жооп издедик.

Жыныстык тарбия: "уят" деп жүрүп оору таппайлы

Azattyk.org 

Жыныстык тарбиянын жоктугу өспүрүмдөр арасында кандай коркунучтуу кесепеттерге жол ачат? Ата-энелерден сурай албаган суроолорду кимден сураса болот? Өспүрүмгө табу делген маалыматтарды кантип түшүндүрүп бериш керек? "Азаттык плюс" өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине жыныстык тарбия тууралуу пайдалуу берүү даярдады.

2-апрель - Аутизм жөнүндө маалымат таратуунун эл аралык күнү

Azattyk.org 

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 630 бала аутизмден жабыркайт. Бул жалпы майыптыгы бар балдардын 1% ашууну. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) маалыматында Кыргызстанда 20 миңден ашык бала аутизмге чалдыккан. Кыргызстанда аутизмди дарылоого мүмкүн эместиги, анын ордуна балага узак жана түйшүктүү сессиялар керек экени таанылган. 2021-жылдан тартып аутизмге чалдыккан балдар майыптыгын аныктоо үчүн атайын психика-неврологиялык ооруканага жатуу муктаждыгынан кутулган. Аутист... Читать дальше...

COVID-19 тогуз адамдан аныкталды, бир өмүрдү алды

Azattyk.org 

2-апрелге карата Кыргызстанда тогуз адам коронавирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Алардын баары Бишкекте катталды. Башка аймактардан илдет жуктургандар аныкталган жок. Ушуну менен пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 200 955 адам COVID-19 вирусуна чалдыкты. Коронавируска каршы ыкчам штабдын маалымдашынча, акыркы суткада жети адам сакайып чыкты. Илдет катталгандан бери жалпы 196 233 адам коронавирустан айыкты. 2-апрелге карата бир киши көз жумду. Жалпы коронавирустан... Читать дальше...

Соттолгон бажычы Боронбаев депутат болду

Azattyk.org 

Бажыдагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Абдывахап Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болду. Борбордук шайлоо комиссиясы өкмөткө жумушка кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан Боронбаевди депутат кылып каттады. Борбордук шайлоо комиссиясы 1-апрелде «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынан тизмесинен Министрлер кабинетинин төрага орун басары болуп кеткен Бакыт Төрөбаевдин ордуна Жогорку Кеңештин жаңы депутатына мандат берди. Ал мурдагы бажычы Абдывахап Боронбаев. Жаңы... Читать дальше...

Кыргызстан каржы уюмдардан 9,9 миллиард сом алат

Azattyk.org 

2022-жылы Кыргызстан Эл аралык каржы донорлорунан мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн 9 млрд. 945 млн. сом алат. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, 663 млн. (7,5 млн. доллар) сом Дүйнөлүк банктан, 2 млрд. 210 млн. сом (25 млн. доллар) Азия өнүктүрүү банкынан жана 7 млрд. 72 млн. сом (80 млн. доллар) Евразия өнүктүрүү жана турукташтыруу фондунан алынат. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан быйылкы бекитилген бюджеттин 47 млрд. 481 млн. сому сырттан алына турган каражат болмокчу. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *