Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 25.05.2022

Прокуратура Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үй-мүлкүн тактайт

Azattyk.org 

Башкы прокуратура экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон Убактылуу өкмөттүн 9 мүчөсүнүн үй-мүлкүн “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин алкагында тактап жатат. Башкы прокуратуранын Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөткөн документи интернетке жарыяланды. Анда Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен козголгон кылмыш ишине байланыштуу тизмедеги саясатчылардын өлкө аймагындагы үй-мүлкүн тактоону өтүнгөн. Читать дальше...

Сот “Кумтөргө” коюлган миллиардаган доону жокко чыгарды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компаниге” коюлган 261 млрд. сомдук доону жокко чыгарды. Ушуну менен кыргыз соттору бир айдын ичинде “Кумтөр Голд” ишканасынын пайдасына эки чечим кабыл алды. Апрелдин аягында эле Бишкектин Октябрь райондук соту Ысык-Көлдө төгүлгөн цианидден жабыркаган адамдардын кен казган компанияга кенемте төлөтүү арызын канааттандырган эмес. Миллиардаган доонун төркүнү Бишкек шаардык соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасына экологиялык мыйзамдарды бузганы үчүн салынган айыпты... Читать дальше...

Кара-Суу: пахтадан кол жууган дыйкандар

Azattyk.org 

Катуу жааган жамгыр Кара-Суу районунда 580 гектар пахтаны керектен чыгарды. Дыйкандардын көпчүлүгү зыян тартып, ушул тапта эгинди кайрадан эгүүнү ойлонуп жатышат. Кара-Суу районунун Айыл чарба департаменти зыян тарткан дыйкандарга өкмөт тараптан колдоо көрсөтүүгө убада берди.

Кыргызстанда балыктын жети түрү жок болуу коркунучунда

Azattyk.org 

Кыргызстандын экологиялык активисттери балыктардын жашоосуна жана миграциясына тескери таасир эткен иш-аракеттер көбөйгөнүн айтып келет. Окумуштуулардын айтымында, буга климаттын өзгөрүшү да кошул-ташыл болууда. Cуудагы биотүрдүүлүктү сактоого коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн 21-май – Балыктардын миграциясынын дүйнөлүк күнү 2014-жылдан бери белгиленип келет. Адатта балыктардын миграциясына суудагы аба менен азыктын абалы, урук таштоо мезгили, жырткычтар тарабынан туулган коркунучтар себеп болот. Читать дальше...

"Чаткалдан кийин коркуп калдык". Жарака кеткен мектептеги окуу

Azattyk.org 

Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы орто мектептин окуучулары жарым кылым мурда курулган имаратта окушат. Ушул тапта мектептин бир жак дубалы ажырап, сыртты көздөй ооп, шып балдардын үстүнө түшүп кетчүдөй болуп турат. Жаңысы качан салынары белгисиз.

"Ислам эркин ой жүгүртүүнү чектебейт"

Azattyk.org 

Дин таануучу, Түркиядагы Эржиес университетинин докторанты Элмурат Кочкор уулyнун "Ислам - илимдүүлөрдүн жана билимдүүлөрдүн дини" аттуу китебинин бет ачары өттү. Китепте автордун азыркы коомчулуктагы диний, социалдык жана башка көйгөлөр боюнча жазган макалалары топтоштурулган. Окурмандар арасында китепке жылуу пикирин айткандар менен катар эле автордун эмгегин сындагандар бар. Китептин мазмуну, анда көтөрүлгөн маселелер тууралуу Элмурат Кочкор уулу менен маек курдук. - Элмурат, студияга куш келипсиз. Читать дальше...

Кыздардын көз жаздымдагы турмушун көрсөткөн Нарын театры

Azattyk.org 

Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театры 85 жылдык мааракесине карата отчёттук театр жумалыгы менен Бишкекке келди. Чыгармачыл топ борбор калаадагы сапарын Кыргыз Эл жазуучусу Султан Раевдин "Оо, кыздар" драмасы менен жыйынтыктады.

"Атып өлтүрүүгө уруксат берилген". Шинжаңдагы азаптын жаңы далили

Azattyk.org 

Кытай полициясынын жаңы документтери Шинжаңдагы кайра тарбиялоочу лагерлерге камалган миңдеген уйгурлардын тек-жайын ачыкка чыгарды. Ошондой эле күч кызматкерлерине лагерлерден качууга аракет кылган адамдарды атып өлтүрүүгө уруксат берилгенин күбөлөдү. Уйгурлардын аянычтуу тагдыры "Шинжаң полициясынын файлдары" деп аталган он миңдеген документтердин арасында 2800дөн ашуун кытайлык уйгурдун сүрөттөрү бар. Бул сүрөттөр 2018-жылдын январь-июль айларында Кашкар аймагындагы Конашехер конушундагы полиция бекеттеринде тартылган. Читать дальше...

"Инкарчылардын" көмүскөдө көктөгөн иши

Azattyk.org 

Чүйдө беш киши “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын лидери жана мүчөcү деген шек менен кармалды. "Инкарчылар Чүйдөгү уюгу" Милиция Чүйдө “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын элүүдөн ашык мүчөсү аныкталганын жана анын лидери катары мурда экстремизм беренеси менен соттолгон 52 жаштагы К.Н аттуу тургун кармалганын маалымдады. Экстремисттик кыймылдын лидери деп шектелген киши менен кошо төрт мүчөсү кармалган. Шектүүлөрдүн кичүүсү 26, улуусу 56 жашта болгон. Алар Кылмыш-жаза кодексинин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *