Чолпон-Атадагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу комплекс ачылды
1-июнда Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын Балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси ишке берилди. Бул жайдын ачылышына президент Садыр Жапаров да катышты. Медициналык-реабилитациялык борбор 8 блоктон турат. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Комплекс бир мезгилде 400 баланы энелери менен кабыл алууга ылайыкташкан. Ошондой эле мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алпарат. Читать дальше...