Депутаттар вакцина үчүн $12,5 млн насыя боюнча чечим кабыл алышкан жок
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 6-июндагы отурумунда Азия өнүктүрүү банкынан (АӨБ) COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 12,5 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишим долбоорун башка күнү карамай болушту. Долбоорду өкмөт парламентке ратификациялоо үчүн киргизген. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бул вакцинаны 2024-жылы сатып алуу пландалып жатканын, азыр өлкөдө 2,5 миллион доза бар экенин, анын 1,5 миллионунун мөөнөтү быйыл июлда аяктарын билдирди. Бирок депутаттар бул келишимге каршы чыгышты. Читать дальше...