Кыргызстандык эки балбан жаштар арасында Азия чемпиону болду
Кыргызстандык балбандар Таирбек Жумашбек уулу жана Мухаммад Абдуллаев 26-июнда Бишкекте жыйынтыкталган күрөш боюнча 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында алтын медал утту. Эркин күрөштөн 61 килограмм салмакта финалда Жумашбек уулу казакстандык Ассылжан Есенгелдини 8:6 эсебинде утту. Финалга чейин Жумашбек уулу монголиялык, түркмөнстандык жана бахрейндик балбандарды жеңген. Күрөштүн бул түрүнөн 79 килограмм салмакта Мухаммад Абдуллаев алтын байге үчүн беттеште индиялык Балян Гоуравды 17:7 эсебинде утту. Читать дальше...