Жети-Өгүздө чатырын шамал учуруп кеткен мектептин чыгымы эсептелүүдө
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жети-Өгүз айылында катуу шамал орто мектептин чатырын учуруп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, 5-июлда Д.Иманов атындагы орто мектептин болжол менен 1036 чарчы метрлик шифер чатыры жараксыз абалга келди. Жерине Жети-Өгүз райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн үч кызматкер барып, мектептин абалы менен таанышты. Бүгүн 6-июлда райондук жарандык коргонуу кызматынан комиссия түзүлүп, чыгымы эсептелип, чатырын жабууга кам көрүлө баштайт. Читать дальше...