Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 07.07.2022

Дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы арзандады

Azattyk.org 

Мунайдын бир баррели дүйнөлүк рынокто апрелдин аягынан бери биринчи жолу 100 доллардан төмөн түштү. Эксперттер муну рецессия ыктымалдыгынын жогорулашы жана кара майга талаптын азайышы менен түшүндүрүшөт. Мунайдын Brent маркасы шаршембиде 3 пайызга арзандап, бир баррели 99 доллар 61 центке сатылып жатты. АКШда өндүрүлгөн мунай 98 доллар 63 центке бааланды. Бир ай мурун анын бир баррели 120 долларга сатылып келген. Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Кошмо Штаттар жана өнөктөштөр орусиялык... Читать дальше...

8-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

8-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 26…31; Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27; Баткен... Читать дальше...

Болот Темировдун милицияга иш козгоо тууралуу арызы сотто колдоо тапкан жок

Azattyk.org 

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун милиция кызматкерлерине иш козгоп, аларды жоопко тартуу тууралуу арызы канааттандырылган жок. Бүгүн 7-июлда Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун Темировдун арызын четке каккан чечимин күчүндө калтырды. Темиров аны кармап кетишкен күнү наркологиялык текшерүү учурунда милиция кызматкери тарткан видео жана Temirov LIVE каналынын тергөөчүлөр алып кеткен компьютериндеги видеолор кийин социалдык түйүндөргө фейк аккаунттар аркылуу тараганын жүйө келтирип... Читать дальше...

УКМК университетте жемкорлук аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары менен алдыңкы мамлекеттик университеттердин биринин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жемкорлукка шектелип жатышканын 7-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ишти президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин өкүлдөрү катышкан мекеме аралык комиссия изилдеп чыкты. Натыйжада чет өлкөлүктөр үчүн деп бөлүнгөн мамлекеттик гранттык... Читать дальше...

ТҮРКСОЙ кыргыз калемгерлеринин чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарды

Azattyk.org 

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Евразия жазуучулар биримдиги менен биргеликте кыргыз акын жана жазуучуларынын чыгармаларын түрк тилинде басып чыгарды. Уюмдун башкы катчысы Султан Раев “Азаттык” радиосуна 6-июлда билдиргендей, долбоор алкагында үч китеп жарык көрдү. “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү” аттуу китепте залкар жазуучунун чыгармаларындагы мифологиянын орду жөнүндө баяндалат. “Жолон Мамытов” деген китеп таланттуу акындын чыгармачылыгына арналды. Анда анын өмүр баяны жана акындык жолу кеңири чагылдырылды. Читать дальше...

Иранда британ дипломаты кармалганы тууралуу маалымат төгүндөлдү

Azattyk.org 

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Иранда британ дипломаты кармалганы тууралуу маалыматты “карандай калп” деп атады. Бул жөнүндө мекеменин 6-июлдагы билдирүүсүндө айтылды. Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары 5-июлда “Ислам революциясынын сакчылар корпусу” бир нече чет өлкөлүктү кармаганын, алардын арасында экинчи рангдагы британ дипломаты тыңчылык үчүн колго түшүрүлгөнүн маалымдашкан. Fars маалымат агенттиги алар Ирандын борбордук аймагындагы чөлдө тыюу салынган жердин үлгүсүн алып жаткан учурда дрон менен аныкталышканын жазган. Читать дальше...

Мас айдоочуну жазалоо боюнча жаңы мыйзам коомдук талкууга коюлду

Azattyk.org 

Мас айдоочулардын жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду. Депутат Марлен Маматалиев сунуштап жаткан долбоор колдоо тапса Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндөгү кодекске, Укук тартибин коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде айтылгандай, соңку он жылда Кыргызстанда 68 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды, натыйжада 10 миңдей адам каза болду. Жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын айынан болот... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *