Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2022

Новости за 08.07.2022

Ошто кыздарга карата зомбулукту токтотуу талабы коюлган акция өттү

Azattyk.org 

Ошто бүгүн 8-июлда кыздарга карата зордук-зомбулукка каршы тынч митинг өттү. Жарандык активисттер тобу Ош шаардык милициясынын алдында чогулуп, “13 жашар кыз... Дагы ким?”, “Кыргызда кыз ыйык!”, “Кайдыгер болбо!”, “Укук кордоочубу?” деген жазууларды кармап турушту. Чогулгандарга Ош шаардык милиция башчысынын орун басары Бакыт Исраилов чыкты. Ал зомбулукка каршы аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип, активисттерди бул багытта чогуу аракеттенүүгө чакырды. Бир нече күндөн бери Кыргызстанда... Читать дальше...

9-июлдун аба ырайы

Azattyk.org 

9-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун кээ бир райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө аймактарында жана Жалал-Абад облусунда жаан-чачын жаабайт.  Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Читать дальше...

Сузак: үлүш жерди аңга айланткан ишкер

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айылында 6-июлда өткөн нааразылык акциясынан кийин топурак казган карьердин иши токтоду. 2014-жылдан бери казылып жаткан карьер кеңейип, жергиликтүү тургундардын үлүш жерине чейин созулуп кеткен. Ишкер уруксаты жок, кошумча жерлерди да казып, айыл аралап ташып жаткан машинелердин чаңынан эл тажаганын айтышууда.

Марат Казакпаевдин адвокаты судьяга каршы арызданарын айтты

Azattyk.org 

Маркум саясат талдоочу Марат Казакпаевдин адвокаты анын ишин караган судья боюнча Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясына арызданат. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов билдиргенин 8-июлда АКИpress маалымат агенттиги жазды. Жактоочу Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковду жана прокурор Тамара Тилекееваны атап, алар 31-майдагы соңку отурумда Казакпаев өлүм алдында болгондуктан аны үй камагына бошотуу тууралуу өтүнүчкө көңүл бурбай коюшканын билдирди. Сот жана прокуратура органдары... Читать дальше...

Талас: айыл тургундарын экиге бөлгөн курулуш

Azattyk.org 

Талас районундагы Талды-Булак айылында курулуп жаткан май куя турган жайга айрым тургундар каршылыгын билдирүүдө. Алардын айтымында тургундар жашап жаткан үй менен курулуп жаткан май куйган жай жакын жайгашкан жана чарбактагы өсүмдүктөргө зыяны тиет деп чочулашууда.

Нарында жер талаштан улам ок атылып, алты адам жараат алды

Azattyk.org 

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жараат алышканын облустук милиция билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 7-июлда кечки саат 11 чамасында болгон, Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүн бирөөлөр аткылап жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. “Айылдын К.Б. аттуу тургуну ошол эле айылдын 30-40ка чукул тургуну чогулу, анын үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” машинасын... Читать дальше...

Түлөбердиев “Манастын” жаңы жетекчиси Самидиновдун иш тажрыйбасы жетиштүү экенин айтты

Azattyk.org 

““Манас” эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомуна башкы директор болуп жаңы дайындалган Манас Самидиновдун бул жумушту аркалап кетүүгө тажрыйбасы жетиштүү деген пикирин 7-июлда “Азаттык” радиосуна ишкананын Директорлор кеңешинин мүчөсү Ренат Түлөбердиев билдирди. Ал жаңы директор президенттин туугандарына жакын адамдардын бири деген сөздөрдү четке кагып, андайды эч качан укпаганын, “биринчи жолу угуп жатканын” айтты. “Тажрыйбасы жетет. Азыр аэропортто иштеп жаткан команда жакшы. Иштин баарын чогуу алып барабыз. Читать дальше...

ИИМдин жыйырма жыл жылбаган реформасы

Azattyk.org 

Кыргыз милициясын элге жакын укук коргоо органы катары кайра түзүү боюнча реформалоо демилгеси башталганына 24 жыл толду. Айрыкча 2002-жылы милиция митингчилерге каршы ок чыгарган Аксы окуясы анын иштөө усулдарын өзгөртүү зарылдыгын күн тартибине чыгарган. Бул аралыкта ЕККУ жана БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар милиция кылмыштуулукту ооздуктап, коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн материалдык - техникалык жардам берүү боюнча бир топ долбоорлорду ишке ашырды. Бирок укук коргоочулар жана жарандык активисттер... Читать дальше...

Жапониянын мурдагы өкмөт башчысы Синдзо Абэге кол салуу болду

Azattyk.org 

Жапон өкмөтүндө мурдагы премьер-министр Синдзо Абэге кол салуу болгонуна байланыштуу кризистик штаб түзүлдү. “Киодо” маалымат агенттиги билдиргендей, штабды өкмөт башчы Фумио Кисида жетектемей болду, ал Ямагата префектурасында шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу иш сапарын токтотуп, борбор калаа Токиого чукул кайтып барды. Окуя Нара шаарында, Синдзо Абэ эл алдында сүйлөп жаткан учурда болгон. NHK телеканалынын кабарчысы жеринен маалымдагандай, алгач ок атылгандай добуш чыгып, мурдагы өкмөт башчы кансырап жатып калган. Читать дальше...

Кайгуул кызматы жолдордо кайыр сурагандар тууралуу маалымат таратты

Azattyk.org 

Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы калаанын автоунаа жолдорунда кайырчылык кылгандардын арасында бирөөнүн атып жамынып, алдамчылык менен каражат жыйнап жаткандар аныкталганын маалымдады. “Мисалы, видео тасмадагы Ажара аттуу кичинекей кыз Түркиядан дарыланып келгенине эки жумадан ашкан. Ошого карабастан, уюштуруучулар тарабынан акча чогултуу иштери уланып жаткандыгы аныкталган. Учурда тилемчиликти күнүмдүк жумушуна айландырган кайырчылар дейбизби же ыктыярчылар дейбизби, айтор Кайгуул кызматы тарабынан текшерилип... Читать дальше...

Түркмөнстан: Бийликтегилер эс алып жаткан аймактагы тургундардын кондиционерлери алынууда

Azattyk.org 

Түркмөнстанда президенттин жакындары эс алып жаткан аймактагы үйлөрдүн тышына тагылган кондиционердик системалар алынууда. Бул тууралуу 7-июлда “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматы жазды. Маалыматта айтылгандай, Балкан велаятындагы Түркмөнбашы шаарындагы айрым кичи райондордо кондиционердин үйдүн тышкы дубалына тагылган бөлүгүн шаардын коммуналдык кызматтары чечип кетүүдө. Шаардык администрация мунун себебин расмий түшүндүргөн жок. Ал эми мекеменин айрым өкүлдөрү президенттин жакындары жана жогорку... Читать дальше...

Казакстан: Январь окуясына шектелип жаткан өспүрүм өзүнө кол салды

Azattyk.org 

Казакстанда Январь окуяларына айыпталып жаткандардын бири, 17 жаштагы Кадыржан Абиз Каскелең шаарындагы ооруканага түшкөнүн 7-июлда “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Ал “курал уурдаган” деген айып менен козголгон кылмыш иши сотко өткөнү тууралуу укканда күч органдарына протест катары өзүнө өзү кол салып, башынан жана моюнунан жараат алганы белгилүү болду. Адвокатынын айтымында, аларды иштин материалдары менен эч ким тааныштырган эмес, сотко өткөрүү тууралуу документтерге кол койдурган эмес. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *