Акыркы жарым жылда чет мамлекеттерге төрт дарыгер, 87 медайым чыгып кетти
Быйыл алты айда саламаттык сактоо тармагына 690 доктур, 1718 орто билимдүү медициналык кызматкер ишке кирип, 525 дарыгер, 1420 орто билимдүү медициналык кызматкер жумуштан кеткен. Анын ичинен 4 дарыгер, 87 орто билимдүү кызматкер чет мамлекеттерге кетишти. Өлкө боюнча жарым жылда калкты медициналык жардам менен 13 655 дарыгер, 33 510 медайым тейлеген. Алгачкы медициналык жардамды республика боюнча 17 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 61 жалпы дарыгерлик практика борборлору көрсөттү. Аларда 680 үй-бүлөлүк... Читать дальше...