Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2022

Новости за 23.08.2022

Ооган-тажик чек арасы: Панжшер менен Андарабда кырдаал курч

Azattyk.org 

"Талибандын" жетекчилиги ушул апта Панжшер жана Андараб провинцияларында коопсуздук кызматынын жана полициянын жаңы командирлерин дайындаганын ачыктады. Соңку күндөрү чек аралаш аймактарда айыгышкан салгылашуулар катталганы, анда ондогон талибдер набыт болгону айтылууда. “Талибан” кыймылынын (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид 21-августта Твиттерде кыймылдын лидери Хайбитулла Ахунзаденин буйругу менен Абдул Кайюм Закир Панжшер жана Андараб коопсуздук күчтөрүнүн... Читать дальше...

Мигранттар кабылган кырсык: Түркиядагы үч шаарда көңүл айтуу китеби ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн Кыргызстандын Анкарадагы элчилигинде, Стамбулдагы башкы консулдугунда жана Анталиядагы консулдугунда көңүл айтуу китеби ачылды. Элчиликтин маалыматына караганда, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун кызматкерлери жана кыргызстандыктар келип ойлорун жазып жатышат. Орусиядагы кыргыз жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстан 23-августта аза күтүүдө. Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Читать дальше...

"Машинеде жатып, кезекте турабыз". Мигрантты мүшкүлгө салган каттоо

Azattyk.org 

Орусияда эмгек мигранттарынын убактылуу каттоого туруу тартибин көзөмөлдөө күчөтүлгөнү айтылууда.  Буга байланыштуу паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн Орусия менен Казакстандын чек араcында топтолуп, тыгын пайда болгон видео тасмалар социалдык тармактарга тарады. Мигранттардын өкүлдөрү каттоого туруу тартибин жеңилдетүү үчүн орус бийлиги менен сүйлөшүүнү өтүнүп, элчилик менен Тышкы иштер министрлигинен чечкиндүү кадамдарды талап кылып, президентке чейин кайрылышууда. Тышкы иштер... Читать дальше...

Кырсыкта кыйылган кырчын өмүрлөр (тизме)

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун аты-жөнүн Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып жарыялады. Каза болгон кыргызстандыктардын эң жашы 22, улуусу 63 жашта. Каза болгондордун бешөө Баткен, беш киши Жалал-Абад, төртөө Ош облусунун тургундары.

Кырсыктын күбөсү: Инимди талкаланган унаадан таптык

Azattyk.org 

Карима Көчөрова Орусиянын Ульяновск облусунда 16 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына күбө болгон. Москвада бир нече жылдан бери иштеп жүргөн Карима кырсыкка кабылган автоунаада өзүнүн иниси бар экенин билген эмес. Ал 16 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы тууралуу "Азаттыкка" айтып берди. - Карима айым, сиз Орусиянын Ульяновск облусундагы 14 кыргызстандык өмүрүн алган жол кырсыгына күбө болуп, жабыркагандарга алгачкылардан болуп жардам берүүгө катышкан экенсиз. Окуянын чоо-жайы жөнүндө кененирээк айтып бере аласызбы? Читать дальше...

Ишкердин кармалышы коопсуздукпу же бизнеске чабуулбу?

Azattyk.org 

Мыйзамсыз курал сактоого шек саналып кармалган ишкер Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камалды. Курал-жарактан тышкары, анын кеңсесин тинткен учурда ири суммадагы акча жана 2 грамм баңгизат табылганы кабарланды. Ишкердин адвокаты бардык куралдар мыйзамдуу болгонун билдирүүдө. 19-августта атайын кызмат тарабынан кармалган ишкер, «Үмүт жана Ко» компаниясынын ээлеринин бири Журат Абдуллаев Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга камалды. Биринчи... Читать дальше...

Орусияда каза болгондордун сөөгү Ошко жеткирилди

Azattyk.org 

Орусиянын Ульяновск облусундагы катуу жол кырсыгында каза болгондордун сөөгү Кыргызстанга алып келинди. Жарандарынын өмүрүн алган жол кырсыгына байланыштуу Кыргызстан аза күтүп жатат. Аза күтүүгө байланыштуу чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлдү. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулду. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы шейшембиде өлкөдөгү бардык мечиттерде бешим намазынан кийин куран окуларын кабарлады. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *