Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 13.09.2022

ИИМ: өспүрүм кыздын өлүмү боюнча далилдер толук алынды

Azattyk.org 

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмү боюнча далил заттар толук алынып, иш жакында сотко өтөрүн билдирди. Абдиев бул тууралуу 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты. “Азыркы учурда окуя боюнча далил заттар алынды, экспертиза дайындалып, күбөлөрдүн баары такталды. Жакынкы аралыкта иш сотко өтөт”, - деди Абдиев. Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар Айдай Кочкорова тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби... Читать дальше...

Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар көз жумду

Azattyk.org 

13-сентябрда Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Liberation басылмасы жазды. Жан-Люк Годар француз киносундагы “Жаңы толкундун” негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын 1960-жылдардагы тасмалары дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген. Анын “Жаңы толкундагы” жолу 1959-жылы “Акыркы дем” тасмасы менен башталган. Анда башкы ролду киноактёр Жан-Поль Бельмондо жана Жин Сиберг аткарган. Жан-Люк Годарга киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы "Оскар" сыйлыгы ыйгарылган.

Зомбулукка кабылган аялдар үчүн борбор түзүлөт

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен бирге бирдиктүү борборду түзүү жөнүндө талкуу өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү – укуктук, психологиялык, социалдык жардам көрсөтөт. Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган. Читать дальше...

Орус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жатат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Акматов 13-сентябрда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында билдирди. Анда "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев орус абактарында жазасын өтөп жаткан кыргыз жарандарын экстрадициялоого байланыштуу маселе көтөрдү. Ал мекениндеги түрмөлөргө которулууну каалагандарга укуктук, юридикалык жардам жетиштүү берилбей жатканын айтты. Читать дальше...

УКМК: Журат Абдуллаевдин 800 миллион сому мамлекетке чегерилди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) камактагы ишкер Журат Абдуллаевдин кылмыш ишине байланыштуу маалымат берди. Анда мыйзамсыз курал сактоого шек саналган бизнесмен "айыбын мойнуна алганы, соттун чечими менен 100 миң сом айып пул салынып, 800 миллиондон ашык сому мамлекетке чегерилгени" айтылат. "Козголгон кылмыш ишинин алкагында бюджетке 800 миллион сомдон ашык акча чегерилди. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучунун демилгеси менен ага коюлган кылмышты мойнуна алуу тууралуу келишим түзүлгөн. Тергөө амалдары аяктап... Читать дальше...

Министр Доскул Бекмурзаевге эки кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге "кызмат абалынан кыянат пайдаланууга" байланыштуу эки кылмыш иши козголгонун билдирди. Анда "2021-2022-жылдары тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга иш сапарларга негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олутуу материалдык зыян келтирилген. Мындан сырткары министр Бекмурзаев кызмат абалынан кыянат пайдаланып, "Теплые ключи” саламаттыкты чындоо... Читать дальше...

Ысык-Атада аялын уруп өлтүрүүгө шек саналган жаран кармалды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы окуя Ысык-Ата районуна караштуу Красная Речка айылында болгонун билдирди. Ага ылайык, 11-сентябрда  оорукананын жандандыруу бөлүмүнө сабалган 33 жаштагы келин түшкөнү,  алган жараатынан улам каза болгону тууралуу милицияга маалымат берилген. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, маркумдун 40 жаштагы күйөсү кармалган. "Ал жаран үйүндө арак ичип отуруп, уруш-талаш чыгарган, аялы анын ур-токмогунан көз жумган. Кылмышка шектүү милициянын убактылуу тергөө абагына камалды. Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы ишкерлер кабылган басым-кысымга тынчсызданды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы Бизнес-акыйкатчы институту ишкерлик жана инвестициялык чөйрөдөгү соңку жагдайга байланыштуу билдирүү таратты. Анда бизнесмендерден түшкөн кайрылуулар жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдардан улам тынчсыздануу айтылган.  "Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын башында ишкерлерди, инвесторлорду колдоо, менчигин коргоо, укук коргоо, фискалдык жана көзөмөлдөөчү органдардын негизсиз кийлигишүүсүн болтурбоого баланыштуу жарлыгына карабай, терс фактылар орун алып жатат. Читать дальше...

Зордуктоого шек саналган Улуттук Гвардиянын жоокерлери эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту зордуктоого шек саналып кармалган Улуттук Гвардиянын эки жоокеринин бөгөт чарасын карап, эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарды. Кылмышка шектүүлөр Бишкек гарнизонунун жаза өтөөчү жайында (гауптвахта) 11-ноябрга чейин болушат. Аскер прокуратурасы эки жоокер кармалганы тууралуу 12-сентябрда билдирген. Анда 5-сентябрда Б.У аттуу кыз 4-сентябрда түнкү саат 04:30 чамаларында Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз кишилер күч колдонуп, машинада зордуктаганын айтып... Читать дальше...

Азербайжан менен Армениянын чек арасында ок атышуу болду

Azattyk.org 

Армения чек арадагы калк жашаган аймактарын 12-сентябрдан 13нө караган түнү азери аскерлери аткылаганын билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлиги Горис менен Жермук шаарлары жана Сотк айылы бутага алынганын, оор артиллерия жана учуучу аппараттар, миномёттор колдонулганын, ага жооп кайтарылып жатканын кабарлады. Азербайжан болсо Армения тараптан чагым жана диверсия болгонун, ага жооп катары ок атылганын жарыялады. Коргоо министрлиги тараткан маалыматта “Дашкесан, Келбажар жана Лачин аймактарында... Читать дальше...

Секелек кыздын өлүмү: ЖКда күч органдары маалымат берет

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңеште Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар Айдай Кочкорованын ишинин тергелип-иликтениши, жагдайы тууралуу Башкы прокуратура, Ички ички иштер министрлиги баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү маалымат берет. Жыйынды парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети болуп чогуу өткөрөт. Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жана облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *