Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 15.09.2022

Азербайжан – Армения чек арада ок атышууну токтотууну макулдашты

Azattyk.org 

Армениянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григорян эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен Азербайжан - Армения чек арасында ок атышуу токтогонун билдирди. Бул тууралуу “Азаттыктын” армян кызматы жазды. “Албетте, келишимсиз ок атышууну токтотуу мүмкүн эмес болчу. Азербайжан эми ок атышпоо режимин сактайт деп үмүт кылалы”, - деди Григорян. Мунун алдында Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги расмий Баку Ереванга ок атышпоо сунушун киргизгени кабарланган. Бирок Армениянын Тышкы иштер министрлиги... Читать дальше...

Ташиев: чек арада тажик тараптан чагым даярдалганын байкадык

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барып, облус башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жабык жыйын өткөрдү. Ташиев жергиликтүү журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин, ошол эле учурда чыңалуу бар экенин айтты. Ташиев тажик тараптан Кыргызстандын жарандык обьектилерине ок атылганын сынга алды: "Бул жолку атышуунун өзгөчөлүгү - Тажикстан тараптан биздеги жарандык обьектилерге, үйлөргө минемоттон ок атылганы болду. Читать дальше...

Самарканддагы саммит. Темир жол куруудагы макулдашуу

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарында 15-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жолукту. Анын алдында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Садыр Жапаровдун администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катыштын актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашууларды жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Читать дальше...

Баткен: Ташиев күч түзүмдөрү менен жабык жыйын өткөрүп жатат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткенге барды. Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы  атайын кызматтын жетекчиси учурда облус жетекчилиги жана күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жабык жыйын өткөрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады.  УКМКнын басма сөз кызматы Ташиевдин Баткенге сапары тууралуу азырынча маалымат бере элек. Расмий Бишкектин маалыматына караганда, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы үч жерде ар кайсы убакта ок атылган. Читать дальше...

Самарканд: Садыр Жапаров менен Си Цзинпин алака-катышты талкуулады

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жолукту. Садыр Жапаровдун администрациясы тараткан маалыматка ылайык, анда тараптар өз ара алака-катышты актуалдуу маселелерин, жогорку деңгээлдеги макулдашуулардын жана түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлордун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. "Садыр Жапаров "Бир алкак жана бир жол" долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу ШКУнун алкагында экономикалык өнөктөштүктү кеңейтерине... Читать дальше...

Баткен: ок атылган аймактагы жайытта тутанган өрт өчө элек

Azattyk.org 

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы жайлоосунда чыккан өрт өчүрүлө элек. Бул тууралуу Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев "Азаттыкка" билдирди. Анын ырасташынча, жайлоодогу өрттү койчулардын жана эки чек арачы аскердин жардамы менен өчүрүүгө аракет кылышкан. "Бирок бул өрттү суу чачып өчүрүү оңой болбой жатат. Тик учак келет деп жатышат, күтүп жатабыз". 14-сентябрда тажик тараптан минометтен ок атылган жерде өрт тутанып... Читать дальше...

Адвокат Абакиров: Бөлтүрүктүн иш-аракетинде кылмыштын курамы жок

Azattyk.org 

Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу камалган "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүк дооматтарды четке кагып, күнөөсүн мойнуна албаганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына азыркыга чейин Бөлтүрүк жана анын адвокаттары Эсеп палатасынын отчету менен тааныша электигин жазды. "Тенгиз Бөлтүрүктүн иш-аракетинде кылмыш курамы жок. Биз чындыкты аныктоо үчүн тергөө менен кызматташууга даярбыз" деп билдирген адвокат президенттен бул ишти көзөмөлгө алууну өтүндү. Читать дальше...

Абдуллаевдин өкмөткө өткөн акчасы, ишкерлердин кооптонуусу

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети мыйзамсыз курал сактоого шек саналып камалган ишкер Журат Абдуллаевдин үйүн жана кеңсесин тинтүү маалында алынган 822 миллион сому мамлекетке чегерилип,  сот чечими менен ага 100 миң сом айып пул салынганын кабарлады. Ал арада бизнес коомчулук акыркы убакта ишкерлерге кысым күчөгөнүн, бул мыйзамдуу жана ачык иштеген ишкерлердин, инвесторлордун өлкөдөн чыгып кетишине алып келерин эскертти. Биринчи май райондук соту 12-сентябрда Журат Абдуллаевдин ишин карап, мыйзамсыз... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: тараптар кошумча күчтөрдү алып кетти

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы 15-сентябрда кабарлагандай, Кыргызстан менен Тажикстан чек арага тартылган кошумча күчтөрдү алып кетти. Мунун алдында эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү соңку жаңжалга байланыштуу жолугуп, кырдаалды жөнгө салууну макулдашкан. Чек ара кызматынын маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасында кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Түн тынч өттү, кандайдыр бир окуялар катталган жок. Чек арадагы кырдаалга эки өлкөнүн күч кызматкерлерги биргелешип көзөмөл кылууда. Читать дальше...

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна кол коюлду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда башталган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлду. Кыргызстандын президентинин администрациясы кабарлагандай, темир жолдун Кыргызстан аркылуу өтчү тилкеси тууралуу макулдашуу документине Кыргызстандын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев, Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов жана Кытайдын өнүгүү жана реформа боюнча мамлекеттик... Читать дальше...

Акордо: Си Цзиньпин Казакстандын аймактык бүтүндүгүн колдоону убада кылды

Azattyk.org 

14-сентябрда Казакстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын лидери Си Цзиньпин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Акордонун маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда Си Цзиньпин кытай бийлиги Казакстан менен мамилесине өзгөчө көңүл бурарын айтты. Ал "эл аралык конъюнктура кайсы жагына өзгөрбөсүн Бээжин  Казакстандын эгемендигин, суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн  чечкиндүү колдоону" улантарын билдиргенин расмий басма сөз кызматы маалымдады. Жолугушуунун... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, 15-сентябрдын таңына карата кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч. 14-сентябрда эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү Төрт-Көчө аймагындагы жолугуп, аймакта чек арага чогуу көзөмөл кылууну, коомдук коопсуздук сактоо үчүн биргелешип кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү сүйлөшкөн. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы чатактан 11 жаштагы бала жараат алганын маалымдаган. Ал октон жаагынан жана сол ийнинен жараат алган. Абалы орточо оор деп бааланууда. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *