Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 16.09.2022

Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар ЖК төрагасы менен жолугат

Azattyk.org 

Бишкекте Жогорку Кеңештин алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылып митингге чыккандардын ондой өкүлү парламенттин спикери менен жолугат. Алар учурда имаратка киргизилди. Бүгүн, 16-сентябрда Ак үйдүн алдына ондогон адам чогулуп, чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атйын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда. Парламент кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу... Читать дальше...

Баткенге кошумча дарыгерлер жиберилиши мүмкүн

Azattyk.org 

Баткендеги кырдаалга жараша Бишкектен жана башка аймактардан кошумча дарыгерлерди жиберүү маселеси каралып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учурда түрдүү профилдеги дарыгерлер чогултулууда. Зарылчылык болсо атайын учак менен жиберилет. Министрлик социалдык тармактардагы "дарыгерлер иш бөлмөсүнөн эле аэропортко жиберилип жатат" деген маалыматтарды жокко чыгарды. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Баткенде соңку жаңжалда жараат алган 18 адам ооруканага жаткырылды. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: тургундар коопсуз жайга чыгарылууда

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматка ылайык Баткен облусунун аймагында бир нече убактылуу жайгаштыруу пункттары (ПВР) ачылып, калкты кооптуу аймактардан эвакуациялоо уюштурууда. Мындан сырткары жергиликтүү тургундар өздөрүнүн автоунаалары менен коопсуз аймактарга чыгып жатат. Ак-Сай, Самаркандек, Ак-Татыр айылдарынан жарандар Рават айылына эвакуацияланды. Ал эми Баткен шаарында ачылган убактылуу жайгаштыруу пунктарына келген жарандар да бар. Саат 10:30га карата: Лейлек району боюнча... Читать дальше...

Ак үйдүн алдына Баткенге жардам берүүнү талап кылгандар чогулду

Azattyk.org 

Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын алдында соңку чек ара жаңжалынан улам Баткен облусуна жардам берүүнү талап кылган ондогон адам чогулду. Алар чыр чыккан аймакка кошумча аскер жөнөтүүнү, ал жактан жергиликтүү тургундарды коопсуз жайга көчүрүүнү, Исфанадан Бишкекке атайын учак каттамдарын уюштурууну талап кылышууда. Чогулгандардын айрымдары Жогорку Кеңешке кирип, талаптарын айтууга аракет кылып жатат. Митингге чыккандар менен бийлик өкүлдөрү жолуга элек. Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Чек ара: Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты

Azattyk.org 

Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен шаардык жана Баткен райондук жайыт ассоциациясынын башчысы Меңдибай Зикираев кабарлады. Анын ырасташынча, Баткен районунун Булак-Башы жерлигинде дагы атышуу болуп, тажик аскерлери миномет, БМП менен тынымсыз аткылап жатат. Мындан улам Булак-Башы аймагында дагы бир жерде өрт чыкты. Жарадарлар же каза болгондор тууралуу кабар алуу мүмкүн болгон жок.. Булак-Башыда 14-августтагы чек арадагы атышууда жайыт өрттөнгөн. Учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин... Читать дальше...

Кыргызстандын ТИМи расмий Дүйшөмбүгө нота тапшырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын тапшырды. Анда Тажикстан 16-сентябрда мурда жетишилген келишимдерди бузуу менен, чек арага алдын ала аскерлерин жайгаштырып, куралдуу күчтөрүн, оор аскер техникаларын колдонуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерин аткылаганы тууралуу айтылган. Нотада кыргыз тарап Тажикстанды бардык эки тараптуу келишимдерди аткарууга, ок атууну токтотууга, чек арада... Читать дальше...

Чек арадагы жаңжал: Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын атайын кызматынын башчысы Саймумин Ятимовдун жолугушуусу башталды. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мындан улам ок атышуу соолгундай түшкөнүн, ок атышууну токтотуу, кырдаалды жөнгө салууга байланыштуу бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирди. Чек ара кызматы тараптар кайсы жерде жолукканын тактаган жок.  Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда саат 10.15ке карата абал дагы деле чыңалып турганын билдирген. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атышуу Лейлек районунда да башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрь, саат 8.25ке карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, Лейлек районуна караштуу Кулунду, Максат жана Жаңы-Жер аймактарын тажик тарап аткылап жатат жана кыргыз чек арачылары ага жооп кайтарууда. Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирген. Баткен облустук администрация соңку жаңжалда кыргыз тараптан төрт жоокер жараат алганын кабарлаган. Анда 16-сентябрда... Читать дальше...

Баткен: чек арадагы соңку атышууда төрт жоокер жараат алды

Azattyk.org 

Бул тууралуу Баткен облустук администрация кабарлады. Анда 16-сентябрда таңкы саат 6да Эки-Таш аймагын тажик тарап аткылап, бир сааттан кийин Кызыл-Бел участкасына ок чыгарганы айтылат. "Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Алдын ала маалыматка караганда, төрт жоокер жарадар болду. Райондун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо башталды. Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрү менен бирге чек арада жүрөт. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында абал кайра курчуп, атышуу башталды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында жума күнү эртең менен кайра атышуу башталганын билдирди. Ага ылайык, тажик тарап 16-августта саат 06.00 чамасында Баткендеги Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Базар жана Орто-Боз аймактарын аткылаган. “Тажик тарап саат 06.30да “Көк-Таш” чек ара бекетинин аймагын минометтон аткылады. Көп өтпөй  Самаркандек жана Паскы-Арык ааймактары дагы аткыланды. Саат 07.00го карата чек арада кырдаал чыңалып турат, чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү”,-деп айтылат маалыматта. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *