Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 20.09.2022

Баткенде алгачкы эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда. "Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай, 168 чарбалык имараттар, беш мектеп, үч бала бакча, бир ФАП, беш администрациялык мекеме жабыркады", - деди ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып. Жолдошбаевдин айтуусунда... Читать дальше...

10 миңдей этникалык кыргыз документ ала албай жүргөнү парламентте айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө башка өлкөлөрдөн көчүп келген этникалык кыргыздардын 10 миңдей документи жок жүрөт. Бул тууралуу 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында депутат Жанарбек Акаев билдирди: «Бейрасмий эксперттердин маалыматына караганда, ушу тапта Кыргызстанда жашы 18 жаштан жогору, бирок тек-жайын тастыктоочу документи жок 10 миңдей этникалык кыргыз бар экен, айрымдарынын паспортунун мөөнөтү өтүп кеткен. Читать дальше...

УКМК: Чоң-Алайда жана Баткенде саперлор иштей баштады

Azattyk.org 

20-сентябрдан тартып Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында саперлор иштей баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы аталган аймактарда жарылбай калган снаряд, мина жана башка жардыргыч заттарды таап, зыянсыздандыруу ишине киришти. Зыянсыздандыруу учурунда аймак бөгөлөт жана кайтарууга алынат. Чек ара кызматы чек ара аймактарындагы элди бейпилдикти сактоого, ар кандай чагымдарга алдырбоого жана бардык маалыматтарды жергиликтүү чек ара кызматтарынан тактоого үндөөдө. Читать дальше...

ТИМ Тажикстандын билдирүүсүн чагым катары баалады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын тышкы иштер министринин орун басары Содик Имоминин кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча айтканына жооп кайтарган билдирүү таратты. "Жогорку деңгээлдеги дипломаттын чет өлкөнүн ички саясаты жөнүндө кесипкөй эмес жана ойлонбой айткан пикири, анын ичинде кандайдыр бир сегрегация саясатын жүргүзүүгө орунсуз шилтеме берүүсү, чындыкка жана дипломатиялык этиканын кадимки нормаларына жооп бербейт. Бурмаланган жана жалган маалыматтардан турган ачыктан-ачык... Читать дальше...

УКМК кыргыз-тажик чек арасында кырдаал тынч экенин билдирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы 20-сентябрь, саат 8:00ге карата кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметринде кырдаал туруктуу, түн тынч өткөнүн билдирди.  Чек ара кызматынын аймактагы аскерлери чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууну улантууда. Кыргызстан менен Тажикстандын биргелешкен жумушчу комиссиясы аймакта кырдаалдын чыңалуусуна жол бербөө жана мурда жетишилген макулдашууларды, анын ичинде кошумча алып келинген күчтөрдү чек арадан алып... Читать дальше...

Баткенде бала бакча, мектептер азырынча ачылбайт

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан улам эвакуацияланган эл үйүнө толук кайта электигинен улам, мектеп, бала бакчалардын баары азырынча иштебейт. Ал эми дүкөн, коомдук тамактануучу жайлар, банктарга 20-сентябрдан тарта иш баштоо эскертилгенин президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев 19-сентябрда түндө журналисттерге билдирди. "Баткен облусу боюнча 28 жерде банк иштесе, анын үчөө гана иштебей турат. Калган баарына иштесин деп талап коюлган. Баткендин мэрине да тапшырма берилген... Читать дальше...

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыргыз элине көңүл айтты

Azattyk.org 

Касым-Жомарт Токаев Казакстан элинин жана жеке өзүнүн атынан Кыргызстандын элине кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудагы жоготуулары үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтты. Казак президенти кыргыз элине тынчтык жана бакубаттуулук каалаган. "Достук, ынак коңшулук мамилени сактоо - Борбор Азиядагы бир тууган элдин ата-бабаларынан бери келе жаткан негизги милдет. Казакстан бардык талаштуу маселелерди тынч, дипломатиялык жол менен чечүүнү жактайт",- деп жазылган казак президентинин телеграммасында. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: жараат алгандардын саны 183 адамга жетти

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин 19-сентябрь, саат 22:00го берген маалыматы боюнча чек арадагы куралдуу жаңжалда түрдүү жараат алган дагы 20 адам ооруканага кайрылды. Алардын ичинен 21 киши үйүнөн дарыланууга жиберилди. Жарадарлардын басымдуу бөлүгү Ош жана Бишкек шаарларындагы бейтапканаларда. Жараат алгандардын 12си бала, арасында бир жашка толо элек ымыркай бар экени кабарланган. "Керектүү дары-дармек, кан жана башка медициналык жабдуулар жетиштүү" деп жазылган маалыматта. Кыргызстан... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *