Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 21.09.2022

Чек арадагы каргашанын зыянын жоюуга 497,6 млн. сом бөлүндү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашанын зыянын жоюуга бюджеттен 497,6 сом бөлүнүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга берилди. Кыргызстандын Финансы министрлигинин Бюджеттик саясат башкармалыгынын башчысы Талас Айдарбек уулу Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) эфиринде билдиргендей, бул каражат күйүүчү май, тамак-аш жана дары-дармекке жумшалууда. "Министрлер кабинетине жабыр тарткандарга турак жайларды куруп берүү, тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо, аскердик жана социалдык объектилерди жаңы куруу тапшырмасы берилген. Читать дальше...

Депутат Акаев Эл аралык кылмыш сотунун келишимин ратификациялоону тездетүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун негизги документи болгон Рим статуту деген эл аралык келишимди тез арада ратификациялашы керек. Бул сунушту бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев көтөрдү. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө кайрылып, “Алып келиңиздер, парламент жактырып берели” деди. “Жыл сайын ондогон адамдарыбыз өлүп кетпеши үчүн биз аларды экинчи мындай кол салууга барбай тургандай кадамдарга барышыбыз керек. Читать дальше...

Орусиядан учуп келген жаран экстремизмге шек саналып кармалды

Azattyk.org 

Новосибирск-Ош каттамындагы учак менен учуп келген Ж. М. аттуу жаран Ош аэропортунан кармалды. Ал Кылмыш кодексинин 332-беренесинин 1-бөлүгү ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. "Шектүү социалдык тармактарда диний-экстремисттик жана террористтик уюмдардын тыюу салынган материалдарын таратуу менен алектенген. Анын аккаунту аркылуу жарыяланган материалдарда диний-экстремисттик уюмдун символдору... Читать дальше...

Баткен: үй-жайы күйгөн Зайна эненин ыйы менен муңу

Azattyk.org 

Кадамжай районунда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта качып келген 40 миңдей адам убактылуу башкалкалап жатат. Алардын арасында там-ташынан, болгон мүлкүнөн айрылнгандар дагы бар. Алардын бири 75 жаштагы үч майып баланын энеси Зайна Алиева.

Баткенге былтыр чогултулган акча боюнча маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште Баткенге 2021-жылдагы окуяда жабыркагандарга деп элден чогулган акча боюнча маселе көтөрүлдү. Парламенттин 21-сентябрдагы отурумунда депутат Тазабек Икрамов Лейлек жерине барганда эл «Былтыркы топтолгон 500 миллиондун беш тыйынын да көргөн жокпуз» деп айтып жатканын билдирди: «Былтыр Баткенде болгон окуядан кийин ошол жерде ӨКМге элден топтолгон жардам боюнча сурап, отчет алышыбыз керек. Элде бир топ ишенбестик пайда болуп жатканын айтышты. Бүгүн жалпы кыргыз эли, жашы, карасы дебей колунан келген акчасын топтоп берип жатат.

Прокурор журналист Болот Темировду беш жылга соттоону сунуш кылды

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда бүгүн 21-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун соту тараптардын жарыш сөзү менен уланды. Айыптоочу тарап Темиров күнөөлүү экенин, тийиштүү териштирүү жүргүзүлгөнүн айтып, паспорт алууга байланыштуу эки эпизоддун ар бири боюнча төрт жылдан, мындан тышкары “мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “мыйзамсыз маңзат сактаган” деген эпизоддордун ар бири боюнча да төрт жылдан эркинен ажыратууну сунуш кылды. Жыйынтыгында прокурор журналистти жаза чарасын... Читать дальше...

Жапаров менен Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны талкуулашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы каргашаны талкуулашты. Алар АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында 20-сентябрда жолугушканы президенттин сайтына жарыяланды. Сүйлөшүү учурунда Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга "чыккынчылык менен кол салганын" белгиледи. Кагылышуу Кыргызстандын аймагында болгонун билдирди. Читать дальше...

УКМК: Чек арада кырдаал тынч

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы 21-сентябрь, саат 9:00га карата кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тынч экенин маалымдады. "Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал чыңалуу элементтери сакталуу менен салыштырмалуу туруктуу. 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, терс окуялар катталган жок", - деп жазылган маалыматта. Чек ара кызматы 20-сентябрдан тартып кыргыз-тажик чек арасын жарылбай калган ок-дары... Читать дальше...



Дунган жана өзбек коомчулугу Баткенге жардам жөнөтүштү

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан улам коопсуз жакка көчүрүлгөн элге Кыргызстанда жашаган түрдүү этнос өкүлдөрү да гуманитардык жардам жөнөтүп жатат. 20-сентябрда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Милянфан айыл аймагында жашаган дунган тектүү кыргызстандыктар эки фура азык-түлүктү Баткенге жиберишти. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Рустам Бегалиев "Азаттыкка" билдирди.   Ош облусунан да өзбек коомчулугу жалпы суммасы миллион сомдон ашуун азык-түлүк жана башка зарыл каражаттарды Баткенге жөнөтүштү. Читать дальше...

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит мезгилсиз дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын биринчи бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит 57 жаш курагында көз жумганын маркум жетектеп келген мекемеден кабарлашты. Робин Орд-Смит 2019-жылы Кыргызстанда ишкерлердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Бизнес-акыйкатчы болуп шайланган. Ага чейин Алжирде, Румынияда, Малайзияда, Германияда, Жапонияда жана Иракта көптөгөн дипломатиялык кызматтарды аркалаган. Британиянын Тажикстандагы, андан кийин Кыргызстандагы элчиси болгон. Бизнес-акыйкатчы инстититуту... Читать дальше...

БУУнун Борбор Азия боюнча бөлүм башчысы чек арадагы окуяга тынчсыздануусун билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) адам укуктары боюнча Борбор Азия боюнча аймактык бөлүмүнүн (УВКПЧ) башчысы Ришард Коменда менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Жолугушууда тараптар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашкан. Молдогазиев чек аралаш аймактардагы адам өмүрүн алган соңку окуя тууралуу айтып, каза болгондордун арасында балдар да болгонун, куралдуу кагылышта... Читать дальше...

Чек арада жараат алган 137 адам ооруканада жатат

Azattyk.org 

Баткендин, Бишкектин жана Оштун ооруканаларында жалпысынан 137 адам дарыланып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.  Министрликтин 20-сентябрда, түнкү саат 22:00до берген маалыматында, учурда чек арада жабыркагандардын саны Кыргызстанда 198 адамга жетти. Алардын ичинен 61и үйүнөн дарыланууга жиберилди. Министрлик бардык жабырлануучуларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү экенин билдирди. Кыргыз-тажик... Читать дальше...

Гутерриш чек арада мерт болгондор үчүн Садыр Жапаровго көңүл айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ)Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту. Жолугушууда Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн келгенине кубанычта экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалда мерт болгондор үчүн Садыр Жапаровго көңүл айтты. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди. Президент... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *