Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2022

Новости за 29.09.2022

Министрдин камалышы кылмышпы же чагымбы?

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып кармалды. Бирок Бейшеналиевдин тарапкерлери министр алдын ала даярдалган чагымдын курмандыгы болду деп анын кылмышка барганына ишенбей турат.  Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алууга шек саналып, 28-сентябрдын түнү кармалды. Аны кармоо операциясын Ички иштер министрлиги жүргүзгөн. Мекеме тараткан маалыматка ылайык, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда... Читать дальше...

Өзгөндө жүздөй адам Кемпир-Абад маселеси боюнча чогулду

Azattyk.org 

Бүгүн 29-сентябрда Өзгөндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу 100дөй адам чогулду. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, алар суу сактагычтын жери коңшу мамлекетке өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуусун билдирип, эки тараптуу соңку келишимдердин мазмунун ачыктоону талап кылышты. Талаптарын президентке жана парламентке жолдошту. 2021-жылдын 24-25-мартында Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук... Читать дальше...

Викрам Рузиев аны кыйнаган полиция кызматкерлерин тааныганын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстандык музыкант, Казакстандагы Январь окуяларында сабалган Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыда көрсөтмө берди. Ал Инстаграмдагы баракчасына соңку эки күнү эртеден-кечке Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазды. "Алматы облусундагы полиция департаментинин кыйноого шектүү кызматкерлерин аныктоо болду. Сүрөттөгү 348 адамдын ичинен 10дон ашыгын тааныдым. Читать дальше...

Депутат Сатыбалдиевге таандык үйдүн дарбазасы сүрдүрүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте Шүкүров көчөсүндө "кызыл тилкеден" ашырылып курулган бир нече дубал-дарбаза, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык деген үйдүн дарбазасы бүгүн 29-сентябрда атайын курулуш техникасы менен сүрдүрүлдү. “Азаттыктын” кабарчысы жеринен билдиргендей, депутаттын дарбазасы шаарга таандык муниципалдык жерге 2,5 метрге чейин ашырылып курулганы аныкталган. Дарбазаны буздуруп жаткан жумушчулардын башында шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев болду. “Биз бирөөгө жамандык... Читать дальше...

Баткен: Жаңылана турган имараттардын 22синин чыгымы эсептелди

Azattyk.org 

Баткенде чек арадагы соңку каргашада талкаланган социалдык-маданий мекемелердин 17сине капиталдык ремонт талап кылынары эсептелип чыкты. Бул тууралуу 29-сентябрда Баткендеги окуяга байланыштуу ачылган медиа штаб кабарлады. Маалыматта айтылгандай, дагы беш социалдык объект кайра башынан курулушу керек болот. Оңдолуп, курула турган объектилердин долбоорлоо-каржылоо документтерин даярдоо үчүн бул күндөрү Баткенде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин адистери иштеп жатышат. Читать дальше...

Медер Алиев сөз эркиндиги, камактагы активисттер маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин төрагасы, депутат Медер Алиев иликтөөчү журналист Болот Темровдун акталганын кубаттады. Мындан улам ал өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына, камактагы журналисттер, блогерлерге маселесине токтолду. "Сөз эркиндиги болбогон коом тыңдап өнүгө албайт. Мен кечээ Болот Темировго чыгарылган сот чечимин абдан жылуу кабыл алдым. Сот чечими адилет, орундуу болду, Бийлик органдары... Читать дальше...

Акылбек Түмөнбаев өкмөт башчынын отставкасын талап кылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Ал кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууга байланыштуу президент Садыр Жапаровго эле кайрыла бербей, өкмөт дагы жооп бериши керектигин айтты. "Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт биз менен кармашып, бизге каршы сүйлөп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат. Бул жерде биз бир эле президентке кайрыла бербейли. Читать дальше...

Шал оорусунан жабыркаган кыздын зордукталышы боюнча сот жүрүүдө

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунун Түп районунда шал оорусу менен жабыркаган өспүрүм кыздын зордукталышына байланыштуу соттук териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 29-сентябрда “Азаттык” радиосуна сотко кыздын мыйзамдуу өкүлү катары катышып жаткан жергиликтүү укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. Анын айтымында, алгачкы отурум өткөн аптада өттү. Азыр райондук сот айыпталуучу тараптын ДНК боюнча облустук сотко жөнөткөн арызына жооп күтүп жатат: “Зордуктоого шектүү кишини үч адвокат коргоп жатат. Алар ДНК экспертизага... Читать дальше...



Сурабалдиева атасы зордуктаган кыздардын ишин тергөөнү сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева Чүйдө атасынан сексуалдык ыдык көргөн жашы жете элек кыздардын ишинин тергелишин сынга алды. Ал кыздардын апасы 2017-жылдан бери арызданып жүргөнүн, мындан улам депутатка, президентке да кайрылганын айтты. "Ошол кыздардын апасы 2017-жылдан бери акыйкат издеп жатат. Мага жана президентке жолдогон катында кыздары атасынан сексуалдук ыдык көргөнү ачык эле жазылып турат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев жакында  Жайыл районуна барганда ал айым ага кайрылыптыр. Читать дальше...

"Элди алаксытуубу же...". Министрдин камалышы суроо жаратты

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев пара алуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 28-сентябрда маалым болду.  Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүүсүндө, учурда чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара алуу фактысы иликтенүүдө. ИИМ иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча бардык толук маалыматтар кийин берилери белгиленген. Билим берүү жана илим министри кармалган... Читать дальше...

ЖКда министр Бейшеналиев кармалганынан улам маселе көтөрүлдү

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кармалышына байланыштуу маселе көтөрүлдү. "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев министрдин пара менен кармалды делген видеосу музыка менен шөкөттөлүп, коомчулукка таратылганын сынга алды жана буга байланыштуу өкмөткө кайрылды. "Кыргыз коомчулугунда чоң, резонанстуу иш болду. Мен Министрлер кабинетине кайрылайын деп жатам. Эгер кайсы бир министр пара талап кылып, акча алган болсо ал жазасын алышы керек. Читать дальше...

Көчмөндөр оюндары: көкбөрүчүлөр аргымактарын алып бара албай калды

Azattyk.org 

Түркияда өтчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандан 200гө жакын адам жөнөп кетти. Көкбөрүчүлөрдүн аргымактары жок эле өздөрү баратканы коомчулукта кызуу талкууланып, бул боюнча Жогорку Кеңеште да сөз болду. Оюндар Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт. Салтанаттын ачылышы Кыргызстандын убактысы боюнча саат 19:00дө башталат. Оюндарга жалпысынан 102 мамлекеттен 3000дин тегерегиндеги спортчулар жана өкүлдөр катышат. Ачылыш жана жабылыш салтанатындагы... Читать дальше...

Москва: кыргыз элчилиги полициянын мигранттарга опузасын териштирүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарында жолдо полициянын мигранттарга жасаган мамилесине байланыштуу окуяны териштирип жатат. Элчилик тараткан маалыматта "Москванын райондорунун биринде жол-кайгуул кызматынын өкүлү чет өлкөлүк жаранга адепсиз сөздөрдү айтып, анын аскер комиссариатына барышын талап кылган окуянын чоо-жайы такталып, ага кабылган мигрантардын тек-жайын аныктоо жүрүп жатат. Кыргыз жарандарынын бул окуяга кабылганы ырасталса элчилик алардын укугун жана кызыкчылыгын коргоого байланыштуу тиешелүү чараларды көрөт"... Читать дальше...

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Темировдун акталышын кубаттады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчилиги иликтөөчү журналист Болот Темировго байланыштуу соттук териштирүү аяктаганын кубаттады. Элчилик Твиттердеги баракчасына "Журналисттер эч каяан өз ишин аткарганы уч ун жазалбашы керек. Демократия үчүн эркин басма сөз абдан маанилүү. Теировго окшогон эркин журналисттерди коргоп, өч алуудан коркпостон иштөөгө мүмкүнчүлүк бериши керек",-деген билдирүү жазды.  28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актады. Читать дальше...

Чек ара: ЖК куралдуу кол салууга байланыштуу кайрылуу кабыл алат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 29-сентябрдагы жалпы жыйынында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууга байланыштуу кайрылуу кабыл алат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Шаршембидеги сессияда Баткенге барып келген депутаттардын маалыматы жабык каралган. Бул жыйында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин айыптады. Ал буга байланыштуу төрагага кайрылып, анын... Читать дальше...

Султанбаев: президент министр Бейшеналиев кармалганынан кабардар

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалган жагдай тууралуу кабардар. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анда бул ишти ар тараптуу иликтөө камсыз кылынарын белгиледи. Ички иштер министрлиги (ИИМ) 28-сентябрда кечинде Бейшеналиев пара алуу фактысына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген. Анда "чет өлкөлүк студенттерди атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда өзгөчө ири... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *