Темир Сариев: "Азаттыкка" сындан корккондор асылып жатат
"Ак шумкар" саясий партиясынын лидери, мурдагы премьер-министр Темир Сариев "Азаттык" радиосунун, Клооп, "Кактус Медиа" жана башка айрым маалымат каражаттарын жабууну талап кылган демилге боюнча пикирин билдирди. Сариев эркин медиаларды жабуу - сындан корккондордун гана максаты экенин билдирди. "Сын-пикирден эч качан коркпош керек жана сынды эч качан тыйбаш керек. Бийликке келген адам өзү "ачуусун көтөрөм, жаманын көтөрөм, жакшысын тең бөлүшөм" деп айтат. "Азаттык" такталган маалыматты гана чыгарат жана эки тарапты тең камтыйт. Читать дальше...